Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Айар, ырчы: «ӨЗҮМӨ ОКШОШ АРЫКЧЫРАЙ КЫЗДЫ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»

№652 1-май-7-май, 2015-ж


Бүгүнкү коногубуз жаш ырчы Айардын күйөрмандары күн санап өсүп барат десек жаӊылышпайбыз. Анын «Ардагым», «Карындашым» деген ырлары эл оозуна алынып калган убак. Маӊдайымда суроолорума улам жерди карап, уяӊ жооп берген жигит отурду. Ырчы жигиттин уялчаактыгы табиятынан экендигин маектен улам билдим.

– Салам, Айар. 24 жашта болгонуӊ менен сыртыӊдан 17 жаштагы жигиттей көрүнөсүӊ...
– Өз курагымдан жаш көрүнгөнүм жакшы да. Негизи, мырзалар айымдарга караганда кечирээк картаят го. Менин жаш көрүнгөнүм генден болсо керек.
– 2-3 жылдан бери ырчылыктын пайдубалын түптөп алдыӊ. Чыгармачылыктын мындан аркы кыйынчылыктарына даярсыӊбы?
– Чыгармачылык жолду тандаганга чейин көп ойлонгом. Ата-энем, жакындарым менен кеӊешип, жети өлчөп, бир кесип эле тандаган жолум. Ырчылык эмес, башка кесипте иштесем деле ушундай түйшүгү болмок, жеӊил оокат болбойт деп коюшат эмеспи. Андыктан чыгармачылыктын ысык-суугуна даярмын. Ушул кесипти тандагандан кийин өтөсүнө чыгышым керек деп иштеп жүрөм. Артка кайтканга жол жок.
– Үй-бүлөӊдө ыр өнөрүнө кызыккан бирөө болсо керек?
– Апам жакшы ырдайт. Жаш кезинде ырчы болом деп максат кылган экен. Бирок ошол учурда атам ала качып кетип, ал максаттары кыял бойдон калыптыр. Азыр өзүмдүкү менен кошо апамдын да кыялын орундатып жатам.
Менде музыкага, ырга болгон кызыгуу бала кезден эле бар болчу. Кулагымдан наушник түшчү эмес, үйдө болсом магнитофондун үнүн жаӊыртып угар элем. Мындайда үйдөгүлөрдөн «наушникти чеч, кулагыӊ ооруйт!», «магнитофондун үнүн азайт!» деген жемелерди көп укчумун. «Blue», «Backstreet Boys» деген топтордун ырлары менен чоӊойдум. Өзүмдү түрдүү жанрда, стилде ырдап сынагым келет. Анткени ырчынын ар тараптуу изденүүсү анын универсалдуулугунан кабар берет деп ойлойм.
– Ырчы болом дегениӊди жакындарыӊ башында кандай кабыл алышты?
– Жакындарым башында ырчы болуп кетериме ишенишкен эмес. Апам унчуккан жок, агам менен атам каршы болушкан. Үйдө төрт бир тууганбыз, агам жана 2 эжем бар. Эӊ кичүүсү, колдо калчу баласымын да, агам менен атам ошону ойлоп каршы чыгышса керек. Бирок ырларым, клиптерим жарыкка чыккандан кийин колдоп калышты.
– Үйдүн кичүүсү болсоӊ, эркеликтин сазайын берет экенсиӊ да?
– Үйдүн кичүүсү болгондон кийин каалайсыӊбы, каалабайсыӊбы эрке болот экенсиӊ. Бирок мектептен эркелигимди карматчу эмесмин. Атам сүрөттөн, апам географиядан сабак берчү, экөөнүн сабагына сөзсүз даярданып барчумун. Өз күчүм менен жооп берип «5» алсам деле классташтар «апасы болгону үчүн көтөрмөлөп койду» деп чычалата беришчү.
– 1-класска барганыӊ эсиӊдеби?
– Бир кызык окуя болгон. Бир жолу короодо досум менен ойноп жатып аарынын уюгун таш менен уруп бузуп таштадык. Аарылар бизди кууп чагып, экөөбүз көчө менен бир болуп өӊгүрөп ыйлап алганбыз. Үйгө барсам апам жок. Ал мектепте иштечү. Кир кийимим боюнча мектепке апама арызданганы бардым. Ар бир класстын эшигин ачып, апалап өӊгүрөп ыйлап алгам. Акыры аны таптым, ошондо апам «болду, баламды үйдө жалгыз калтырбайм, аарылар талап кетет экен» деп 1-класска берип салган.
– Мектепте апаӊа кантип кайрылчусуӊ?
– Мен үчүн апам үйдө эне, мектепте эжейим болчу. Андыктан «эжей» деп эле кайрылчумун. Кээде жөн эле колумду көтөрүп койчумун.
– Продюсериӊ менен кантип табышып калдыӊ?
– Продюсерим Арсен Мендебаевди өзүмдүн агам, байкем катары жакшы көрөм. Ысык-Көлдө ресторанда ырдап жүргөндө бир эже Арсен байке менен тааныштырган. Ошондон кийин иштешип калдык. Кудай жолуӊду ачып койсо, себепкер адам табылат экен. Чыгармачылыкка кантип аралашып, ырчы болуп калганымды өзүм деле билбей калдым.
– Гүлнур Сатылганова концертинде сени аябай мактады эле, кантип ал эжекебиздин мактоосуна арзып калдыӊ?
– Мен жаӊыдан ырдап чыгып, «Мейкин Азия», «Түрквизион» сынактарына катышып жүргөндө Гүлнур эже мага жакшы бааларды коюп жүргөн. Ошондо менин талантымды байкаса керек, анын менин талантымды баалаганы, мактаганы мага дем берди. Гүлнур эженин чыгармачылыгын баалайм, үлгү алам. Экөөбүз эженин концертинде «Сүйүү күчү» деген ырды дуэт ырдаганбыз.
– Биринчи жолу ырларыӊды радиодон угуп, сыналгыдан көргөндө кандай абалда болгонсуӊ?
– Алгач ырларым радиодон кете баштаганда бардык радиолордон ырларымды күнү бою күтүп укчумун. Ата-энем мени сыналгыдан көрүп ыйлашкан экен, аны кийин уктум.
Азыр көнүп калдым.
– Кеп нугун кыздар темасына бурсак. Сендей жигит күткүсү келген кыздар билип алсын, сүйүүдө кандай жигит экениӊди айтып өтсөӊ?
– Сүйсөм, сүйүүдө туруктуумун, романтикмин, кыз жандуу эмесмин (күлүп). Бир аз уялчаакмын, бул мүнөзүмдүн айынан көп жолу сезимдеримди билдире албай калгам. 1-класста окуп жүргөндө бир кыз аябай жакчу. Мен алдыӊкы, ал арткы партада отурчу. Артка бурулуп ошол кызды карай бергим келчү, бирок уялганымдан түптүз пионерлердей болуп отуруп алар элем.
Сүйүктүүм менен жаратылыш коюнунда, көл жээгинде эс алган жагат. Өзүм жөнөкөй болгонгобу, бой көтөргөн кыздарды жактырбайм. Ата-энем экөө теӊ намаз окушат, андыктан биздин үйгө ыймандуу келин керек. Учурда жүрөгүм бош. Сырдуу, табышмактуу, чач-кирпиги узун, өзүмө окшош арыкчырай кызды издеп жүрөм (күлүп).
– Сүйүп көргөнсүӊбү?
– Ооба, сүйүп көргөм. Сүйүүнүн жыргалын да, азабын да тарттым. Адам экөөнү теӊ көрбөсө, сүйүүнүн кызыгы жок болуп калат.
– Кандай кыздарга таӊ каласыӊ?
– Жашыруун номер менен чалып алып сүйлөбөй угуп тура берген кыздарга таӊ калам. Менин үнүмдү уккандан ырахат алышат окшойт (күлүп). Ошондой күйөрмандарыма «уялбагыла, тартынбагыла, мени менен сүйлөшкүлө» демекчимин.

«ЖАӉЫ ТОЛКУН» СЫНАГЫНА КАТЫШКЫСЫ КЕЛГЕН АЙАР

Маек учурунда эӊ жактырган суроосу...
Өзү жөнүндө берилген суроолордун баары жагат.
Үйүндөгүлөр эмне деп эркелетишет?
Апасы «Аярчигим», эжелери «Чипполино» деп эркелетишет.
Кичинесинде...
«Тентек болчумун, көп сөгүнчүмүн» дейт.
Билими...
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин бүтүргөн. Кесиби экономист.
Сын-пикирди кандай кабыл алат?
Керектүүсүн угуп, туура жыйынтык чыгарганга аракет кылат.
Дарегине айтылган эӊ жакшы комплимент...
Комплименттердин жаманы болбойт деп ойлойт.
Алдыга койгон максаты...
«Жаӊы толкун» сынагына катышуу.
Репертуарындагы ыр-клиптеринин саны...
2 клип, 7 ыры бар.

"Ата-энем менин эӊ башкы колдоочуларым".

"Учурда Жийдеш Идирисова менен "Карлыгач" деген ырыбызга клип тартып жатабыз".

Лунара Бекиева
star@super.kg



Айар: "Жашоомду ырсыз элестете албайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(45)
Медиа-портал
03.05.2015. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UAU! Video 60fps-te tartylyptyr! Super info azamattar! Bir suranych, HD formatynda koysonuzdar da ayabai sonun bolmok.
SUPER.KG видео
04.05.2015. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Айардын аябай башын айлантыптыр го Айзат,бат-баттан ар жагынан бери жагынан суроолорду жаадырып! Айар чыныгы таланттуу бала экен,"карындашым"деген ырын угуп аябай кызыккам кандай бала болду экен деп,корсо созу орду менен,токто муноздуу,татынакай жигит тура!Ийгилик!!!
04.05.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул ырчыны тааныбайт экенмин.
SUPER.KG видео
04.05.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Айар! Жакшы маек куруп бериптирсин. Чыгармачылык ийгилик сага иним!
04.05.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо эле го....
04.05.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan talanttuu jigit! Aiarchik, Onorun orkundoi bersin!
04.05.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чач, кирпигим узун, арыкчырай кызмын. Бирок жигитим бар.
04.05.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жердеш,Алга!
04.05.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вай э, жигиттин гүлү экенсиңго,ийгилик!
04.05.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун биринчи жолу уктум Айар деген ырчы бар экенин...
Медиа-портал
04.05.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айардын ырларын суйуп угабыз.уну дагы чырайы дагы келишкен мыкты жигит..Чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын..
Медиа-портал
04.05.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ыйгарган таланты бар жигит экен. Эмнедейбиз оркундой берсин Кыргызымдын эр азамат жигиттери, кыздары.
04.05.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун коргон жокмун, жакшы маек куруп бериптир. Ийгилик каалап коелу)) уялчааак жигитке.
05.05.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана жагымдуу адам, карап эле отургун келет...))) жонокой, кичипейил, токтоо, орду менен суйлогон жигит экенсиз, ушунунуздан жазбаныз. сизге ийгилик, ар дайым аман болунуз!
07.05.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynaikai,атасына да окшош экен.Атасынын өңү киноактерлордой экен
05.05.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диана менен болгон дуэти аабдан соннун да
05.05.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларын угуш керек экен
05.05.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун маек болуптурго ийгилик чыгармачылыгына.
Медиа-портал
06.05.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubina,
Саламатсызбы! Кандай катачылктар болуп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз, рахмат!
06.05.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец ! мага да карындаш деген ыры жакты
06.05.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенири учурда созсуз толук угуп окуйм. Айарга ийгилик
06.05.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Айар, чыгармачылык ийгилик байкелерин менен женен, братишкаларын сени менен. Караколдон - Нурзат, Наргиза, Улан, Жаныл, Байнур, Байтемир, Нуртайчик.
Медиа-портал
06.05.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эч качан мен сулуумун деп мактанбашы керек, кудайым берген сулуулука шугур дешибиз керек, эмне сулуу кыздын козун чайга кошуп ичет бекен, кыздын сулуулугуна эмес журогуно ыйманына караш керек.
SUPER.KG видео
07.05.2015. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир башкача бала экен ийгилик
07.05.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын эркегиндейле болда иним, корейлерди туурабай, ал чачын алып сал, экобуз барып 5гектар картошко чабышыбыз керек екен
07.05.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөнөкөй экен чынында, бирок Айар да көп ырчыларды туурап "мен" дебей "биз" деп сүйлөйт экен, чачыбызды жасайбыз жана ушул сыяктуу. Мен ушуга түшүнө албай койдум
07.05.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу ырчы. Азыркы очуп жанчу лампочкаларды артта калтырууга кучу жетет. Бирок бир аз жалкоолук кылып жатат окшойт.
08.05.2015. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, ийнилик сага!
Медиа-портал
13.05.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечекте коп нерсени багындырчу жигит жонокойлугунон жазба молодец
Медиа-портал
25.07.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
муноздоп бергендей кыз МЕН окшойм
24.08.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы жылы Айар тууралуу эч бир макала чыкпаптыр сиздерден сураныч.бир макала чыгарып койуңуздарчы сураныч
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: