АЗАМАТ САРЫБАЕВ «Адамга эмне керек?» деген ырына клип тарттырууда.
-

30-апрель күнү Чаткал районунда
ТААЛАЙБЕК БЕКТУРГАНОВДУ эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеде ырчынын чыгармаларын мыкты аткаргандардын арасында сынак жарыяланды.
-
KG ЭЛЬМУРАТ, БАКТИЯР ТОКТОРОВ жана «NO NAME» командасы Жеӊиш күнүнө карата Москвадагы кыргыздарга концерт коюшат.
-

Драматург
БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ эл аралык «Руханият» сыйлыгы менен сыйланды.
-
ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ Бишкекте, ДИНАРА АКУЛОВА Ошто өтчү концерттерине даярданышууда.
-
БАКЫТ ОСМОНКАНОВ уулуна тушоо той берди.
-
МИРБЕК АТАБЕКОВ 27-28-майда 10 жылдык отчёттук жеке концертин берет.
-
АКБАР СҮЙҮНБАЕВ чыгармачылыкка жаӊы кадам таштаган Бурулай аттуу ырчы кыз менен «Бул махабат» деген ырды жаздырып, клип тарттырууда.
-
«КУРМАНЖАН ДАТКА» тасмасы учурда Тегеран шаарында 33-жолу өтүп жаткан «Фаджр» эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүүдө.
-

Ырчы
АНЖЕЛИКА үчүнчү наристесин күтүп жүргөн кези.
-
Учурда Ош мамлекеттик университетинин педагогика илимдери боюнча аспирантурада окуп жаткан ырчы АЙПЕРИ КУЛБАЕВА кандидаттык диссертациясын жактоодо.
Гезитибиздин № 651-санында чыккан «Добулбас» тобу тарады» деген анонско «топ тараган эмес, анын бир гана мүчөсү кеткен» деп тактоо беребиз.
star@super.kg