Өктөм Сапар уулу учурда казак ырчысы, «Жылама жаным» деген ыры менен белгилүү болгон Гадилбек Жанай экөө дуэт жаздырып жатканын билдирди. «Гадилбек Жанай менин «Актриса», «Үлпөт той» деген ырларымды казакча ырдап жүрөт. Аны май айында болчу концертиме чакырып, кыргызча ырдатууну чечтим. Экөөбүз «Биздин жолдор» деген кыргыз тилиндеги чыгарманы дуэт аткарабыз. Тилибизде анча деле айырма жок эмеспи, Гадилбек кыргызча так эле ырдап калды. Эмгегибизге жакында күбө болосуздар»,- дейт ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.