Жаздын эӊ алгачкы күнү жарыкка келген ырчы Аваз Акимов быйыл 25 жашка толду. Мындай мааракелүү күндү ал дос-курдаштарынын коштоосунда белгиледи. Туулган күн кечесине ырчыны куттуктап сахналаш достору Нурмат Садыров, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Нурлан Насиптер келишти. Коноктор үчүн атайын кызыктуу оюндар уюштурулуп, достору буга чейинки сүйлөшкөн кыздарын атап киргенде ырчынын эки бети албырып эле отуруп калбаспы.
«Убакыт өтүп жыл сайын жашыма жаш кошулганы менен, ар бир курактын керемети бар экен. Жашоонун кызыгы улана берет турбайбы»,- деген кеченин күнөөкөрү Аваздын маанайы жаздай экени көрүнүп турду. Биз дагы ырчынын жакындарынын катарында аны туулган күнү менен куттуктап кайттык.
Аваз бул селкини көпчүлүккө "күйөрманым" деп тааныштырды. Бирок эки жаштын мамилеси ырчы-күйөрман чегинен ашып, сүйүүгө жакындап калган шекилдүү.
star@super.kg