Архив
Популярдуу макалалар

Клара Алибекова, ырчы: «БАЙЫШКА ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМА ӨКҮНӨМ. АЛ АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШПАЙ ЖАШАЙ БЕРСЕ, МЕН ДА БАШКА МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛМОК БЕЛЕМ...»

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж


Бир кезде жаштардын кумири болуп, далай жигиттерди суктандырган Клара Алибекованын сахнадан көрүнбөй калганына көп болду. Көптөн бери чер жазыша эч ким менен сырдаша элек окшойт. Ырчы минтип төгүлүп турду.

«ТУРМУШТУН БОРООНУНА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАДЫМ»
– Сахнага эрте келип, кичине кезимде эле атым элге тарагандыктан, жаштыгымда көп ийгиликтерди жаратышым керек эле. Элдин да, ата-энемдин да менден үмүтү чоӊ болчу. Тилекке каршы, турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым, өзүмдү жоготтум. Апам «кичине кезиӊден эле эл көзүндө жүрдүӊ, ошол кезде ырдатпай турсак болмок экен» деп көп айтат. Балким, жан дүйнөсү, аурасы таза жеткинчекке суктана караган көздөрдү көтөрө албагандырмын. Кыскасы, үй-бүлөм бузулгандан кийин таптакыр башка адамга айландым.
Жашоодо өкүнгөнүм – Байышка турмушка чыкканым. Гүлшайыр эже (ред. Садыбакасова) менен иштешип жүргөнүмдө Байыш менен бир концерттен таанышып калып, ортодо сүйүү тутанып кеткен. Мен ал кезде 18 жашта болчумун. Ырчы жигитим мени бир күнү киного, бир күнү сейил бакка чакырат. «Клара экөөбүз теӊ чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, экөөбүз үйлөнсөк, той-концертибизге көп эл келет» деп кыялданчу.

«АКЧАЛАР КАЙДА ДЕГЕН СУРООМДОН БААРЫ БАШТАЛДЫ»
– Бир гезитке «Клара экөөбүз кыз-жигитпиз, жакында үйлөнөбүз» деп интервью берген экен. Аны Гүлшайыр эже окуп алып, «Сен турмушка чыкканы жатасыӊбы? Азыр жашсыӊ, жаштыгыӊда карьера түптөп ал» деп мени гастролго жиберип ийген. Менин атымдан «мен Байыш менен сүйлөшпөйм, ал менин жигитим эмес» деп гезитке интервью бердиртип салган. Аны окуган Байыш мага өчөшүп, Жалал-Абадда гастролдоп жүргөн жеринен азыркы аялы Динараны ала качып алган. Бир кыздуу болуп ажырашкандан кийин кайра жолугуп калып жатпайбызбы. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп ал интервьюну мен бербегендигимди айтсам, «Азыр деле кеч эмес, келинчегим менен ажырашкам. Ал менин чыгармачылыгымды түшүнбөйт, кызганат» деп мени баш кошууга көндүрдү. Ошентип тоскоолдуктарга карабай экөөбүз баш кошуп, борбордо Байыштын кыялындагыдай дүӊгүрөтө той-концертибизди бердик. Андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү батир алдык.
Бир жолу «иштеп жатабыз, таап жатабыз, акчалар кайда?» деп сурап койсом, Байыштын эки эжеси «акча менен ишиӊ болбосун, керек болсо биз Байышты биринчи аялы менен жараштырып коёбуз» деп кыйкырышты. Ошентип жакындары кийлигишип жатып, Байыш мени менен ажырашып тынды.

