БИР БҮРКҮМ
№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
-

Быйылкы жылдын жаз мезгилиндеги
АСКЕРДИК КЫЗМАТ ӨТӨӨГӨ 3 миӊдей жигиттин чакырылуусу пландалууда.
-
6-апрель күнү президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ «7-апрель шейиттери» деп аталган мечиттин курулушу үчүн Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы менчик жер тилкесин берди.
-
«Өлкө боюнча, айрыкча Бишкек шаарында жана Чүй облусунда врачтардын пациенттерге керексиз дары-дармектерди көп көлөмдө дайындап жазып беришкендерине күбө болуп жүрөм. Бул жагдай тынчсыздандырууда»,- дейт саламаттыкты сактоо министри ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВ.
-

КТРКнын мурдагы башкы директору
КУБАТ ОТОРБАЕВ Нарын шаарындагы «Шанкай» менчик телерадиокомпаниясын жетектей баштады.
-
Бишкек шаарында 9-апрель күнү 4 ЭМ ЭРКЕК төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 4 эмдердин төрөлүшү ушуну менен Кыргызстанда экинчи жолу катталып отурат.
-
Жогорку Кеӊеш менчик бала бакчаларды киреше салыгынан жана кошумча нарк салыгынан бошотту. Өлкөдө 699 БАЛА БАКЧА бар, анын 499у мамлекеттик болсо, калган 200ү менчик. Мамлекет дагы 2,5 миӊдей бала бакчага муктаж.
-
7-апрель күнү Бишкектеги кафелердин биринде кытай жаранына КУРАЛДУУ КОЛ САЛУУ болду. Белгисиз адамдар анын акча салынган баштыгын уурдап чыгып кетишкен. Карактоого кабылган кытай жаранынын айтымында, баштыкта 3 миӊ доллар болгон.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
"Шанкай" деген эмнени түшүндүрөт экен, же башка тилден алынганбы, "шаңкай" эмеспи, ушундай сөз бар да...
Маалыматты тактадык. Телеканалдын аталышы "Шанкай"экен.