Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КЕЛИН» ИНДИЯДА РЕКОРД КОЙГОН СЕРИАЛ

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж


Индия кинолорунун сүйүүчүсү болсоӊуз, кубана берсеӊиз болот. Ыр-бий, романтика менен коштолгон «Келин» сериалы тууралуу баяндамакчыбыз. Индияда узактыгы боюнча рекорд койгон тасма эмнеден улам мындай популярдуулукка жетишти? Сизге кызык болсо, анда тасма талаасына кеттик.

«ТУМАК МЕНЕН УРСАӉ ЖЫГЫЛЫП КАЛБАСА, АЯЛДЫККА АЛА БЕР»
Чоӊ апаларыбыздын «тумак менен бир уруп көрүп жыгылбай калсак, турмушка узатышкан» деп айткандарын угуп калар элек. Ал заман эмес, кечээ жакында эле памирлик кыргыздар кыздарын 8-9 жашында турмушка берип, 12-13 жаштарында төрөп жатышканын байма-бай жарыялап жатышты. Дал ушундай көрүнүш «Келин» тасмасында орун алат.
Эрте жашынан никелешүү индустарга мусулманчылык менен чогуу барган делинет. 21-кылым болгонуна карабай Индиянын Раджастхан, Мадия-Прадеш, Бихар деген жерлеринде кыздарды эрте турмушка узатуу дагы деле уланууда.
Индияда кыздар 18 жашында турмушка чыгып, балдар 21 жашында үйлөнүүсү керек деген мыйзам бар. Мамлекетке 150 евро айып пул төлөп, 2 жылдык эркиндиктен айрылуу коркунучунда турганына карабай эрте никеге тургандар бар. Анткени айып пулдан да, мыйзамдан да качып кутула турган жагдай бар, алар жашы жеткенде гана каттоого турушат.
Индияда кыздарды «бөтөн байлык» деп коюшат. Ата-эне кыз баланы багып отурбай, эрте турмушка берип салып кутулгулары келсе, күйөө тарап кызды акысыз күӊ катары жумшоого кызыгышат. Сериал мына ушул көйгөйдү алып чыкканы үчүн да учурдун популярдуу тасмасы болду десек жаӊылышпайбыз.

АНАНДИНИН ТАГДЫРЫН КЫЗЫ ДА КАЙТАЛАЙБЫ?
Кичине Ананди 8 жашында турмушка чыгып, келин аталат. Күйөөсү Жагдиш теӊ чамалаш куракта. Андан да жаманы – Анандинин чоӊ кайненеси Каляни бечараны кууратып катаал болот. Ата-энесин сагынып, башына чоӊ түйшүк түшкөн Ананди канчалык кыйноого туш болсо да, тагдырына көнөт. Жылдар өтүп Жагдиш экөө чоӊоюп, ортолорунда ысык махабат пайда болот. Ананди сабырдуу, күйөөсүнө күйүмдүү, акылдуу келин эле. Жагдиш чоӊойгондо окуп жүрүп Гаури аттуу кызды жактырып калып, Ананди менен ажырашат. Күйөөсүнүн көп кылыгына чыдап күткөнү менен, Жагдиш Гаури менен никеге турат. Ал аны менен эле чектелип калбай, бир топ сулууга азгырылат.
Ал учурда бой жетип, сулуу келинге айланган Анандини Шив аттуу жигит жактырып калат. Шив мүнөзү, сүйүүсү менен Анандинин жүрөгүнөн Жагдишти сүрүп чыгарат. Жагдиш катачылык кетиргенин билип кайрылганы менен, Ананди ал учурда Шивти жактырып калган эле. Эчен тоскоолдуктар менен коштолгон тагдыр акыры биригип, Ананди менен Шив турмуш курушат. Бактылуу жашап, Ананди кош бойлуу болгон учурда Шив каза болот. Бактыга жараша, эгиз балалуу болуп, аларга Шивам жана Нанди деген ысымдар ыйгарылат. Анандинин тагдыры кайталанып, Нандини бирөөлөр уурдап кетип эрте турмушка берип коюшат.
Окурман, интернет маалыматтарына караганда, окуя муну менен эле бүтпөйт. Учурда сериалдын уланышы күтүлүп, сценарийи жазылып жатканы айтылууда. Андыктан «Келиндин» аягы эмне менен бүтөрү али эч кимге белгисиз десек болот.

РЕКОРД КОЙГОН СЕРИАЛ
1992-жылы повесть болуп жазылган чыгармадан сериалдын сценарийи алынган. Чыгарманы жазган жазуучу Парнендру Раджастханда туулуп, өз көзү менен мындай тагдырларды көргөндөн улам сериал реалдуулукка жакын десек болот. Кийин продюсер Санжай Вадха менен чогуу экрандаштырат. Сериал 2008-жылдын 21-июлунда «Колорс» телеканалынан старт алган. Башында мынчалык узак болушун эч ким божомолдогон эмес. Кийин элдин кызыгуусунан улам сценарий жазылып, узарып жүрүп отурган. Учурда Индияда 20дан ашык сыйлыкка ээ болгон, эчен жылдап созулган биринчи тасма. 2008-2009-жылдары «Мыкты драмалык сериал», «Мыкты сценарий» сыйлыктарын алса, 2008-жылы Анандинин кичине кезин ойногон актриса Авика Гор «Эӊ мыкты драмалык актриса» сыйлыгын утуп алган.

АКТЁРЛОРДУ ТААНЫП АЛЫӉЫЗ!
Авика Гор
(кичине Ананди)
1997-жылы Мумбайда туулган. Авиканын «визиттик карточкасы» – Анандинин ролу. Долбоордон кеткенинен бери канча убакыт өтсө да, эл аны Ананди катары тааныйт. Ролу тууралуу Авика мындай дейт: «Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл аябай менин аткаруума кызыккан үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем». Учурда Авика окуудан сырткары сууда сүзүү менен машыгып, фильмдерде роль жаратып келет. Жакында ал Казакстандын Астана шаарына келип, биринчи жолу карды көрүп таӊ калганын жашырган эмес.

Пратюша Банержи – (бой жеткен Ананди)
Пратюша 1991-жылы Бихар шаарында туулган. Актриса, модель жана бийчи. Авика сыяктуу эле аны Анандинин ролу таанымал кылган. Анын тасмадан капысынан кетүүсүнө апасынын катуу ооруга кабылышы себеп болгон. Бардыгын таштап, апасынын жанында болгон актрисаны тартуучу топ да, көрүүчүлөр да туура түшүнүшкөн.

Тораль Распутра(орто жаштардагы Ананди)
Актриса 1987-жылы туулган. Анандинин ролуна чейин модель жана актриса катары таанылган. Актриса Анандинин эне болгонун, токтоолугун, акылдуулугун жана сабырдуулугун мыкты ачып берген.

Авинаш Мукержи(кичине Жагдиш)
Актёр 1997-жылы төрөлгөн. Атасы Дев Мукержи телеканалдарда иштеп, бир топ сериалдарга да тартылган. Жагдиштин ролун аткарууда 12 жеткинчектин ичинен тандалып алынган Авинаш кийин «Жаӊы талант» сыйлыгына ээ болгон.

Шашанк Вьяс(бой жеткен Жагдиш)
Кичине Авинаштын ордун баскан Шашанк элдин жүрөгүнөн орун ала алды. Бул анын чоӊ ролу. Актёр жеӊил мүнөз жигиттин ролун ойногону менен, жашоодо өтө оор басырыктуу адам экенин айтат.

Сиддхартх Шукла(Шив)
Шив – азыркы кыздардын кыялы десек болот. Мындай мачонун ролун ойногон актёр 1980-жылы туулган. Ал актёр жана модель катары белгилүү. Сериалда оӊ каармандын ролун жараткан Сиддхартхты жашоодо чыргоо жигит дешет. Ал көп кылыктары менен тартуучу топко ыӊгайсыздык түзгөнү айтылып келет.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(58)
27.04.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келин ыйлактай бергени жакпады :-(
27.04.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз да кызыгып коруп калабыз,кино нукура жашоодон алынан себеби бир маселени чечиш учун он минута ойлонуп олтурабыз го кинодо да ошондой ,ошондуктан кээ бир жерлери ото эле зеригичтуу болуп кеткен,кообунчо Анандинин ыйлайбергени бир сериянын тен жарымына чейин камтылган.Негизи кино жакшы турмушка сабак болуучу жерлери коп.Анандинин ыйын азыраак камтып бири бирин карап ойлоно берген жерлерин кыскартып конкреттуу жерлерин кобойтсо мындан да кызыктуураак болмок деп ойлойм.
27.04.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондо бул кинону да эч ойлонбой бир эки жыл коробер экен да аа ,даназалуу кылымдын тортунчу сезонуна келгенде токтотуп башка киного отуп кетпей жыйынтыктап койсо болмок ата энелерибиз кызыгуу м.н коруп жатышкан .Же бул кинонун ортосуна келгенде токтотуп Даназалуу доорду берип баштайт бекен каарыган адамдардын башын айлантты го бул КТР аралаштырып качаан башка телеканалдардай сериалдардын устунон онугобуз билбейм.
28.04.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erika8982, хехе туура айтасын,менин таенем да тушунбой калыптыр
27.04.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен индийский кинодон аллергиям бар болчу эмнегедир Анандини коруп жатам бул кинодо кыздар бир тарап балдар бир тарап болуп алып окшош бийлеп ырдашпайт экен Фантастика эмес раелдуу жашоону тартыптыр ошонусу бир аз жакты. Чон кайнене ужас экен андайдан кудай сактасын.
27.04.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыгы еми баш алат тугандар Келиндин

27.04.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
анандини аябай коп ыйлатып койушуптур
27.04.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жанагы кичинекей келиндин кечкеле ыйлай бергени кыжыр келтирип, коро албай койгом ушул сериалды
27.04.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
менда кызыгып коруп атам кинону чынында кинонун жарымын эле Анандинин ыйлаганы ээлейт окшойт бирок индустардын салттары кызыктай экен куйоосу олгондогу салттары жакпады омур бою ширин жебейт дегени, билерик такпайт дегени жаман экен. Кыз чынында бироонукуда кээ бир жерлери сабак болчудай
27.04.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананди ото коп суйлойт экен озу ар нерсени чукулаштырып сурап озунун башына уруш ашырып, кинонун кызыгы алдыда турбайбы мен башкача элестетип аттым эле
27.04.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы сайттан таап корсом болот сураныч айтып койгула
27.04.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AygulSumaya, Сайтта жок бул сериал болсода индия тилинде бардыр бирок орусча же кыргызча которулганы жок)
27.04.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анандинин ыйлаганы такыр жакпайт
27.04.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо американын Стрела жана Флэш деген сериалдары жонундо малымат жазгылачы азыр мода болтат ушул эки сериал.
27.04.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
melkom, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
27.04.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келин деп издесек чыгатпы кинонун аталышын айтып койгула сураныч.
27.04.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оозун чоон ачып алып эзилип ыйлаганы жакпады Анандинин бирок которгондор кыргызча сонун которушкан кыргызча макал лакаптарды кошуп тасманы корбой унун уга турган болсон индус эмес кыргыз актёр актриса лар ойногондой болот чиркин
29.04.2015. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tilek-x,туптуура, мен да сенин оюңа кошулам. Бир серия бүт ыйлады, ошол жаман кыжаалат кылат экен. Анан калса өтө эле чоюп салышыптыр.Бул фильмдин 3 сериясынан 1 серия кылса болчудай. Анан да бул Раджастанда болгон окуя, Раджастханда деп жазышыптыр. Которгону мага да жакты,кыргыз макалдары тим эле төп келип калат экен. Бир гана "бул ишиңе ичим чыкпай калды"-деген жери бар экен. Ушул ишиң мага жакпай калды дегенди түшүндүрсө керек, ал эми жогоруда айтылган ичим чыкпай калды деген бир чети орой,бир чети күлкүлүү угулат экен.Дагы бир туура эмес которулганы, маркумдарды "ыраматылык" дейбиз го,мында "жарыктык" деп коюшуптур,жарыктык деген улгайган кишилерге тиешелүү сөз го
27.04.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мен акыркы жолуу качан телевизордон кино же жанылык коргонуму унутуп калдым, кана эми убакытым болсо коргону!
27.04.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бизнес жонундо передачаларды туз эфирде койсо элге . кыргызстан сериал коротурган абалда эмес .
01.05.2015. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chr1s8rown, эмнеге сериал коргон абалда эмес.Тобоо,бизнести интернеттен коро бер да.Ансыз деле сасыган саясат жадатты элди.Кинонун да тарбиялык мааниси болот,билгенге.
27.04.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинонун казакчасы да бар белее ээ? Бир каналдан берчу. жакшы эле кино.
27.04.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагдишя мырк болуп калат экен(. А экинчи куйоосу болсо красавчик экен)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: