9-Май күнү жааган жамгыр «чуу» салып өттү. Дегенибиз, интернет айдыӊына адегенде Казакстандын Атырау облусундагы мааракелердин биринде согуштун ардагери жамгыр алдында калгандыгы чагылдырылган сүрөт жарыяланган. Кызыгы, ал сүрөттө ардагер жамгырда суу болуп турса, анын жанындагы чиновник кол чатырдын астында турган. Албетте, бул сүрөт талкуу жаратып, казакстандык ал чиновниктин дарегине сын-пикир эле эмес, каргыш дагы айтылган болчу.
9-Майда Бишкектеги жеӊиш парады да нөшөрлөп жааган жамгыр менен коштолду. Түш оогондо жамгыр алдында калып, сыгып алма суу болгон ардагер карыянын байбичесин жетелеп жаан алдында бара жаткан сүрөтү интернетке жарыяланды. Айрымдар ал сүрөткө бийлик башындагы адамдардын кол чатыр алдында турган башка сүрөттөрүн да тиркеп жиберишти. Кызуу талкуу жүрүп, ардагерлердин мындай абалда калышына айрымдар бийликти күнөөлөсө, айрымдар табиятты, айрымдар болсо аларга жардамга келе албаган жалпыбызды, коомчулукту күнөөлөштү. Өкүнүчтүүсү, согуш каарын көрүп, тынчтык жашоонун ар бир күнүнө шүгүр эткен ардагерлердин бул сүрөтүн кээ бирлер саясатка айлантып, оппоненттерине сокку уруу үчүн пайдаланышты.
Бул окуя тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы: «Жамгыр жаай турганын билгенбиз. Андыктан Бишкектин төрт районунун акимчиликтери ардагерлерди үйүнөн алып келип майрамдатып, кайра үйлөрүнө жеткирүүгө милдеттендирилген. Милдеттер аткарылды. Болгону айрым ардагерлерибиз күтүлбөгөн жагдайда башка аймактардан келип калып, алардын жамгырда калган учурлары кездешти»,- деп түшүндүрдү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Порталда эрежелерди сакташыңыз керек. Эгер эрежеден сырт билдирүүлөр болсо, тиешелүү чара көрүлөт.
Озуно куйгондой элгеда куйо билишсечи чиркин!