«БАТИРДИ БАЛАМА АЛЫП КАЛСАМ БОЛМОК ЭКЕН»
– Алгач Байыш кийимин түйүп эле чыгып кеткен, анан кайра келип «батирди сатып, теӊ экиге бөлөбүз» деп калды. Мен да жаштык кылып макул болуп коюптурмун. Ошондо «кайда барсаӊ анда бар, батир балаӊа калат» десем болмок экен. Анткени азыр балам менен улам батирден батирге көчүп, анысы аз келгенсип мектептен мектеп которо берип чарчадык. Байыш «баламды карап жатам, келип жатам, эмнеге карабайт дейсиӊ?» деп нааразы боло берет. Баласына таттууларды алып айда-жылда чочугансып бир келет, анан бир аз ойнотуп, колуна 1000 сом карматып кетип калат. Же алимент төлөбөсө, же каржылабаса. Баланын түйшүгүн бул жакта мен эле тартып жатпаймынбы.
Өткөндө силердин гезитке Байыш «жаштык кылып Кларага үйлөнүп жаӊылыптырмын, кайра биринчи аялым менен бактылуу жашап жатам» деп интервью бериптир. Ошондо турмушка чыга элек секелек кыз мен эмес, бир кыздын атасы болгон, бир турмуш көргөн Байыш жаштык кылып жаӊылган экен да. Ошол кезде эле мага тийишпей, азыркыдай бактылуу болуп жашай беришсе эмне?! Балким, мен да өз теӊимди таап, бактылуу болор белем. Ал эми Жаныш жакшы, «Байэлди алып келиӊиз, балдар менен ойносун, биздикине келип кетсин. Студияга келиӊиз, ыр жазып берем» деп турат. Эмнеси болсо да баламдын барына шүгүр кылам. Балам болбосо ким үчүн жашамакмын, билбейм. Биздин ажырашканыбызга 10 жыл болуп калды. Бул теманы козгогум деле келбейт, болгону жан дүйнөмдү аӊтарганымда баары төгүлөт экен.

«БАЛАМ КЫЗГАНЫП, ЭРКЕКТЕР МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮРБӨЙТ»
– Апам байкуш «жаштыгыӊ өтүп жатат, турмушка чыкпайсыӊбы» деп мен үчүн көбүрөөк санаа тартат. Бир туугандарымдын баары турмуштан өз ордун табышкан. Менден кийинки эки сиӊдим 3 балалуу болуп очор-бачар. Өзүм да урунуп-жулунбай, жоош болгондуктан көп нерседен куру калам. Анын үстүнө баламдын көзүн бирөөгө караткым келбейт. Колумду сурагандар да жок эмес, чыгынып турмушка чыкканга өзүм деле аракет кылган жокмун. Мен деле аялзаты катары бактылуу болуп, кайрадан наристе жытын жыттагым келет. Байэл да «качан төрөйсүӊ?» деп сурап калат. Бала да, ал менин абалымды кайдан түшүнмөк эле? Бирок эркек менен сүйлөшкөнүмдү көрсө кадимкидей кызганып, жинденип кетет.
Апам «турмушта кагылдыӊ, согулдуӊ, тыӊыраак болбойсуӊбу!» деп көп урушат. Элдин баарын өзүмдөй ойлоп, баарына бирдей мамиле кылам. Бала кыялмын. Гастроль деп жүрүп убагында окубай калыптырмын, жогорку билимим да жок. Кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кетирген каталарымды оӊдоп, эӊ алгач турмушта бактылуу болгонго аракет кылмакмын. Ырдап чыгайын десем, келип эле акча маселесине такалат. Ыр жаздырып, клип тарттырып иштеп көрөйүн деп жатам. Бир туугандарым «үй алып ал» деп бир аз чогултуп берген акча бар болчу, эми ошол акчаны чыгармачылыкка жумшайын деп жатам.

"Балам чоӊойсом көп акча таап, машинама таятамды, таенемди, сизди салып жүрөм деп кыялданат".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Клара Алибекова: "Сүйүүсүн арнаган жигиттерге маани бербептирмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(161)
27.04.2015. 14:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
31-05-2012
Соӊку аракети:
03-02-2020 11:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG ♥
0
Мындан аркы жашоонуздун гулдошуно тилектешмин. Бактылуу болунуз.
27.04.2015. 14:39 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
30-11-2016 03:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+2
ҮЙ сатып алыныз өз үйүм өлөң төшөгүм Мен да үй салыш үчүн чет жерде иштеп жүрөм Биринчи өзүңүздү ойлоңуз
27.04.2015. 15:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
25-07-2011
Соӊку аракети:
01-05-2017 18:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимди укпа бир озуно , бир Аллахыма ишенип жаша. Балана ыйман берсин мээримдуу аллахым
27.04.2015. 15:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
21-10-2013
Соӊку аракети:
20-06-2017 01:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой клипке ырга балее барбы лучще уй алып ал.Анан тиги жаман куйоонду айта бербей унут да эмт,белдиекем бууп турмушка аттан,тын болчу садагам.Мынчалык кайгырасын сага окшоп ажырашкандар толтура журушот тирилигин кылып.Гордая болуп ошол Байыштын козу куйо турган болуп жаша,Баары алдыда азыр да кеч эмес
28.04.2015. 18:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
03-03-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи косяк Байышта кеткен окшойт
27.04.2015. 16:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1535
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
08-07-2021 11:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+1
Эми ким алдамак эле турмушка чык озун деле алдатпайсын
27.04.2015. 16:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
02-11-2013
Соӊку аракети:
15-01-2018 03:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эки созунунун бири эле куло бергенго, жакпай калды...
27.04.2015. 17:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
15-11-2014
Соӊку аракети:
26-11-2017 13:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Неси болсо да бактылуу болунуз да.
27.04.2015. 18:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куло бергени эле чатак да
27.04.2015. 18:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
26-04-2012
Соӊку аракети:
15-10-2019 15:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Байышты унутунуз, баарыбыз эле билебиз да анын кандай адам экенин, тигил аялына бул аялына, баланыз байлыгыныз, Кудай деп жашай бериниз...
Медиа-портал
27.04.2015. 18:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
08-06-2014
Соӊку аракети:
22-06-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнанайыын суйлогонун угуп чочуп кеттим мынча эле жумшааак болуп турмушка сыныыыып калыптыр гоооо Клара гордая болунузчу коп ообу жок кулбонуз топ суйлонуз ошондо баркыныз которулот.вообще байышшшшшшш жонундо суйлобонузчу адамдар сураса байыш ким эле деп баарын ХХХХ суранам такыр озунузду кучтуу сырдуу аялга айланыныз сырынызды ким сураса эле айта беребениз талыкпай иштениз жакшы чыгармалар м.н иштеп атынызды кайрадан дуу эттириниз мыны ошондо сизге адамдар суйлоодон сурдонот
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 09:36:36
Медиа-портал
27.04.2015. 18:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
08-06-2014
Соӊку аракети:
22-06-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дагы жугуруп келип салам бербениз башынызды ийкеп жон эле саламдашсаныз серьезная болуп соонун болот
27.04.2015. 18:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
12-11-2010
Соӊку аракети:
26-10-2020 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
+2
Кулуп эле суйлогон созунун мааниси жок интервью бериптир, соз запасы жок, бираз суйлогон создорун даярдап алып анан интервью бербептир, бактылуу бол, баланды окут деп айтаар элем
27.04.2015. 19:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
18-01-2013
Соӊку аракети:
04-05-2016 16:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара, ырда! Кыргыз эстрадасын тезинен куткар )))
28.04.2015. 01:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
268
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
29-12-2021 00:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+2
Дагы деле жашсыз,сулуусуз ырданыз. Тем более коруно турган адам бар
Медиа-портал
28.04.2015. 02:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-08-2014
Соӊку аракети:
12-05-2015 13:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтолгон эмес ко дагы эле. Жону жок жалжактап. Озунун возрастына акылы не соответствует.
28.04.2015. 06:43 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2135
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Leili,chanel11, asya_555,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү баарыңарга!
Медиа-портал
28.04.2015. 06:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
27-04-2015
Соӊку аракети:
01-06-2017 19:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыздын бактысын корунуз чыгармачылыгынызга ийгилик.
28.04.2015. 07:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
30-01-2016 01:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Суперчилер Ырчы Чолпонайдан интерьвю алгылачы!!!
Медиа-портал
28.04.2015. 08:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-01-2014
Соӊку аракети:
20-04-2017 08:59
Жынысы:
Белгисиз
0
хи хи хи
Медиа-портал
28.04.2015. 08:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-01-2014
Соӊку аракети:
20-04-2017 08:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Байыш ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 17:57:14
Медиа-портал
28.04.2015. 11:57 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2135
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
advert,
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
28.04.2015. 09:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-01-2015
Соӊку аракети:
22-10-2015 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырдабай эле кой баланды жакшы кара турмушка чык ошол
28.04.2015. 10:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
27-04-2015
Соӊку аракети:
22-07-2018 10:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козду мончок жерде калбайт бир куну багын ачылат
28.04.2015. 11:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
31-03-2012
Соӊку аракети:
24-06-2018 01:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара, мен сага бакыт гана тилеймин, убагында сени кимдер гана пайдаланбады (чыгармачылыгынды), эсиндеби, Абдымалик менен иштешип жургонундо 2000-жылы, Ошто, мен сени Ниязалы атындагы музучилищеге алпарып кайра алып келет элем, "А-Технону" эстесен, сен ж-до тынбай окуп кабар алып турамын, Кок-Жангактан уйундон сени Ошко алып келгенде сенин келечегинди башкача элестеткем, бирок Абдымалик да, ага чейинкилер да, кийинкилер да сени пайдаланып кетишпедиби. Окуп калсан эстеерсин!!! Бактылуу бол!
28.04.2015. 11:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
09-08-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орто Азиядагы Байыркы шаар
+1
Жашоосу Байыш менен эле бутуп калбайт да. Экоону тен куноологондон алысмын. Бул деген тагдыр деген да. Бирок тагдыр экен деп эле моюн сунуп мункуроп отуруп калуу да туура эмес да. Башты бийик которуп тарсылдап тениниз чыкса турмушка чыгып дагы да мотурайган бобокторду тороп бактылуу жашоого озунуз умтулунуз. Байышыныщ эми торт баласын таштап келмек беле? Кудайга шугур Баэл чон жигит болуп калыптыр.
28.04.2015. 14:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
14-04-2015
Соӊку аракети:
09-03-2017 01:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырдайт ырлары жагат кичинекей кезимде укчумун.Эки уч видеонузду кордум, баарын толук эмес.Ото эле коп кулот экенсиз. Анан соз байлыгыныз аз окшойт, жакшы тушундуро албайт экенсиз оюнузду.
29.04.2015. 16:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
06-12-2014
Соӊку аракети:
12-01-2020 20:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
pepeshka-12,чындыгында кичинекей бойдон калган экен,убагында ырдап жүрүп,окууну таштап салган го,ошондуктан сөз байлыгы жок болсо керек.Ал эми тартынчаак адамдар күлө берет
28.04.2015. 14:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
12-04-2013
Соӊку аракети:
17-07-2017 20:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жакшынакай балан бар экен.Клара сага ийгилик каалайм.Байыш башынан эле жакпайт, жок дегенде баласына каралашып турбайбы.
28.04.2015. 15:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
29-07-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
ажырашканына 10жыл болсода озун колго ала албаган кандай адам бул озу
28.04.2015. 16:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
05-08-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шаар.312
+1
Ой Алибекова эже азыраак кулсонуз боло мага неудобно болуп кеттиго... Бактылуу болунуз. Баланыздын келечеги кен болсун, жаркын жашоодо бактылуу эркин омур сурсун. Ийгилик иштеринизге, турмушка чыга бериниз, эч кимге ишенбей журо берсениз жашоо ото берет...
Senuchunzhashaim түзөттү 2015-04-28 22:16:43
28.04.2015. 16:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
28-04-2015
Соӊку аракети:
09-02-2017 18:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эже Отконго окунбо, Кеткенге кейибе! демекчи аларды эстегенден пайда жок! Алдыга карай аракет кылыныз! Ар бир адам озуно озуно жооп берет.
08.05.2015. 10:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
19-04-2007
Соӊку аракети:
16-01-2018 19:30
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_egizder,негизи эле жанышы коп жага бербейт а байышы недир мага кобуроок жагат
28.04.2015. 16:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
28-04-2015
Соӊку аракети:
09-02-2017 18:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сизге жар болсун!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: