Жаныбек Алыкуловдун көзү тирүү болгондо 3-март күнү өмүрүнүн дагы бир жазынын суусун ичип, 55 жашка толмок. Аны санаалаштары, шакирттери унутта калтырбай, туулган күнүндө куудулдардын республикалык сынагын өткөрүштү. Эл көӊүлүн күлкү менен көтөрүп жарпын жазган катышуучуларды калыстар төмөнкүдөй баалашты:
4-орунга ээ болгон Максат Тасмаев 20 миӊ сом, 3-орунду камсыздашкан айымдар Назира Жетигенова менен Жайнагүл Атахановалар 30 миӊ сом, 2-орунду багынткан Жакут Сыдыков 50 миӊге ээ болушса, ал эми 1-орунду Кубан Алимов ээлеп, 75 миӊ сомду канжыгасына бөктөрүп кетти. Куудул, пародист Алтынбек Ажыалиев болсо баш байгени жеӊип алды.
"Жаныбек Алыкулов көзү тирүүсүндө «шакиртим» деп көп нерсени үйрөттү эле, устатымдын жаркын элесине арналган сынакта баш байгени жеӊип алганыма кубанычтамын. Мен бул сынакка анын шакирти, пародист катары катыштым. Жаныбек Алыкулов өмүрүнүн акыркы жылдары мага «пародияны мындан да жакшы ойно, элге жаӊы пародияларды тартуула» деп кеп-кеӊешин берип жүргөн эле. Устатымдын «Телефон» деген пародиясын жаӊылап иштеп элге тартууладым. «Сармерден» аттуу сатирамда депутаттарды туурап берсем эл жакшы кабыл алды",- дейт Алтынбек мырза.
star@super.kg
еек чыкса жакшы болмок .жылдыздар маллазияда деген такыр еле чыкпай койдугоо .
Жылдыздардын Малайзиядагы эс алуусу тууралуу видеоматериал чыккан:
http://www.super.kg/media/stv/137305/