БИР БҮРКҮМ
№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж
-
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА ырдаган «Роза гүлү» чыгармасын
АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА жаӊыртып ырдап, клип тартуу алдында турат.
-

Опера ырчысы, СССРдин Эл артисти
БОЛОТ МИҢЖЫЛКЫЕВдин 75 жылдык мааракесине карата Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мариинский театрында анын айкелинин ачылыш аземи болду.
-
«ТУМАР» бий тобу Казакстанда өткөрүлгөн арабадагы спорт бийи боюнча сынакта байгелүү орунду камсыздашты.
-
«КУРМАНЖАН ДАТКА» тасмасы АКШда өткөн эл аралык кинофестивалда «Эӊ жакшы тасма» жана «Эӊ жакшы операторлук жумуш» номинациялары боюнча жеӊишке жетишти.
-
Улуттук филармонияда Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата окуучулар арасында советтик ырларды аткаруу боюнча гала-концерт 24-апрелде өтөт.
-

Кыргыз улуттук музыка жумалыгына карата комузчу
АСЫЛБЕК НАСИРДИНОВдун «Улуу көч» аттуу концерти 25-апрелде болот.
-
Ырчы АНЖЕЛИКА келерки жумада түштүк жергесине гастролго аттанат.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2