БИР БҮРКҮМ
№647 27-март-2-апрель, 2015-ж
-

Нооруз майрамына карата ырчы
АЛМАЗ ШААДАЕВ кичи мекени Нарын шаарында концерт берди.
-
Ырчы САМАРА КАРИМОВА «Аялдар конгресси» тарабынан «Мыкты айым» төш белгиси менен сыйланды.
-

Жаш ырчы
АЙЫМА АЙЫЛЧИЕВА Алматы шаарында Казакстандын «Ордо» тобунун жеке концертине катышты.
-
Былтыр турмуш жолуна аттанган ырчы АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫ менен АЙПЕРИ КАЛЫКОВА тун наристелерин күтүп жаткан кездери.
-
Этно-ырчы ГҮЛЗАДА РЫСКУЛОВА менен «АЙКӨЛ» ТОБУ кытайлык кыргыздарга концерт коюп келишти.
-
Актриса АЙЖАН АКЫЛБЕКОВА апрель айынын башында «Аруулук» аталышындагы кыз-келиндердин кийимдеринин көргөзмөсүн өткөрөт.
-

Кыл кыякчы
ЗАЛИНА КАСЫМОВА Рыспай Абдыкадыровдун «Айтсаӊ боло» деген чыгармасына клип тартып бүттү.
-
Ырчы KG ЭЛЬМУРАТ 20-мартта Казакстандын Шымкент шаарындагы мекендештерге жеке концертин тартуулады.
-
Ырчы АЛТЫНБЕК КАЛЕНОВ апрель айынын башында алгачкы жеке концертин берем деп чуркап жүргөн кези.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Эми башындагысы эмне, малакайбы, айтпаска аргам жок, татынакай үкү топу кийгенин көрбөй койдум! Улуттук кийим деп эле бир нерселерди ойлоп таба беришет, аша чаап. Менимче, улуттук кийимдерге, деги эле улуттук баалуулуктарга этият мамиле керек, өзүм билемдик менен эмес, анткени ал улуттуку!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Сиздин сунушту тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Сунушуңузга рахмат!