Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЙДООЧУ МАИЧИНИН ОГУНАН КАЗА ТАПТЫ

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж


11-июнь түнү Чүй облусуна караштуу Беловодск айыл аймагынан Жол кайгуул кызматынын кызматкери 23 жаштагы жигитти атып салды. «Адамды ит аткандай атып салат деген эмне тамтык? «Карга карганын көзүн чукубайт» кылып ишти жаап салбай, укук коргоо органдары акыйкат чечим чыгарышын күтөбүз» дейт маркумдун туугандары.

«КАЛЫСТЫК БОЛБОСО ӨЗҮМ ӨЛТҮРӨМ»
Маркум Тилек Шабаев жерге берилген. Уулунан айрылып буурчактап аккан көз жашын тыя албаган атаны кайдигер карап туруу мүмкүн эмес. Маркумга куран түшүргөн соң, атасы Шурубек Шабаев «балама ушинтип алакан жайып куран окуп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес» деп окуя тууралуу айтып берди.
– Уулум Тилек 1992-жылы туулган. Апасынын каза болгонуна жыл да айлана элек. "Апамдын ашын бергенден кийин үйлөнсөмбү?" деп жүргөн эле. Тилек Москва райондук мамлекеттик каттоо кызматында иштечү.
11-июнь күнү эртең менен жумушка кеткен. Мен аны дайыма эртең менен "жумушка бар" деп ойготчумун. Кечиккенине кабатыр деле болгон жокмун. Анткени ал жумуштары бүтпөй калса кечке чейин калып иштей берчү. Түн кирип калганда улуу балама кесиптештери телефон чалып, "иниң автокырсыкка кабылды" дешиптир. Ызы-чуу түшүп ооруканага бардык. Балам өзүнө келет деген үмүтүм эң акыркы болуп өчтү. Жандандыруу бөлүмүнүн врачтары аны сактай албай калышканын угузушту.
Күбөлөрдүн айтымында, уулум өзүнүн Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаасына кесиптештерин салып, жумуштан кийин эс алууга барышыптыр. Кечки саат 21:30дар чамасында аларды үйлөрүнө жеткирүүгө бара жаткан экен. Ошол маалда Жол кайгуул кызматкерлери кызматтык эмес, жеке менчик унаасы менен кууп келип, уулумду токтотууга аракет жасашыптыр. Айласы жок токтогон уулумду алардын бири эч кандай эскертүү бербей эле атып салыптыр. Айдоочу отурган тараптан, оң жактан келип аткан экен, ок Тилектин колун тешип өтүп, боор, ашказанын жойлоп барып кабыргага такалып калыптыр. Ушул алган жаракатынын айынан ичине кан толуп, кан басымы түшүп, эсине келбей каза болду. Тилекти аткан Вахиджан Салимбаев деген МАИ кызматкери тергөөдө берген көрсөтмөсүндө «Унаанын айдоочусу тосконубузга жана жол чырактын кызыл жарыгы күйгөнүнө карабай жогорку ылдамдыкта айдап өттү. Биз артынан кубалап айдасак, ылдамдыгын ого бетер жогорулата берди. Айдоочуну токтотуу үчүн биринчи асманга ок аттым. «Токто, атам!» деп эскерттим. Шабаевдин көрсөткөн каршылыгынан жыгылып бара жатып тапанчамдан дагы бир ок атылып кетти» деп көрсөтмө бериптир. Ушул кантип болсун? Ишти дагы «карга карганын көзүн чукубайт» дегендей, эптеп-септеп чампалап жаап салбасын деп Асыл-Баш айылынын эли, туугандары, кесиптештери баары биригип прокуратуранын алдына чогулдук. Мага баламды аткан Салимбаевди көрсөтүштү. «Баламды эмнеге аттың, айтчы?!» десем, «Кечирип коюңуз, байкабастыктан кырсык болуп атып алдым» деди. Ушинтип эле кызмат абалынан пайдаланып, адамды итче көрбөй ата берген болчу беле?
Демократиялуу өлкөдө эч качан бейчеки адам өмүрү кыйылбашы керек болчу. Баламдын өлүмү мени мындай ишенимден тайдырды. Эгер менин баламды аткан кызматкерди жеңил жаза менен бошотуп жиберсе, анын өмүрүн өзүм кыюудан кайра тартпайм!

