Архив
Популярдуу макалалар

Клара Алибекова, ырчы: «БАЙЫШКА ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМА ӨКҮНӨМ. АЛ АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШПАЙ ЖАШАЙ БЕРСЕ, МЕН ДА БАШКА МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛМОК БЕЛЕМ...»

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж


Бир кезде жаштардын кумири болуп, далай жигиттерди суктандырган Клара Алибекованын сахнадан көрүнбөй калганына көп болду. Көптөн бери чер жазыша эч ким менен сырдаша элек окшойт. Ырчы минтип төгүлүп турду.

«ТУРМУШТУН БОРООНУНА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАДЫМ»
– Сахнага эрте келип, кичине кезимде эле атым элге тарагандыктан, жаштыгымда көп ийгиликтерди жаратышым керек эле. Элдин да, ата-энемдин да менден үмүтү чоӊ болчу. Тилекке каршы, турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым, өзүмдү жоготтум. Апам «кичине кезиӊден эле эл көзүндө жүрдүӊ, ошол кезде ырдатпай турсак болмок экен» деп көп айтат. Балким, жан дүйнөсү, аурасы таза жеткинчекке суктана караган көздөрдү көтөрө албагандырмын. Кыскасы, үй-бүлөм бузулгандан кийин таптакыр башка адамга айландым.
Жашоодо өкүнгөнүм – Байышка турмушка чыкканым. Гүлшайыр эже (ред. Садыбакасова) менен иштешип жүргөнүмдө Байыш менен бир концерттен таанышып калып, ортодо сүйүү тутанып кеткен. Мен ал кезде 18 жашта болчумун. Ырчы жигитим мени бир күнү киного, бир күнү сейил бакка чакырат. «Клара экөөбүз теӊ чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, экөөбүз үйлөнсөк, той-концертибизге көп эл келет» деп кыялданчу.

«АКЧАЛАР КАЙДА ДЕГЕН СУРООМДОН БААРЫ БАШТАЛДЫ»
– Бир гезитке «Клара экөөбүз кыз-жигитпиз, жакында үйлөнөбүз» деп интервью берген экен. Аны Гүлшайыр эже окуп алып, «Сен турмушка чыкканы жатасыӊбы? Азыр жашсыӊ, жаштыгыӊда карьера түптөп ал» деп мени гастролго жиберип ийген. Менин атымдан «мен Байыш менен сүйлөшпөйм, ал менин жигитим эмес» деп гезитке интервью бердиртип салган. Аны окуган Байыш мага өчөшүп, Жалал-Абадда гастролдоп жүргөн жеринен азыркы аялы Динараны ала качып алган. Бир кыздуу болуп ажырашкандан кийин кайра жолугуп калып жатпайбызбы. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп ал интервьюну мен бербегендигимди айтсам, «Азыр деле кеч эмес, келинчегим менен ажырашкам. Ал менин чыгармачылыгымды түшүнбөйт, кызганат» деп мени баш кошууга көндүрдү. Ошентип тоскоолдуктарга карабай экөөбүз баш кошуп, борбордо Байыштын кыялындагыдай дүӊгүрөтө той-концертибизди бердик. Андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү батир алдык.
Бир жолу «иштеп жатабыз, таап жатабыз, акчалар кайда?» деп сурап койсом, Байыштын эки эжеси «акча менен ишиӊ болбосун, керек болсо биз Байышты биринчи аялы менен жараштырып коёбуз» деп кыйкырышты. Ошентип жакындары кийлигишип жатып, Байыш мени менен ажырашып тынды.

«БАТИРДИ БАЛАМА АЛЫП КАЛСАМ БОЛМОК ЭКЕН»
– Алгач Байыш кийимин түйүп эле чыгып кеткен, анан кайра келип «батирди сатып, теӊ экиге бөлөбүз» деп калды. Мен да жаштык кылып макул болуп коюптурмун. Ошондо «кайда барсаӊ анда бар, батир балаӊа калат» десем болмок экен. Анткени азыр балам менен улам батирден батирге көчүп, анысы аз келгенсип мектептен мектеп которо берип чарчадык. Байыш «баламды карап жатам, келип жатам, эмнеге карабайт дейсиӊ?» деп нааразы боло берет. Баласына таттууларды алып айда-жылда чочугансып бир келет, анан бир аз ойнотуп, колуна 1000 сом карматып кетип калат. Же алимент төлөбөсө, же каржылабаса. Баланын түйшүгүн бул жакта мен эле тартып жатпаймынбы.
Өткөндө силердин гезитке Байыш «жаштык кылып Кларага үйлөнүп жаӊылыптырмын, кайра биринчи аялым менен бактылуу жашап жатам» деп интервью бериптир. Ошондо турмушка чыга элек секелек кыз мен эмес, бир кыздын атасы болгон, бир турмуш көргөн Байыш жаштык кылып жаӊылган экен да. Ошол кезде эле мага тийишпей, азыркыдай бактылуу болуп жашай беришсе эмне?! Балким, мен да өз теӊимди таап, бактылуу болор белем. Ал эми Жаныш жакшы, «Байэлди алып келиӊиз, балдар менен ойносун, биздикине келип кетсин. Студияга келиӊиз, ыр жазып берем» деп турат. Эмнеси болсо да баламдын барына шүгүр кылам. Балам болбосо ким үчүн жашамакмын, билбейм. Биздин ажырашканыбызга 10 жыл болуп калды. Бул теманы козгогум деле келбейт, болгону жан дүйнөмдү аӊтарганымда баары төгүлөт экен.

«БАЛАМ КЫЗГАНЫП, ЭРКЕКТЕР МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮРБӨЙТ»
– Апам байкуш «жаштыгыӊ өтүп жатат, турмушка чыкпайсыӊбы» деп мен үчүн көбүрөөк санаа тартат. Бир туугандарымдын баары турмуштан өз ордун табышкан. Менден кийинки эки сиӊдим 3 балалуу болуп очор-бачар. Өзүм да урунуп-жулунбай, жоош болгондуктан көп нерседен куру калам. Анын үстүнө баламдын көзүн бирөөгө караткым келбейт. Колумду сурагандар да жок эмес, чыгынып турмушка чыкканга өзүм деле аракет кылган жокмун. Мен деле аялзаты катары бактылуу болуп, кайрадан наристе жытын жыттагым келет. Байэл да «качан төрөйсүӊ?» деп сурап калат. Бала да, ал менин абалымды кайдан түшүнмөк эле? Бирок эркек менен сүйлөшкөнүмдү көрсө кадимкидей кызганып, жинденип кетет.
Апам «турмушта кагылдыӊ, согулдуӊ, тыӊыраак болбойсуӊбу!» деп көп урушат. Элдин баарын өзүмдөй ойлоп, баарына бирдей мамиле кылам. Бала кыялмын. Гастроль деп жүрүп убагында окубай калыптырмын, жогорку билимим да жок. Кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кетирген каталарымды оӊдоп, эӊ алгач турмушта бактылуу болгонго аракет кылмакмын. Ырдап чыгайын десем, келип эле акча маселесине такалат. Ыр жаздырып, клип тарттырып иштеп көрөйүн деп жатам. Бир туугандарым «үй алып ал» деп бир аз чогултуп берген акча бар болчу, эми ошол акчаны чыгармачылыкка жумшайын деп жатам.

"Балам чоӊойсом көп акча таап, машинама таятамды, таенемди, сизди салып жүрөм деп кыялданат".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Клара Алибекова: "Сүйүүсүн арнаган жигиттерге маани бербептирмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(161)
SUPER.KG видео
26.04.2015. 19:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
06-03-2013
Соӊку аракети:
30-06-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи адам баласы сындаганды гана жакшы билебиз! Озу жалгыз бала багып,чонойтуш эле онойбу?! А Байыш болсо жардам бермек тургай озу аран журот го. Сахнага албетте башкача болуп чыгат да. Ага ансыз деле Кларанын акылы жетет! Чыгармачылык ийгилик жана дуйнодогу эн бактылуу айым болуусун каалайм!
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-27 10:57:42
SUPER.KG видео
26.04.2015. 19:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
06-03-2013
Соӊку аракети:
30-06-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Клара менен кантип байланышсам болот? Мен тойго чакыргым келип жатат. Чон рахмат!
Медиа-портал
26.04.2015. 21:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
22-11-2011
Соӊку аракети:
20-02-2018 11:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле жакшы психологго кайрылыш керек экен, психологиясы аябай сыныптыр.мурун арноо концертти аябай кутчубуз Кларанын ырын угабыз деп.Азыр коп эркектер ажырашкандан кийин балдарын дагы таштап кетишет.ал туура эмес да.баласы уул дагы экен, бир аз аталык милдет деген бар да.
zinaniz түзөттү 2015-04-27 03:52:08
27.04.2015. 03:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
27-08-2012
Соӊку аракети:
17-12-2020 22:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Видеосуна караганда интервьюсун окуган кызыктуу экен, видеосунда ашыкча эле күлө бериптир. Бирок азаматсыз, элдин эсиндесиз ар дайым. Күйөрмандарыңыз азыр ла ырларыңызды сүйүп угат. Жаныш Момунов сизге ыр жазып берип жатты эле, даяр болдубу?
27.04.2015. 03:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
07-03-2015
Соӊку аракети:
03-11-2016 13:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш кыз жаман болуптур эми эптеп уулуна турмушту тушундуруп куйоого чыгып алып дагы тороп албаса бир уул менен жалгыз бой жашоо кыйын.
27.04.2015. 03:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
04-10-2012
Соӊку аракети:
13-05-2019 08:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Таланттуу,сулуу кыз.Ийгилик ишине ойлогонуна жет.Байыш ХХХ ХХХ уйун болуп уят,баласына озу деле таштап кетиш керек болчу.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-27 09:42:47
27.04.2015. 03:49 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2135
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-1
zina29, эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
27.04.2015. 03:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой,КЛАРОЧКА,выше нос. Кечке эле Байыш дей бересинби кемпир болгуча деле. Анын аман эле болсун эми. Алдыга карай кадам жаса. Байышынды унут,ажырашып бактылуу болгон айымдар деле миллион. Сен да бактылуу бол.
27.04.2015. 16:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
03-09-2014
Соӊку аракети:
12-03-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба туура. Арбир маегинде созсуз Байышын кошот. Буйруса кийинки маегинизди "бактымды таптым" деп беруунузду кутобуз.
27.04.2015. 03:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
25-12-2018 11:22
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акчана батир эле алып албайсызбы ?ыр жаздырып чыгпрмачылыка жумшасаныз ыр клиптеринизди ашып барса 10кун корушуп Ошо менен калып кетет.ырчыдан коп нерссе жокго келечегиниз учун 1комнат болсода батиррге жумшаныз.
27.04.2015. 05:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
18-09-2015 15:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
akzuura, Туура айтасын кошулам менда.
27.04.2015. 03:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
26-04-2015
Соӊку аракети:
16-12-2016 17:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni. туура айтасыз, Байышты Клара эже дагы деле унута элексиз окшойт, бирок канча наамысыңызга тийип интервьюларды берип атат, минтип, сиз дагы утур-утур жооп жазгандын кажети жок, анткени балаңыз чоңою калыптыр, ал деле дос күтөт, кайны журт деген болот, минтип силердин элодин алдында разборка кылганыңар үчүн, кийин элдин бетин кара албай уялбасын. Сиз айтып атасыз, эгерде убакытты артка кайтарса минтекмин тигинтмекмин деп
27.04.2015. 03:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
26-04-2015
Соӊку аракети:
16-12-2016 17:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирок эң жакшы сизде бул дүйнөдө - бул сиздин ден соолугуңуз жана алты саны аман уулуңуз, анан да турмушту күнөлөй бербей, Алла Таалама ыраазы болуп, алты саныңыз аман, иштеп, азыр да окууга тапшырганга кеч эмес, окуп, жалгыз уулуңузга башын салып уялбай жүргөнгө келечек куруп берип, иштеп, дагы деле жашсыз, сулуусуз, турмушка чыгып, оптимист болуңуз!!!
