Архив
Популярдуу макалалар

Клара Алибекова, ырчы: «БАЙЫШКА ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМА ӨКҮНӨМ. АЛ АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШПАЙ ЖАШАЙ БЕРСЕ, МЕН ДА БАШКА МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛМОК БЕЛЕМ...»

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж


Бир кезде жаштардын кумири болуп, далай жигиттерди суктандырган Клара Алибекованын сахнадан көрүнбөй калганына көп болду. Көптөн бери чер жазыша эч ким менен сырдаша элек окшойт. Ырчы минтип төгүлүп турду.

«ТУРМУШТУН БОРООНУНА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАДЫМ»
– Сахнага эрте келип, кичине кезимде эле атым элге тарагандыктан, жаштыгымда көп ийгиликтерди жаратышым керек эле. Элдин да, ата-энемдин да менден үмүтү чоӊ болчу. Тилекке каршы, турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым, өзүмдү жоготтум. Апам «кичине кезиӊден эле эл көзүндө жүрдүӊ, ошол кезде ырдатпай турсак болмок экен» деп көп айтат. Балким, жан дүйнөсү, аурасы таза жеткинчекке суктана караган көздөрдү көтөрө албагандырмын. Кыскасы, үй-бүлөм бузулгандан кийин таптакыр башка адамга айландым.
Жашоодо өкүнгөнүм – Байышка турмушка чыкканым. Гүлшайыр эже (ред. Садыбакасова) менен иштешип жүргөнүмдө Байыш менен бир концерттен таанышып калып, ортодо сүйүү тутанып кеткен. Мен ал кезде 18 жашта болчумун. Ырчы жигитим мени бир күнү киного, бир күнү сейил бакка чакырат. «Клара экөөбүз теӊ чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, экөөбүз үйлөнсөк, той-концертибизге көп эл келет» деп кыялданчу.

«АКЧАЛАР КАЙДА ДЕГЕН СУРООМДОН БААРЫ БАШТАЛДЫ»
– Бир гезитке «Клара экөөбүз кыз-жигитпиз, жакында үйлөнөбүз» деп интервью берген экен. Аны Гүлшайыр эже окуп алып, «Сен турмушка чыкканы жатасыӊбы? Азыр жашсыӊ, жаштыгыӊда карьера түптөп ал» деп мени гастролго жиберип ийген. Менин атымдан «мен Байыш менен сүйлөшпөйм, ал менин жигитим эмес» деп гезитке интервью бердиртип салган. Аны окуган Байыш мага өчөшүп, Жалал-Абадда гастролдоп жүргөн жеринен азыркы аялы Динараны ала качып алган. Бир кыздуу болуп ажырашкандан кийин кайра жолугуп калып жатпайбызбы. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп ал интервьюну мен бербегендигимди айтсам, «Азыр деле кеч эмес, келинчегим менен ажырашкам. Ал менин чыгармачылыгымды түшүнбөйт, кызганат» деп мени баш кошууга көндүрдү. Ошентип тоскоолдуктарга карабай экөөбүз баш кошуп, борбордо Байыштын кыялындагыдай дүӊгүрөтө той-концертибизди бердик. Андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү батир алдык.
Бир жолу «иштеп жатабыз, таап жатабыз, акчалар кайда?» деп сурап койсом, Байыштын эки эжеси «акча менен ишиӊ болбосун, керек болсо биз Байышты биринчи аялы менен жараштырып коёбуз» деп кыйкырышты. Ошентип жакындары кийлигишип жатып, Байыш мени менен ажырашып тынды.

