Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БИШКЕКТЕГИ АЙРЫМ ЧАЙКАНАЛАР ЭШЕКТИН ЭТИНЕН ТАМАК, САМСА ЖАСАШАБЫ?

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж


Бул жуманын башкы жаӊылыгы эшектер болду. Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшектердин союлуп жаткандыгы тууралуу маалымат жумурай журтту дүрбөлөӊгө салды.

«БИШКЕКТЕ ЭШЕК СОЙГОН 2-3 ЖАЙ БАР ДЕШҮҮДӨ»
Мындай кабар алгач "Ачык саясат +" гезитине жарыяланган. Окуя тууралуу кенен маалымат үчүн күбө, журналист Алтынбек Давлетовго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин гезиттин электрондук дарегине бир окурман «Ак-Жол айылындагы мурунку чочко баккан базада күндүз эшектерди союшат экен» деген маалымат жазып жөнөтүптүр. Ага байланышуу үчүн телефон чалсак албай койду. Анан өзүбүз барып көрүүнү чечтик. 17-февраль күнү айтылган дарек боюнча издеп бардык. Сарайлардын биринин каалгасынан шыкааласак, ичинде бирөөлөр мал союп жатышкан экен. Эшикти каккыласак алардын бири чуркап келип эшикти ачты да, бизди көрө сала артка кайрылып эле качып жөнөдү. Анын артынан башкалары да кошо чуркап, сарайдын аркы тарабындагы эшиктен сыртка чыгып кетишти. Карасак 50гө чукул эшекти союп илип коюшуптур, ары жакта баштары, шыйрактары үйүлүп жатат. Бир эшекти болсо жаӊыдан союп башташыптыр. Ичеги-карындарын да сатышат окшойт, алар желим идиштерде салынуу экен. Эми сасыгына киши чыдагыс.
Биз сүрөткө тартып жатканда «сарайдын кожоюнунун тууганымын» деп бирөө келди. «Мен мамлекеттик чоӊ кызматта иштейм, бул жеке менчик жай. Эмнеге тартып жатасыӊар, силердин укугуӊар жок!» деп коркутуп-үркүтүп, колубуздагы камераны талашканынан милиция кызматкерлерин чакырдык. Алардын карааны эле болбосо кайдигер карап, эч кандай иш-чараларды, текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн жок. Укук коргоо кызматкерлери бир жума мурун ал жерден эшек союп жаткандарды кармашкандарын айтышты. Бирок иликтөө аяктаганча ал жер жабылып, эшек союу токтоп туруш керек эле да, андай болбоптур. Угушубузга караганда, Бишкек шаарында буга окшогон эшек сойгон 2-3 жай бар экен. Материал даярдалып жатканда редакцияга белгисиз адамдар чалып, гезит бетине чыгарбоо үчүн акча да сунушташты.

«САМСА ЖЕГИМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»
Бул маалыматтарды алган соӊ биз дагы деле эшек союлуп жатабы, жокпу билүү үчүн айтылган сарайга барганыбызда эшиги бек экен. Сарайдын жанында жашаган атын атагысы келбеген айым төмөнкүлөрдү айтып, агынан жарылды:
– Жакындан бери түнкүсүн эшектерди чоӊ унаага жүктөп өтүп калганын көрүп калчубуз. Коӊшуларымдын айтымында, бул жерде күнүгө 100гө жакын эшек союлат. Алардын эттери Бишкектеги чайканаларга, самсыканаларга кетет экен деп жатышат. Арамды адал кылган туура эмес да! Муну уккандан бери самса да жегим келбей калды.

«ЭШЕК СОЙБОЙБУЗ ДЕП УБАДА КЫЛЫШКАН...»
Маалыматка ылайык, бул жер тууралуу Сокулук РИИБинин кызматкерлери 9-февралда эле кабардар болушкан. Андай болсо 17-февралга чейин, журналисттер баргыча эшек союу эмне үчүн токтотулган эмес? Бул тууралуу Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирланбек Насировго байланышып, төмөнкү маалыматтарды алдык:
– Ал эшек союлган жайды жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ачыкташкан соӊ биз ал ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнө өткөрүп бергенбиз. Ишти азыр алар териштирип жатышат. Мындан тышкары Санэпидкөзөмөл борбору, Ветеринария инспекциясы жана жергиликтүү бийлик кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн. Ишкананын жетекчилери тергөө башталганда бизге чет өлкөлүк компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди алып келишкен. Келишимдерде эшектердин терилерин Түркияга, эттерин Кытайга жөнөтүшөрү жазылган. Ал жакта 380ге жакын эшектин эттерин атайын муздаткычтарга сактап коюшуптур. Бизге алар "тергөө иштери аяктаганча эшек союуну токтото турабыз" деп убада кылышкан болчу. Эгер журналисттер барганда союп жатышса, анда ал мыйзамсыз.

«ЭШЕКТЕРДИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ СОЁБУЗ»
25-февраль күнү эшектин этин иштеткен цехтин ээси Алмаз Такырбашев маалымат жыйын өткөрүп, ал эттерди Кытайга жөнөтөрүн билдирди:
«Эшектин эти коомдук тамактануучу жайларга жеткирилет» деген маалымат жалган. Мен эч бир коомдук тамактануучу жай менен мындай келишим түзүп, эт жеткирген эмесмин. Биздин фирма 2006-жылы негизделген, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү менен алектенет. Өткөн жылдын 17-декабрында Түркиянын эт экспорттоо менен иш алып барган фирмасынын жетекчиси, ишкер Сердар Латыфсес менен эшектин этин экспорттоо боюнча келишим түзгөм. Биздин фирма түрк тарапка 2500 эшек этин даярдап бермекпиз, ал болсо Гонконг шаарындагы зоопаркка жеткирмек. Алгачкы партиясын жакында жөнөтмөкпүз. Бирок минтип иш үзгүлтүккө учурады. Менин менчик фирмама уруксатсыз кирип келишкен журналисттерди сотко берем.
Келишимге кол койгонго чейин бардык тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алганбыз. Ошол эле дин өкүлдөрү, муфтият менен да кеӊешкенбиз. Алар «эт мусулман эмес өлкөлөргө сатылса уруксат» дешкен. Укук коргоо органдары менен да сүйлөшкөнбүз. Атайын иш уюштуруп, жумушчу орундарды түзүп, айыл өкмөттөрдүн, ветеринардын маалымдамасы менен эшектерди сатып ала баштагам. Ар бир эшекти орточо эсеп менен 2000 сомдон алам. Бир эшектен орточо алганда 59-60 килограмм эт чыгат. Ич эттери 9 килограммга жакын болот. Анын бардыгын санитардык нормаларга ылайык таӊгактап, муздаткычтарга сактап койгонбуз. Бардык эшектерге «уурдалган эмес» деген маалымдама алгам. Үстүбүздөгү жылдын 20-январынан бери 605 эшекти сойгонбуз. Ишканада эшек сойгон 12 жумушчу иштейт. Ичеги-карындарын 4 адам жууп-тазалайт. Андан сырткары 12 адам эшектерди түштүктөн жана Чүй облусунан алып келүү менен алектенет.
2 жүк ташуучу бар. Мындан башка да жумушчулар иштейт.

КЫЗЫКТУУ БИЗНЕС, ӨКҮНГӨН ТҮРК ИШКЕРИ...
Ишкердин жактоочусу Жаныбек Долбаевдин айтымында, 2500 эшек этин экспорттогондугу үчүн түрк тарап кыргыз тарапка 1 миллион 800 миӊ доллар төлөп бермек:
– Негизи эле бул абдан кызыктуу бизнес болчу. Аны Кыргызстанда өркүндөтсө да болот. Буга мыйзам боюнча тыюу салынган эмес. Учурда бул иштин артында рейдерлик кылгысы келип, ишкерге бут тоскусу келген күчтөр бар деп болжоп жатабыз.
Түрк ишкери Сердар Латыфсес болсо иштин үзгүлтүккө учураганына капа:
– Менин фирмам Кытайга жана Мексикага эт экспорттойт. Кыргызстанда эч кимди тааныбайм, бир дагы кафени билбейм. Менин фирмам эки жылга жакын убакыттан бери иш алып барууда. Такырбашев менен Гонконгдогу зоопаркка эт жеткирүү тууралуу келишим түзгөм. Эми эмне кылышты билбей турам.

«МАТЕРИАЛ БИЗГЕ ЖАӉЫ ТҮШТҮ»
Ал эми бул окуя тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Чүй жана Талас облусу боюнча жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиевге байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча кылмыш иши козголо элек. Материалдар бизге бүгүн (ред. 25-февраль) гана түштү. Толук маалыматты иш менен кенен таанышып чыккан соӊ гана беребиз.

ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТТАГЫЛАР ТҮШТӨН КИЙИН ОЙГОНУШУП...
Жогорудагы жоопту угуп биз кимисине ишенерибизди билбей калдык. Милициянын билдирүүсүнө караганда, бул факт эчак эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген, алар болсо эми келип түштү деп жатышыптыр. Фирманын иши тергөө бүткүчө токтотулса, эмнеликтен журналисттер барганда дале эшектер союлуп жаткан, же ишкер тиешелүү адамдардын оозун майлап-сүттөп койду беле? Бул жерде бир мандем бардай...
Ошондуктан укук коргоочулардан бул окуяны аягына чейин иликтөөнү талап кылабыз.
Ошондой эле Санэпидкөзөмөл борборунун жана Ветеринария инспекциясынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, алар бул фактыдан соӊ Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы эт сатуучу жайларды текшерүүгө алышмакчы болду. Кеч болсо да алардын «ойгонгонуна» ыраазы боло туралы.

"КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ ЭТ ЭКСПОРТТОЛБОЙТ"
Мамлекеттик Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы маалымат таркатып, "эшектин эти чет өлкөлөргө чыгып жүргөн" деген маалыматты четке какты. Алардын маалыматына караганда, эшектин этин Гонгконгго экспорттоо тууралуу келишим бар дегени чындыкка коошпойт. Аталган кызмат ал фирмага эч кандай уруксат кагаздарын берген эмес. Ошондой эле айрым эксперттер «биздин өлкөнүн ветеринардык күбөлүктөрүн чет өлкөдө тааныбагандыктан керек болсо Казакстанга да эт экспорттоого мүмкүн эмес» деп билдиришти.
Гонгконгдогу зоопарктын ээлери 1 эшек эти үчүн 720 доллар (44 миӊ сом) төлөп берери да таӊ калтырбай койбойт, же ал жакта эшек эти ошончолук кымбат турабы?

БЫЛТЫР ДА КАТТАЛГАН
Эсиӊиздерде болсо, гезитибиздин бетине 2014-жылдын 15-май күнү Ош облусуна караштуу Алай районундагы Ак-Жай айылындагы унаа жолдун жээгине союлуп, териси сыйрылган бир нече эшектин тушун белгисиз бирөөлөр таштап кеткендиги жазылган эле. Бул окуядан кийин аталган айыл тургундары арасында «Кытайда эшектин териси сатылат тура, бир даанасы 1300 доллар экен» деген каӊшаар кептер тараган. Бирок ал эшектерди кимдер, эмне максатта өлтүрүшкөнү белгисиз бойдон кала берген...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Эшектин эти жакшы бизнес, аны тартып алууга аракет кылышууда"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(152)
04.03.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар журналистер милиция кызматкерлери козгобогон конул бурбаган ото чон маселени алып чыккансыздар.Эми эшек союп тараткандарды жазалооону сурап сотттотунуздар
04.03.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды мурда Чынгыз деп тааныса эми эшек деп тааып калабы?
05.03.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, ошондой го бир болсо,жаль....
Медиа-портал
04.03.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз баардык жан жаныбардын этин жеб эми эшек калдыбы кыргыздар ага барбайлы башка олкодогулор шылдындап эле жатып калышат го дейм токтонуздар ушунчага барганыбыз жетет туура ишти кылбай туура эмес ишти кылып жатасыздар качан элим онолот экен качан Мухаммед пайгамбарыбыздын жолун жолдойт экенбиз ошондо мамлекеттибизде туруктуулук болот деб ойлойм!
04.03.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек мн бизнес болчу беле тапкан акчанда озуно синбейтго дейм кудайым пешенебизде карап туратго анда дагы бироосу ит мн бизнес кылгыла же дагын мышык мн тооба кылдым кудайым озунорду кор кылса екен ошол нерсени баштаган акмактар десе
04.03.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара эшектер
05.03.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ушул да болдубу эми, ушуле калдыле озу.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-05 11:04:08
05.03.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
femidakg, этика нормаларын сактаңыз!
Медиа-портал
05.03.2015. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арам тамактар эшек мененда бизнес кылабы шерменде!
05.03.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамак жей албай калдымго!
05.03.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эшекке окшоп кыйкырып калбасак эле болду иииии-ааа-а-а-а-а-а-аа-а-ииии-и-и-и-ии аа-а-а-а-а-а "Озун сактай кор" эми борборго барсам эттуу тамак жебееейм
18.03.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumash,:):):):):):):):):)
SUPER.KG видео
05.03.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шерменде
05.03.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахыры ешектерда жоголот екенда
05.03.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журнальистьти молодец дейм бирок бөлөкчөөрок жазса болмок.Мисалы мындай эле,Эшек этин сойуп кытайга экспортоого дайындап жаткандыгы дайын болду,Бишкектин кофелерине таркатылбаганы тууралу тиешелүү органдар тарабынан текшерилип жатат.жана бул бизнестин башында кайсыл депутат турат деп калганын талкалай бериш керек болучу
Медиа-портал
05.03.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырына чыкылачы жумуртка менен балык жеп калдык.
05.03.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurnalisterge alkysh maktoo aitabyz
05.03.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми канттик!тээ мурунтан бери эле келсе керек бул шумдук!мен Нарындан болом!кичинемден бери этти жакшы кором!балдарым да жакшы корушот!эт базардан эт алганга кооптонуп калдык!мамлекет бир чара колдонбосо болбочудай!
05.03.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул иштин артынан баары пайда табышты бизнесмен эшек союп акча тапса милиция бизнесмендин артынан акча жейт журналистер канча кобуртурсо аларгада ошончо пайда келтирет акча десе абиирин сатуу моодага айланды биз акчаны иштетпей эле акча бизди иштетип калды окшойт
07.03.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozubai, туура созду айтынар
06.03.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мында боло берсе кытай чолдо калатко.
SUPER.KG видео
06.03.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын адал акчанын оордуна арам тамак беришкендерин кара бул уятсыздардын
Медиа-портал
06.03.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казактар оо кыргыз баурлар эсектин этинен шужык жеп жыргап жатыр деп жатса керек ээ..
07.03.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазасын алсын баардыгы, кудайдан коркпогон акмактар!
07.03.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bah_tee, провокацияга жол жок! Эскертүү!
07.03.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка мамлекет кантип ойлойт эми кыргыздарды уят эле болду да
07.03.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициялардын унчукпаганына каным кайнап жатат цехтин эгеси оооздорун акча менен болушунча жаап салган ошон учун дагы деле кылмыш иши козголбой жатат болгондо да менттердин чонунун оозун жапканго кайактагы бир туркту суйлошо койгонда чокчойуп суйлоп созун колдоп отурганы.Аллахым ушул дуйнодо эле азабынарды берсе экен ушунча элди алдап озуно окшогон адал менен арамдын айырмасына барбаган жанында колдоп колунда эшек сойуп иштеген айбандардында. Башка адал иш куруп кеттивиле силерге акмактар
SUPER.KG видео
08.03.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз такырбашов актанба адамдарын билет сойуп сатканыны ошон учун качышат ак болсо айтмакта сразь еле зоопарка жонотулот деп журналистерди коркутпай жон гетип калгыла деп ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 09.03.2015 12:34
SUPER.KG видео
08.03.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ешектин етин жегендер айнып жатышат оз баласын бычактап оз кызын зордуктап Алмаз ХХХ ХХХ ХХХ кыргыздарды кууратпа ешектин жеген адам жинди болуп калат емне кылганын билбей суранам мындай бизнес менен байыгыча таза жумуш мн деле бизнес кылса болот башын болсо. Жогот ошол бизнесини ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 09.03.2015 12:26
08.03.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялбай жакшы бизнес деп койгонун кара буларга жазасын берип оздоруно ошол эшектин эттерин жедириш керек чийкилей.
SUPER.KG видео
08.03.2015. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылкыны, уйларды коруп ыйладым
09.03.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ.В натуре ХХХ ХХХ экенсин.Биз Кыргызстанда болгондо ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-09 12:42:32
09.03.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shopok88, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
SUPER.KG видео
28.03.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо, сураныч ушул эшектин этин тараткандар эмне болушту,кандай чара көрүлдү же акчанын күчү менен бул ишти жаап салыштыбы,кабар берип коюуңуздарчы сураныч?
Медиа-портал
23.07.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо силер эркексинер дайыма чындык силер менен болсун ишинерге ийгилик эл колдойт силерди.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: