Күнүмдүк тиричиликке байланышкан же болбосо чечүү кыйынга турган үй-бүлө маселелери адамды туӊгуюкка такап, чайналган учурлар болот. Көбүнчөсү мыйзам чегиндеги чечимди талап кылгандыктан, окурмандардын суроолоруна Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
«ЖОЛДОШУМ ТӨЛӨГӨН АЛИМЕНТИН КАЙРА АЛАБЫ?»
– Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Балдарыма алимент төлөбөй жүрүп сотко жазган арызымдын негизинде жакында эле 40 000 сом төлөтүп алып, кайра тосмо арыз жазып бердим. Жолдошум башкага үйлөнүп, 2 балалуу болгон. Эми сот «алимент төлөөчүнүн балдары бар экен, сага төлөнгөн акчанын канча бир бөлүгүн алып, мындан ары төлөнчү алиментти кыскартуу керек» деп жатат. Бул мыйзам чегиндеги нерсеби?
Анара, Токтогул району.
– Сот эч качан «алимент төлөөчүнүн балдары бар экен, сага төлөгөн акчанын канча бир бөлүгүн алып, мындан ары төлөнчү алиментти кыскартуу керек» деп айтканга укугу жок жана антип айта албайт. Себеби жолдошуӊуз бирөөнүн балдарына эмес, өзүнүн балдарына алимент төлөгөн жана балдар 18 жашка толгонго чейин төлөөгө милдеттүү. Аталык укугунан ажыратылган күнү деле алиментти төлөшү керек.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg
Сурооңузду kenesh@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтүңүз.
Бул дарекке кирбейсиз, өзүңүздүн электрондук дарегиңизден ушул дарекке кат жөнөтөсүз. "Кому" же "То" деген сапка kenesh@super.kg дарегин жазасыз.
Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Жооп алып берүүгө аракет кылабыз. Өкмөткө суроолоруңуз бар болсо, төмөнкү шилтеме менен өтүп тема ачыңыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
Өкмөткө суроолоруңуз бар болсо, төмөнкү шилтеме менен өтүп тема ачсаңыз, жооп алып берүүгө аракет кылабыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
Саламатсызбы? Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Жооп алып берүүгө аракет кылабыз. Дагы суроолоруңуз бар болсо, kenesh@super.kg дарегине кат жөнөтүңүз.