«БАТИРДИ БАЛАМА АЛЫП КАЛСАМ БОЛМОК ЭКЕН»
– Алгач Байыш кийимин түйүп эле чыгып кеткен, анан кайра келип «батирди сатып, теӊ экиге бөлөбүз» деп калды. Мен да жаштык кылып макул болуп коюптурмун. Ошондо «кайда барсаӊ анда бар, батир балаӊа калат» десем болмок экен. Анткени азыр балам менен улам батирден батирге көчүп, анысы аз келгенсип мектептен мектеп которо берип чарчадык. Байыш «баламды карап жатам, келип жатам, эмнеге карабайт дейсиӊ?» деп нааразы боло берет. Баласына таттууларды алып айда-жылда чочугансып бир келет, анан бир аз ойнотуп, колуна 1000 сом карматып кетип калат. Же алимент төлөбөсө, же каржылабаса. Баланын түйшүгүн бул жакта мен эле тартып жатпаймынбы.
Өткөндө силердин гезитке Байыш «жаштык кылып Кларага үйлөнүп жаӊылыптырмын, кайра биринчи аялым менен бактылуу жашап жатам» деп интервью бериптир. Ошондо турмушка чыга элек секелек кыз мен эмес, бир кыздын атасы болгон, бир турмуш көргөн Байыш жаштык кылып жаӊылган экен да. Ошол кезде эле мага тийишпей, азыркыдай бактылуу болуп жашай беришсе эмне?! Балким, мен да өз теӊимди таап, бактылуу болор белем. Ал эми Жаныш жакшы, «Байэлди алып келиӊиз, балдар менен ойносун, биздикине келип кетсин. Студияга келиӊиз, ыр жазып берем» деп турат. Эмнеси болсо да баламдын барына шүгүр кылам. Балам болбосо ким үчүн жашамакмын, билбейм. Биздин ажырашканыбызга 10 жыл болуп калды. Бул теманы козгогум деле келбейт, болгону жан дүйнөмдү аӊтарганымда баары төгүлөт экен.

«БАЛАМ КЫЗГАНЫП, ЭРКЕКТЕР МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮРБӨЙТ»
– Апам байкуш «жаштыгыӊ өтүп жатат, турмушка чыкпайсыӊбы» деп мен үчүн көбүрөөк санаа тартат. Бир туугандарымдын баары турмуштан өз ордун табышкан. Менден кийинки эки сиӊдим 3 балалуу болуп очор-бачар. Өзүм да урунуп-жулунбай, жоош болгондуктан көп нерседен куру калам. Анын үстүнө баламдын көзүн бирөөгө караткым келбейт. Колумду сурагандар да жок эмес, чыгынып турмушка чыкканга өзүм деле аракет кылган жокмун. Мен деле аялзаты катары бактылуу болуп, кайрадан наристе жытын жыттагым келет. Байэл да «качан төрөйсүӊ?» деп сурап калат. Бала да, ал менин абалымды кайдан түшүнмөк эле? Бирок эркек менен сүйлөшкөнүмдү көрсө кадимкидей кызганып, жинденип кетет.
Апам «турмушта кагылдыӊ, согулдуӊ, тыӊыраак болбойсуӊбу!» деп көп урушат. Элдин баарын өзүмдөй ойлоп, баарына бирдей мамиле кылам. Бала кыялмын. Гастроль деп жүрүп убагында окубай калыптырмын, жогорку билимим да жок. Кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кетирген каталарымды оӊдоп, эӊ алгач турмушта бактылуу болгонго аракет кылмакмын. Ырдап чыгайын десем, келип эле акча маселесине такалат. Ыр жаздырып, клип тарттырып иштеп көрөйүн деп жатам. Бир туугандарым «үй алып ал» деп бир аз чогултуп берген акча бар болчу, эми ошол акчаны чыгармачылыкка жумшайын деп жатам.

"Балам чоӊойсом көп акча таап, машинама таятамды, таенемди, сизди салып жүрөм деп кыялданат".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Клара Алибекова: "Сүйүүсүн арнаган жигиттерге маани бербептирмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(161)
Медиа-портал
25.04.2015. 03:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
05-01-2012
Соӊку аракети:
10-08-2020 14:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
Клара сен менин кумирим болчусун. Мен сенин ырларынды калтырбай жаттап ырдачымын. Сенин талантын бар . голосун бар. Эмне мынча озунду таштап койдун тушунуксуз. Аял заты кучтуу болуш керек..баарына чыдамдуу, оор женилди котороо билиш керек, Мен сени коруп ушунча жиним келиватат.озундун слабый жеринди эркектерге корсотпой эле койсон жакшы болот эле,
Медиа-портал
25.04.2015. 04:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-12-2014
Соӊку аракети:
20-05-2019 17:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир козел алып туруп ташап койгон да жыргаганынан ушинтип кетти дейсинерби.Баласын багам деп журот да. Чокпо Клара озундон башака эч ким которбойт сени. Жашоо Байыш менен эле бутпойт
SUPER.KG видео
25.04.2015. 04:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
29-11-2014
Соӊку аракети:
16-06-2020 23:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында еле аябай коп куло бериптир суйлогонун коруп журогум сыгылып кетти анан да кийингени жакпады озунун жашына ылайык кийинип суйлосо болмок. Максат жакшына еле алып барган, Катуу айтсам кечирин
Медиа-портал
25.04.2015. 04:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-12-2014
Соӊку аракети:
20-05-2019 17:17
Жынысы:
Белгисиз
+4
жаштык кылып алданып калгансын да жанагыБайыштан алимент алып бериш керек
Медиа-портал
25.04.2015. 05:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
19-09-2014
Соӊку аракети:
31-07-2016 09:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.
+2
Эмнеси болсо дагы бакыт каалайм.Назик,жагымдуу эже эле мезгил озгортуптур,бырыш тушуп,уулу чоноюп калыптыр.Ырдабаса деле мейли уй було куруп,бактылуу эле болсунчу.
SUPER.KG видео
25.04.2015. 05:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
03-03-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул жерде жазган баарынардын телегейинер тегизби ? Клара силерден кенеш сурап атабы кантип кийинейин кантип суйлойун кантип кулойун деп ? Клара силерге ким и силер Клара учун кимсинер ? Бул жерде силердин милдетинер жон гана калоо тилек жазып таштоо. Же супер инфо ушактагыла деп айтып атабы ?
SUPER.KG видео
25.04.2015. 06:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
05-02-2015
Соӊку аракети:
10-06-2015 04:59
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мага кийингени таккыр жаккан жок,прическасы макияжы...деги эле кундо ушинтип журсон да мейли эми камера алдына башкачараак болуп келбепсин да бул гезитти баары окушарын билгенден кийин...эми сен жонундо дагы анча эмес впечатление калды менде...так так суйлоп Максаттын берген суроолоруна жооп беерип койбопсун да.давай соберись иди в какой нибудь салон красоты работай со стилистами да короче.
SUPER.KG видео
25.04.2015. 06:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
19-01-2018 16:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара турмуштан аябай кыйналыптыр,ХХХ ХХХ ХХХ А пока Клара сага ийгилик! Всем назло готорулуп гет! Гуло бербечи себепсиз, сураныч.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 12:45:06
Медиа-портал
25.04.2015. 06:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
26-01-2014
Соӊку аракети:
30-12-2016 19:02
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ы ы ы хи хи ха ха ы ы ы деп эле менин кыжырым келип кетти
Медиа-портал
25.04.2015. 07:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
24-11-2008
Соӊку аракети:
23-06-2019 22:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Каттуу коз тийсе керек убагында .
Медиа-портал
25.04.2015. 20:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
25-07-2014
Соӊку аракети:
28-05-2016 00:57
Жынысы:
Белгисиз
-1
asiana, Ооба биз да ошентип ойлойбуз. Себеби 5-классында эле такылдап ырдап чыгып кичине кезинде эле Кыргызстанды дунгуротуп атактуу болгон. Кыскасы Клара озгочо эле.Ошол убактагы чыккан Кларадай кыз корбодум, жок дагы.Азыркы оздорун жылдыз сезген ырчылар мурдунун суусун тарта албай жургондо Клара атактуулуктун чуу чокусуна жетип койгон.
SUPER.KG видео
25.04.2015. 07:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
27-02-2022 21:19
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ой тообо вкус деген биздин ырчыларда таптакыр жок бул эмне деген стиль тушунбодум 3-5-класстагы кыздын кийимиго.Клараны ар ким колдон колго откоруп сахнага алып чыгып жургон ошолордун стилинде журо берип ээрчиме,коорунчак болуп калган.Ошондутан озу жалгыз сахнага чыга албай жатат ,эми ошо жигитин кутуп журот да алма быш оозума туш деп.Каарып кетиптир.
Медиа-портал
25.04.2015. 08:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
22-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2016 13:41
Жынысы:
Белгисиз
+2

сын айтыш оной эмесби сындай берсен соогу жок тил кете берчудой.Биринчиден эжеге ишине ийгилик каалап кетейли,ажырашкан бир эле сиз эмес,жашоонуздан наалыбай аракет кылыныз сиз эл козундогу адамсыз,жакшы кийинип чечкиндуу болуп алгачкы Кларадай тарсылдап тыкылдап душмандарыныздын алдында башынызды томон ийбей,жакындарыныз учун аракет кылып жашаныз.Бирок ото жонокойсуз азыркы жашоонун талабы коп деле мындай муноздорду колдой бербейт о-н аракет чыдамкайлык тырышчаактык гана керек.
Медиа-портал
25.04.2015. 11:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
18-08-2013
Соӊку аракети:
27-12-2015 12:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshylap maek ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 12:50:59
Медиа-портал
28.04.2015. 06:51 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2135
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
bektur12,
Кимдир бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
Медиа-портал
25.04.2015. 12:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
01-06-2021 02:17
Жынысы:
Белгисиз
-3
Клара кичине кезинде аябай тыкылдаган тын корунгон.Азыркысы вообще жакпады албетте капа болбосун.же жасалма болуп атабы,куйоого тийсе кандай келин болот.эмне болуп калган же созго жок адеп эле куло берет экен.не в тему болсо деле. анан оозун чоймоктоп эле чоё берет экен ал вообще жарашпайт.мен билгенден башында оозун жакшынакай эле кылып ырдачу.коргон сайын кыжырын келет экен.ошонусун эле ондосо
SUPER.KG видео
25.04.2015. 12:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
19-02-2015
Соӊку аракети:
30-01-2016 21:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
клара еже омурунуз узун болзун,жакшы маек болуптур.
SUPER.KG видео
25.04.2015. 16:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
19-02-2014
Соӊку аракети:
07-07-2020 06:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Мааниси жок эле куло бергени жаккан жок)
Медиа-портал
25.04.2015. 19:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
08-01-2015
Соӊку аракети:
19-04-2016 18:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Клара за то уулунду койкойтуп гана чонойтуп алыпсын.Эми элдин ушагын укпай башынды ойдо котор,жанылбаган эч ким жок.Мындан ары жумшак болбой, тарсылдаган талантуу,эч кимге жеминди жегизбеген кучтуу эне бол уулуна.Ийгилик сага!
Медиа-портал
25.04.2015. 19:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
25-07-2014
Соӊку аракети:
28-05-2016 00:57
Жынысы:
Белгисиз
-1
Клара эми батыраак жакшы ырларды ырдап чыкчы ээ?Каждый интервью берип чыккан сайын суранып жаза берип чарчадык гоо.Биз сенин ырларын м-н чонойдук.Мурдагы ырларындан да ырдачы сураныч,ошол ырларын бизге абдан жагат м: Балачагым,Телефондон айта албадым,Барыбир ырдаймын апа,Суйуу керемети,деген ырларынды кайра ырдап чыкчы,сонун ырлар эле ошол ырлар.Анан даМосквага бир келип кеткилечи концерт койуп,билетинерди рыноко алып келишсин сатышып беребиз.И стилисттер менен иштешпесениз болбойт.(кечиресиз):)
SUPER.KG видео
25.04.2015. 20:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
18-09-2015 15:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Клараны убагында жакшы коргон жигиттер толтура болсо керек эле алардын катарын мен да толуктачумун. Бирок тилеке каршы Байыш кайдан чыга калды баарын олтурду ойноп ала койуп кайра таштап. Мен ошондо умутум узулду. Азыр Клара кыйналып жудоп журот жалгыз баласын чонойтуп батирге акча толоп ошого озун карай албай атса керек, кулгону суйунуп же соз таппай атканданбы кыскасы Клара бактылуу болуп жашаш бир алладан намаз окуп хижаб болбосо да узун жарашыктуу кийинип журсон сени алып бактылуу кылам деге
Медиа-портал
26.04.2015. 00:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
02-02-2016 04:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул интервью байыштын откондогу чыгып жазганына жооп катары акыя окшойт ошого куло бергенби кулбой турган созго деле
Jaz3 түзөттү 2015-04-26 06:32:10
Медиа-портал
26.04.2015. 04:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
24-03-2014
Соӊку аракети:
07-11-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен кече коруп жатып уктап калыпмын мына бугун улантып кордум :-) озу да адамды уктата турган кылып суйлопсузда. Ишинизге ийгилик...
AiNuR_777 түзөттү 2015-04-26 11:04:41
Медиа-портал
26.04.2015. 05:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Мындан аркы жашоонузга ийгилик бактынызды табыныз уулунуздун урмат сыйын корунуз.
Медиа-портал
26.04.2015. 05:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
26-02-2014
Соӊку аракети:
26-09-2017 20:14
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соз суйлосо Эле кулуп ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 12:43:58
Медиа-портал
26.04.2015. 08:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
05-02-2015
Соӊку аракети:
16-10-2015 01:21
Жынысы:
Белгисиз
-3
кичине озуну боеп алса болмок экен ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 12:43:43
SUPER.KG видео
26.04.2015. 10:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
28-02-2022 18:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-1
Нарыжакта корбой эле турган жолдошум ,эмнени коруп атасын айтып койчу кулбой суйлосун деп боорду эзди.Клара эже арыктап козумо бир башкача корунду,так так жооп берип,кичине болсода озгорунчу.
SUPER.KG видео
26.04.2015. 13:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
04-02-2013
Соӊку аракети:
20-07-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ нормално суйлосо боло ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 12:43:27
SUPER.KG видео
26.04.2015. 15:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
30-11-2016 03:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
0
Чоектой бергени маанисиз куло бергени жакпады озун таштап салыптыр Эми озуно созуно эркине бекем болуш учун бир жакшы адамдын колдоосу керек Куйормандар биз да колдойбуз Бирок Клара эже сиз биринчи озунуз баштабасаныз ким жардам берет Ошондуктан бошошпой тарсылдап жаркылдап чыгармачылыкка жаны ырлар менен кайтыныз!
SUPER.KG видео
26.04.2015. 16:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кларочка,сен дагы жакшы жакшы ийгиликтерди жаратарына ишенем. Бирок,артына карап жашабай ,алдыдагы Кудай бере турган жакшылыктан умутун узбо. Байыш оз жашоосу менен кетсин,ага дагы бакыт тилеп кой. Сени менен уйлонуп той концертке коп эл келет деп,эми бу жылы Динарам ак койнок кийбей калыптыр деп дагы той концерт берди. Андай адамдан умут кылбай ,Кудайдан умут кыл. Сага бакыт кана каалайм.
SUPER.KG видео
26.04.2015. 16:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
22-04-2015
Соӊку аракети:
03-01-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акырын басса аксак,катуу басса таскак дегендер чогулган го бул жерге. Эми кулсо кулуп койгондур. Клара,мен сени тушуном,бир кезде мен да ушундай депрессияга кабылып,аран дегенде 6 жылда чыккам. Жашоо улана берет,омур ото берет билинбей. Карман озунду,байыш менен ажыраштым деп эле журо бербей,хватит уже. Ак жол каалайм.
Медиа-портал
26.04.2015. 16:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
18-12-2016 00:05
Жынысы:
Белгисиз
0
быякта угуп атып неудобный положенияда калдым Максат кантти экен суроо берип жатып
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: