БИР БҮРКҮМ
№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
Ырчы СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ күздө болуучу жеке концертине даярдыкты баштады.
- РОЗА ШАКИРОВА «Жаштык менен сырдашуу» аттуу ырына клип тарттырууда.
- Комуз, гитарада кол ойното билген АЙПЕРИ КУЛБАЕВА эми аккордеонду үйрөнүүдө.
- Ырчы НАЗИРА ТОКОНОВА апрель айында борбор калаада «Сага» аттуу алгачкы жеке концертин берет.
- МИРБЕК ИМАНБЕКОВ жубайына сулуулук салонун ачып берди.
- АЙЖАН АКЫЛБЕКОВА Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан «Жылдын мыкты айымы» төш белгиси менен сыйланды.
- Мураталы Күрөӊкеев атындагы окуу жайда мугалим болуп иштеген ЖАМИЛЯ МУРАТОВА, КАНЫКЕЙ ЭРАЛИЕВА жана СУЛТАН КАРИМОВДОР аталган окуу жайдын 75 жылдыгына карата окуучулары менен Кыргызстанды кыдырып концерт тартуулайт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0