БИР БҮРКҮМ
№646 20-март-26-март, 2015-ж
-

Ырчы
АЗАМАТ САРЫБАЕВ Нооруз майрамына карата «Түрксой» уюму тарабынан Париж шаарында уюштурулуп жаткан фестивалга катышат.
-
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ Ноокат районунда өтчү концерти кандайдыр бир себептерден улам болбой калгандыгы үчүн күйөрмандарынан кечирим сурайт.
-
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-жигиттерден түзүлгөн «ТУМАР» бий тобу Казакстанда өткөрүлгөн бий сынагына катышып келишти.
-
Жакында эле 66-жашын жакындарынын курчоосунда тоскон ЗЕЙНЕП ШААКЕЕВА учурда сыркоолоп ооруканада жатат. Ырчы эжекебиздин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайбыз.
-
ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВА Нооруз майрамына карата жеке концертин берет.
-
ЖУМАГҮЛ РАИМЖАН КЫЗЫ «Жашоо кызык», «Түгөйүм» деген жаӊы ырларды жаздырып, клип тартууга камынууда.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0