ЭМЧЕГИМДИН ҮРПҮНҮН КЫЧЫШКАНЫ ЭМНЕДЕН?
– Канча убакыттан бери эмчегимдин үрпү кычышып, жанымды жай алдырбай келет. Бул эмнеден жана кимге күрүнсөм болот? Аэлита, Ош.
– Эмчектин үрпүнүн кычышуусу бир нече себептерден болушу мүмкүн.
-
Үрп кирдеп, микробдор көбөйгөндө үрп сезгенүүгө кабылат да, кычышуу башталат.
-
Эгерде аялдын цитрустардан аллергиясы бар болсо, дене менен кошо эмчектин үрпү да кычышуусу ыктымал.
-
Кычышуу синтетика бюстгальтер кийгенден да болот.
Айтаар кеңешибиз, диагнозду так билүү үчүн маммологго же дерматологго кайрылып, кеңеш алууңуз зарыл.
ПРОСТАТИТТЕН АЙЫГУУ ҮЧҮН ДАРЫ ЧАЙ БАРБЫ?
– Мен учурда простатит оорусунан дарыланып жатам. Доктурлар сунуштаган дары-дармектен тышкары дары чайды ичүү да жардам берет дешет. Мүмкүн болсо ошондой дары чай боюнча маалымат берип коёсуздарбы? Керим, Токтогул.
– Простатиттен айыгууда кеңири колдоно турган дары чай болуп «Фитопростат» эсептелет. Чай сезгенүүнү жоюуга, ооруган жердеги микробдорду өлтүрүүгө, гормоналдык алмашууну калыптандырууга, кан менен жабдууну жакшыртууга салым кошот.
Эскерте кетчү нерсе, аталган дарыны кабыл алуудан мурда дарыгериңиздин кеңешине кайрылууңуз зарыл.