27.04.2015. 04:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
11-02-2015
Соӊку аракети:
07-09-2017 15:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Искренне желаю женского счастья! Будьте счастливы ради своего прошлого, назло всем! Чтобы захлебнулись увидев твое счастье!
27.04.2015. 04:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
21-10-2014
Соӊку аракети:
02-07-2018 23:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лейлек. Ош
+1
ырга балээ барбы, ушунча жыл батирде жашап дагы да эсине келе элек го, уй алсамбы же ыр жаздырсамбы деп ойлонбой эле уй алып алын
27.04.2015. 04:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
21-10-2014
Соӊку аракети:
02-07-2018 23:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лейлек. Ош
+1
кийинки саныда Байыш жазат эми
27.04.2015. 11:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
10-03-2015
Соӊку аракети:
18-03-2016 20:26
Жынысы:
Белгисиз
0
sezimay, оа точно)
27.04.2015. 04:16 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
824
Катталган:
03-05-2012
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жолдошумдун хан сарайы...
+3
кулсо кулот да маанайын тушуруп эскини эстеп козуно жаш келтирбейин деп кулуп турганы да жакшы, чынында Клара тузук эле кыйналдыго ар жакта журуп эми Бишкекте иштери журушуп уй алып алса экен баласы менен ар жерге кочуп журбой! Кийингени жакшына эле экен просто ото арыкда ошого анча жарашпагандай корунот жашкы интервью бериптир! Байыш озу ХХХ ХХХ Баары жакшы болот!
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-27 10:23:44
27.04.2015. 04:24 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2135
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
AFRODITA-89,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
27.04.2015. 04:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
18-02-2012
Соӊку аракети:
30-01-2019 10:07
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир кездерде ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-27 10:46:39
27.04.2015. 04:47 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2135
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Nursultan.m.n,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтире турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
27.04.2015. 04:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
28-11-2011
Соӊку аракети:
21-01-2016 10:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Клара Алибекова биринчи жылдызы жанып чыкканда, "Классташымды" ырдап) менин чоң байкем суйуп калып жаман болгон, концерттерге кат жазып барып...ошондо бопкеткенде Клара менин жеңем болуп калабы эле э чиркин)))))
27.04.2015. 05:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Баланыз эр азамат болуп калыптыр сизди элин жерин сыйлаган жигит болсун.
27.04.2015. 05:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
19-11-2012
Соӊку аракети:
21-04-2020 08:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
+1
Анда оо дуркуроп жатканда биз дагы Клара десе оозубуз ачылат элек . Жаныш чындап эле бактысына балта чааптыр аялы болсо башканы алып башына тартабы эле Жылдыз болгусу келип ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-27 12:06:28
27.04.2015. 05:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
30-08-2013
Соӊку аракети:
14-11-2019 09:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башкысы уулунуз жанынызда)) кийингени, кулгону озуно жарашып эле турат! Жузунуздон нур чачырап, аябай сулуу болуп калыпсыз. Бактылуу болунуз Клара эже.
Медиа-портал
27.04.2015. 05:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
311
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
27-09-2019 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир тугандарын уй алып ал деп топтоп берген акчага уй эле алып ал клипке дагы акча табылып калаар, уйун болсо кенири журосун каалагада келип кетип ал эми квартирада болсо качан келип кожоюну чык дейт деп журогун сыгыла берет ошон учун уй алып ал
Медиа-портал
27.04.2015. 05:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-04-2015
Соӊку аракети:
13-12-2018 20:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Клара эже азаматсыз баланызды жалгыз чонойтуп атыптырсыз.. Отконго эч качан окунбош керек, баары алдыда. Уй эле алып алыныз ыр жаздырбай эле ыр не уй болуп бермек беле
27.04.2015. 06:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
09-10-2016 17:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Момуновдорду жакшы тааныйм Кларанын айткандары туура. Байыш жакшы аялдарга туш болот
27.04.2015. 06:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откон жашоону эстоонун зарылчылыгы жок го дейм.Озунуз эле азап чегесиз.Жалгыз бой аялдар копко шоу бизнесте ошолорго карап туздонуп кайраттуу,озунузго кичине бекем болунузчу.Клип тартам дебей квартира эле алып алын.
27.04.2015. 06:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
02-06-2011
Соӊку аракети:
30-05-2015 07:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Новосибирск
+8
Байыш акчаны кай жака жумшаарын билбей,карыганда аялыма улпот койнок кийгизем,кайрадан той берем деген го мурдагы сандарда,андан коро баласына жумшап койбойбу ошо улпот койноктун акчасын,батирден батирге кочкондон откон азап жок,эми ыр жаздырбай эле однушка болсо да алып алганын он го,
27.04.2015. 08:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
11-06-2014
Соӊку аракети:
17-12-2020 23:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Клара сен эч убакта окунбо кайгырба, зато сенин жакшынакай балан бар экен, канча адамдар балалуу боло албай журушот, балан учун жашашын керек, осушун керек, супсулуусун, жапжашсын, кыздын чырагы кырк дейт, багын ачылат келечегин алдыда сага ийгилик каалайм!!!
27.04.2015. 09:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
22-10-2013
Соӊку аракети:
19-12-2017 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+2
Клара, ушунча комментарийлердин ичинен менин жазганым окулабы же жокпу билбейм, бирок мен сени ото жакшы тушуном. Сенин башынан отуп жаткан бул Жараткандын сага берген сыноосу, сен акылдуу жансын, балана тарбия берип, сага таяныч боло турган эркек керек. Байышты унунт деп айта албайм, аны кечирип,оюндан чыгарып,алыстат.Откон турмушка окунбо, нурдай балан бар,ошол турмуштан. Келечекте эн бактылуу аял болушунду тилейм.
27.04.2015. 09:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
22-10-2013
Соӊку аракети:
19-12-2017 20:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+3
Байкасам, откондо Байыштын той концертине жазган комментарий торт-беш адамдан болсо, Кларага жазылган комментарийлер ото коп экен. Ушунун озу Кларанын кандай адам экендигинин белгиси.
27.04.2015. 09:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
20-09-2016 00:28
Жынысы:
Белгисиз
0
жогорудагылар туура айтышат ыр жаздырбай эле уй алып ал,керек болсо намаз окуп чыгармачылыка жолобой эле койсон болмок.ошондо оо Клара деп суктанмакбыз. Чыгармачылыктан эми бактылуу болом деген 100% кепилдик жок а намаз окуп динге аралашсан 100%бактылуулукту табасын Аллах берет!балана да жакшы болмок!
SUPER.KG видео
27.04.2015. 12:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
14-03-2019 07:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерге ар тарабынан төп келген , жана да оор басырыктуу инсандар чогулуп калышканбы ..... ? ! Жан дүйнөсү менен интервью берем деп келген го , Максаттын маанайы супсак эмнегедир . . .
27.04.2015. 12:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
623
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
21-12-2021 08:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Баланыз тымпыйып бир жакшына бала болуптур,Байыштын эле озу экен.Ошол баланыздын жакшылыгын корун.Буюрса баланыз чонойсо бул кыйынчылыктар да артта калаар.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: