Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АЛ КИШИ ӨЗҮНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН ЭЛЕ ЖАШАП КЕЛГЕН, ЖАШАП ЖАТАТ. БИЗДИН МАМИЛЕНИ ӨЗҮ ТОКТОТКОН»

№655 22-май-28-май, 2015-ж


Эстрада жылдызы Гүлнур Сатылганова уккулуктуу үнүнүн күчү менен сахнадагы популярдуулугун кармап келсе, шаӊкылдаган күлкүсү бөлмөнү бөтөнчө шаӊга бөлөйт. Дайыма жаштардын курчоосунда жүргөнүнүн таасириби же жашоосунда бурулуш болдубу, акыркы убакта өтө жашарып кетти. Анан да жеке жашоосу чүмбөтүн ачып, коомчулуктун талкуусуна алынды. Биз ырчынын ары кызыктуу, ары тынымы жок, ар дайым күйөрмандарынын көӊүл борборунда болгон жашоосу туурасында сүйлөштүк.

– Амансызбы, Гүлнур эже? Акыркы учурда «такыр эле колум бошобой жатат» деп калдыӊыз, эмне менен алпурушуп жүрөсүз?
– Ошко беш күндүк концерт берем деп болгон убактымды, күчүмдү ошол жакка жумшап тыным ала элекмин. Мен Ошко тойлорго барганым менен, жеке концертимди сегиз жылдан бери бере элек экем. Ал жакка мыкты бийчилер, сахнада жандуу ойногон музыканттар курамын түзгөн чоӊ коллектив менен барам. «Миӊ уккандан бир көргөн артык» деген ураандын алдында мени сагынган, көргүсү келген күйөрмандарымды концерттен күтөм.
– «Уулум Кытайдан келди» деп жаттыӊыз эле, чыгармачылыгыӊызга киришип, кээде кол кабыш кылышабы?
– Уулум чыгармачылыгыма көп деле кийлигишпейт. Бишкекте бир жарым ай каникулда жүрүп кетти, эми жайында келет. Окуу жай эл аралык болгондуктан билим алуу англис тилинде жүргүзүлөт. Түрк лицейин бүткөн, англисче мыкты билет. Учурда кытай тилин үйрөнүүдө. Арнас лицейди бүткөндөн кийин 3-4 мамлекеттин окуу жайларына тапшырып, баарына өтүп кеткен эле.
Мен Түркияда же бул жерде окушун каалагам, бирок укпай койду. Бала чоӊойгондо өзүнүкүн бербей калат тура. Кичинекейинде бронхит болуп ооруган, дарыгерлер «океанга жакын жерде жашаса, деӊиз абасы жакшы жардам берет» дешкен. Балам азыр Кытайдын Далянь деген туристтик шаарында, деӊизге жакын жерде окуйт, ал жакты деле тандаганы жакшы болду деп калдым.
– Кытайда окуган баласы бар ата-энелердин «көп акча кетет экен» деп кыйналып жатышкандарын уккам, сиз кыйналган жоксузбу?
– Мага деле кыйын. Ар бир ата-эне балам билимдүү болсун деп тапкан-ташыганын уул-кызына чаптайт эмеспи. Ырдап тапкан акчамдын баарын ай сайын уулумдун тамак-ашына жөнөтөм, жылына 10 миӊ доллар окуу акысын төлөйм. Баламдан башка эмнем бар? Жумшай турган бизнесим болбосо же байлык топтоп жатпасам.
– Уул баланы атага жардамчы, кызды энеге курбу дешет, кызым болсо деп өкүнгөн учуруӊуз болду беле?
– Албетте, өкүнөм. Жок дегенде 3-4 балалуу болом деп кыялданчумун. Негизи Кудай адамга 3-4 жол берет, ошонун бирөөсүн өзүбүз тандап алат экенбиз. Ошондон улам адам тагдырын өзү курат дегенге ишенем. Балким, мен жашоомдо чыгармачылыкты биринчи орунга койгондурмун. Мүмкүн, көп бала-чакалуу болуп жашай турган адамды жолуктурган жокмун. Бул эми тагдыр да.
– Сиз менен биринчи баарлашкан адам өктөм сүйлөгөнүӊүздөн улам орой деши мүмкүн, ошондон улам да жигиттер сизге сүйлөгөнгө батына алышпаса керек?
– Койчу, ошондой ороймунбу? Андай деле эмесмин го. Балким, атым чыгып калгандыктан сүрдөшөттүр, кээ бирөөлөр мени «теӊсинбегендей, бой көтөргөндөй көрүнөсүӊ» деп калышат. Тескерисинче мени менен иштешкендер мага тартылат, кеӊеш сурашат. Мени менен мамиле кургусу келишет, себеби алар мүнөзүмдү жакшы билип калышкан.
Адамда көптүн ичинен суурулуп чыгыш үчүн мүнөз болуш керек. Мен бала кезден эле бир туугандарыма караганда тыӊ окшойм. Аларды башкарып алчумун, улуу бир туугандарым дагы улуусунбай, кеп-кеӊеш сурап кайрылышчу.
Адам таптакыр эле жоош болуп оюн айта албаса, ошол боюнча эле өтүп кетет. Эгер мен максат койсом, сөзсүз жетем, тоскоолдуктарды жеӊем. Жашоодо бир нерсени
байкап жүрөм. Ар бир нерсенин убактысы болот экен. Аны күтпөй эртеле бир нерсени баштап ага жетем деп тырмыша бергенимден майнап чыкпайт.
– Акыркы учурда жашарганыӊыз байкалат, сыры эмнеде? Балким, жашооӊузда өзгөрүү болгондур?
– Жок, ай, өзгөрүү деле болгон жок. Дайыма бир калыпта жүрө албайм, өзгөрүп турганды жактырам. Эксперимент деп чачымды кырктым, бир аз арыктадым. Кайрадан машыгуучу залга бара баштадым. Мурда барып жүрүп таштап койгон элем. Окумуштуулар «бардык оорунун дарысы – спорт» деп айткандай, спорт менен машыксаӊ дениӊ сак болот. Биз, адамдар, өтө жалкообуз, кыймылдабай отуруп алып эле тамак жей беребиз. Мен машыктыруучунун көзөмөлүндө гана чуркайм, гантель көтөрөм, пресс жасайм. Мурун эртеӊ менен кеч турсам, азыр эрте туруп калдым. Ошонун таасири менен учурда сергек, жеӊил жүрөм. Жаш көрүнүшүмө ушул нерселер себеп болсо керек.
– Интернеттеги баракчаӊызга илген сүрөттөрүӊүздөн улам дайыма жаштардын айланасында экениӊизди көрөбүз. Алар менен баарлашуу сизге эмнеси менен кызыктуу?
– Чыгармачылыкта жүргөн жаштар мени жакшы көрүшөт, сыйлашат. Көбү менин ырларымды угуп чоӊойгондор, туулган күндөрүнө, тойлоруна чакырып турушат. Мен да чакырган жерден калбай барам. Барбай койсоӊ таарынып калышы ыктымал. Эс алганы тоого, киного чогуу барып калабыз. Чын эле өзүм курактуулар менен башынан эле чогуу жүрбөйм.
– Сырыӊызды жашырбай айткан, өзүӊүз ишенген курбуӊуз барбы?
– Мени менен дос болом, катташам деген тааныштарым толтура. «Кел, экөөбүз катташалы» деп 1-2 жолу чай ичишкенде эле достук уланып кетпейт. Жылдызыбыз, мүнөзүбүз, көз карашыбыз келишсе анан катташабыз да. Адамдын кандай экенин бир сүйлөшкөндө эле баамдап калдым. «Көрө-көрө көсөм болот» дегендей, жыл өткөн сайын психолог болуп калат экенсиӊ. Мурун досторум көп болчу, азыр иргелип отуруп 2-3 эле курбум калды.
– Каалаӊыз, каалабаӊыз, мурунку башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен болгон мамилеӊиз туурасындагы макала коомчулуктун талкуусуна алынып кетти, буга кандай реакция кылдыӊыз?
– Биринчиден, эки адамдын ортосунда болгон жеке мамиле коомчулукка чыкпашы керек эле. Кандай болгон күндө да ал экөөбүздүн гана ортобузда болгон мамиле да. Демек, ал макала атайын мени каралоо үчүн буйрутма менен жаздырылган. Аны ким жаздырганы түшүнүктүү...
Мени аябай жамандаган бул макала чыкканда элге ыраазы болдум. Жүз пайыз мени колдоп, таламымды талашып, коргоп келишти. Ошондо элдин кызы экениме, артымда мени колдоп турган элим бар экенине сыймыктандым. Ооба, бир да жооп жазган жокмун, себеби ал жерде жазылгандын токсон пайызы калп. Жооп жазып, алардын деӊгээлине түшкүм келген жок. Эмне үчүн жеке турмушумдагы бирөө менен болгон мамилени коомчулук менен талкуулашым керек? Баарына Кудай күбө.
– Сизди ал кишини колдонуп, анан оор учурда таштап кетти деп жазышты...
«Таштап кетти, пайдаланды» деген сөздөр суу кечпейт. Мен ал кишини таштап кеткидей официалдуу жубайы белем? Ал өзүнүн үй-бүлөсү, бала-чакасы менен эле жашап келген, жашап жатат. Биздин мамилени өзү токтоткон. Биз дос мамиледе калгандан кийин ал макаланын коомчулукка чыгышына жол берилишине таӊ калдым. Менден душман издегени туура эмес болуп калды.
– Маегиӊизге рахмат!

"Мен уулумдун Түркияда же бул жерде окушун каалаган элем, бирок укпай койду. Бала чоӊойгондо өзүнүкүн бербей калат тура".

"Чын эле айланамдагылар жаштар. Өзүм курактуулар менен башынан эле чогуу жүрбөйм."

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(80)
25.05.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланттуу ырчы да үй-бүлөлүү еркек менен мамиле жасаган екен да, аттиң...
25.05.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kee bir erkekter ushundai juzu jokta,prokuror baike ysygyna kuiup,suuguna tongon jubaiyn unutup,bashkalar m.n mamile tuzgon ekenda.Kim bilet balkim jubaiy janynda bolbogondo prokuror da bolboi kalmak belee.Aialyna boorum oorudu.

A Gulnur ejege chygarmachylyk iigilik kaalaim.
25.05.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз дос мамиледе калгандан кийин ал макаланын коомчулукка чыгышына жол берилишине таӊ калдым.

А мурда кандай мамиледе экен???


Баласы тамашоунун оюнчусубу???
25.05.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол прокурор мн болгон маектин ссылкасын иаштап коюнуздарчы .
25.05.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aqua-94mema,ооба мен да окугум келип атат, жанылыктан артта калган турбаймынбы
25.05.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу ырчы. Ырлары да жакшы, уккулуктуу.
25.05.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жонокой эже.Абдан баалайм 2-3 жолу суйлошуп коргом адамгерчилуктуу тушунуктуу Эже.Ийгилик каалайм
25.05.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмурза азыркы кундо ырчы Азизанын жолдошу беле?
25.05.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур абдан таланттуу ырчы, анын жеке жашоосун эмне кыласынар,мен бул ырчы менен сыймыктанам. Россиядан барганда созсуз концертине барып созулган унун угуп ырахат алып кайтам. Талантын оркундой берсин.
25.05.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуулугуна чек жок!
25.05.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унунузго береке!мен жактырган ырчы айым, жакшы маек болуптур ийгилик сизге
25.05.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто беш кун концерт бергенден коро ошол беш кундун эки кунун Жалал-Абадтта берсе болмок... Аябай куттук эле.
25.05.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким өзү билет кантип жашашты. Гулнур эже деле аял. А аялга ишеничтүү бир эркек болсо, бакыты бүтүн болот. "Жүрдүм, колдондум, таштадым" деп прокурор өзүнүн дээңгелин көрсөттү. Гулнур эже азамат экен,эркектин ишин кылып унчукпай кутулду. Эми уулуңуздун жакшылыгын көрүп, этек толо небере багып бакытка балкыңыз.
25.05.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Эрки бекем айым. Ийгилик!
25.05.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушу адамдарга тан каласын чын айтат бироо менен бироонун, жеке турмушу менен иши эмне ар ким озун билсинда.
25.05.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже ишинизге ийгилик,Ошко тез-тез келип турсаныз сегиз жыл куттурбой
25.05.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай таланттуу болобу эл адамы болобу ынсап берсин баарыбызга! Уйбулолу эркек менен мамиле курганы бул уят эле! Канча бойдок эркектер журот, ошолор менен мамиле курсун!
25.05.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
саламатсыздарбы супер инфо ошол прокурор мн болгон маек ссасылкасын таштап койо аласыздарбы алдын ала чоон рахмат.
25.05.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элеге улгу болчу адамдар ушинтип жатса кайда барабыз? Жакчы жанылып журупмун. Ошондой кариерадан коро семья кутсон андай жолго барбайт элен
25.05.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журобу журбойбу силерге эмне .Силердики эмне таптазабы ,озунор эмне иш кылдынар мамлекет учун ?Бул озунун жеке жашоосу . Эжекебиз менен эл сыймыктанат
25.05.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулнур эже чыгармачылык ийгилик жана эргуу каалайм.сиз кыргыздын сыймыгысыз! Эл айта берет,конул бурбаныз.эч кимдин,эч кандай акысы жок,жеке турмушка кийлигишкенге.
25.05.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Журсо журуптур мамилеси келишип, тагдыры бир эмес экен болгону. Озубуз эмне суттон акпызбы? Эже, бактылуу болун жашсыз, сулуусуз. Талантынызга соз жок.
25.05.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам эки жол менен жашайбыз, закон, дин, загс, нике, анан мамиле а бул мамиле эмес кылмыш, куноо, кыргызга болбойт уят айтпагыла жаштарды адаштырасын
25.05.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге эле Гульнур эжеден интервью алганда кайгылуу нерселер жонундо суйлошосунор! Эжебиз азамат сизге ийгилик, талантынызга таазим. Алды дагы концерттеринизди ийгиликтуу откозуп алыныз.)))
25.05.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото эле майдаланып, анан минтиптир,анан тигиндей болуптур деп аки-чукусуно чейин аралаша бербегиле. озу айткандай граждандык никеде жашап коруптур,жылдыздары келишпептир,экоо эки башка жолго тушушуптур дегендей. Башка олколордо мындай нерселер конумуш эле белгилуу адамдардын арасында,айрыкча артисттерде. кайра-кайра козгой бербегиле эми.
25.05.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу жалгыз баласын окутуп,чыгармачылыгына да жетишип жатат.Ийгилик!
25.05.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур Сатылганова эл сыймыгы! Оз жеке жашоосундагы иштери учун жооп берчу жерде жооп берет. А биз азыр Ошто "мазза" кылып концерт коробуз. "Дуйнооооо жашарааат бар учун мааахабааат!!! Юхууууу!!!!! Унунуздон эй!!!"
25.05.2015. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин кызы эмес бул ото эле мерез адам, ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-05-26 10:12:13
25.05.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Elika,бишкек сенин олкондун борбору эмеспи?ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-05-26 10:13:27
26.05.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmi, ХХХ Кыргыздар 20миллион калк болсок ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-05-26 10:13:52
26.05.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zinaniz, gulmi, жеке айтышууларга жол жок! Билдирүүлөрүңөр түзөтүлдү!
26.05.2015. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elika,бул эмне деген созунор? Тушунбодум?
26.05.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elika, бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
26.05.2015. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коро албастык неге гана алпарбайт.. Гулнур Сатылганованын ырларын суйуп угам. Чыгармачылык ийгилик!!
26.05.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырлары жагат Гулнур эжекенин
26.05.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулнур эже азамат, ушул атка, данкка, денгээлге оз кучу менен жеткенине ишенем. Анткени гулго чапса да бозорбогон алтын уну бар. Сиз уй-булону тандасаныз балким унунуз Бутун Кыргызстанга мынча жанырмак эмес.Артка жол жок. Бир гана алга!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: