БИР БҮРКҮМ
№645 13-март-19-март, 2015-ж
-

10-март күнү
КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ «Биз» тобунун «Поезддеги махабат» аттуу ырына тарткан жаӊы клибинин бет ачарын өткөрдү.
-
ИЛЬЯЗ АНДАШ «Ата-энеме» деген чыгармасына клип тарттыруу менен алек. Аталган клип ырчынын туулуп-өскөн жери Ысык-Көлдө жана Бишкек шаарында тартылууда.
-
11-март күнү Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти САМАРА ТОКТАКУНОВАНЫН көргөзмө-музейи ачылды.
-
ДАНИЯР ЭРМАТОВ менен НУРМАТ САДЫРОВ «Кыргызстаным» аттуу дуэт жаздырып, клип тарттырууну да пландашууда.
-
10-мартта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, ак таӊдай төкмө акын Ашыралы Айталиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган Ибраимов көчөсүнүн 108-үйүнө орнотулду.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0