«ТИЛЕК ИЧИМДИК ИЧКЕН ЭМЕС»
Окуя болгон убакта маркумдун жанында чогуу болгон кесиптештеринин бири КЕРИМ АКМАТОВ окуяны төмөнкүчө сүрөттөп берди.
– Тилек мага инимдей эле болуп калган. Ал улуулардын айтканын эки кылчу эмес. Ошол күнү Тилектен башка дагы 3 кесиптешим болуп тамактанып, ичимдик ичкенибиз да чындык. Бирок Тилек унаа башкарып жүргөндүктөн ичкен эмес. Кечинде ал баарыбызды жеткирип коёюн деген. Бир маалда ал «күзгүдөн карасам бизди жанатан бери эле бир унаа аңдып келе жаткандай болуп жатат» деп калды. Ылдамдыгын жогорулатты, бирок тигил унаа артыбыздан калган жок. «Качайынбы, эмне кылайын?» деп бизден сураганынан биз да эмне кылышыбызды билбей, «токтобой эле кой» дедик. Кандай унаа, ичинде кимдер бар, балким, карасанатайлык менен бизди бир нерсе кылып, унаабызды тартып алалы деген немелерби деп оюбузга ар нерсе келди, корктук. Бир маалда катарлаш келип калган унаанын ичинде МАИнин формасын кийген киши бар экенин көрдүк. Ошондо гана бизди кубалап келе жаткан унаада МАИ кызматкерлери бар экенин билип, Тилек унаасын токтотту. Бирок көз ачып жумгуча ичинен бирөө түшүп келип Тилек отурган жактын терезесинен аны атып таштады. Сынган айнектин майда бөлүкчөлөрү бизге чачырап кетти. Тилек тырмалап жатып эшикти ачып, жерге кулап түштү.
Баарыбыз дендароо болуп эле туруп калдык, унаадагы кыздар кыйкырып ыйлай башташты. 15-20 мүнөт аралыгында МАИ кызматкерлери өздөрүнүн унаасына Тилекти салып, ооруканага алып кетишти. «Тез жардам» чакырабыз дегенибизге алар көнгөн жок. Жарым сааттан ашык убакыттан кийин алардын кызматтык унаасы келип, бизди прокуратурага алып жөнөштү. Менчик унаалары менен эмнеге антип кубалашат? Эгер патрулдагы унаа болсо, биз деле Тилекке качпа демекпиз да.

«ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТКЕРИ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ»
Учурда Тилек Шабаевди атып өлтүргөн Москва РИИБинин Жол кайгуул кызматынын кызматкери 2 айга камакка алынган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын инспектору ТИЛЕК ОТОРОВ билдирди:
– Бул ишти Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы иликтеп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. Маркум Шабаев кызыл жарыктан өтүп кеткенби же ичимдик ичкенби мунун баары тергөө иштеринин жыйынтыгында билинет. Ал эми биздин кызматкерге келсек, анын айтымында, Тилек Шабаев салонуна ичимдик ичкен адамдарды салып алып, Жол кайгуул кызматкерлеринин тосконуна токтобой, башкаларга коркунуч жараткан жогорку ылдамдыкта айдап бара жаткан.
Ооба, орган кызматкерлеринин укук жана милдеттеринде көрсөтүлгөн алгач асманга ок атуу же унааны токтотуу аракетинде дөңгөлөккө атуу сыяктуу ыкмалар Жол кайгуул кызматкери тарабынан аткарылган эмес. Анын үстүнөн прокуратура тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жол кайгуул кызматкери тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Айдоочу МАИ кызматкеринин огунан каза болду

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(88)
Медиа-портал
21.06.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
деги эле бизде маи кызматкерлерин тоготбой мамиле кылабыз,мыйзамга баш ийуу деген жок.токтоп документин корсотуп коюу оорбу. мас болгон болуш керек деп тыянак чыгардым. антпесе неге качат.бандит дегенине ишенбедим бандит деле жинди эмес корунгонду кууп кеткидей.жайы жанатта болсун.жаш жигит экен.ата энесине сабырдуулук тилейм.ата энени баладан айрыбасын кудайым.мындан откон азап жок ата эне учун.
Медиа-портал
22.06.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lale82,
Медиа-портал
21.06.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх боптур гаи туура эмес дейли,чырактай бала токтоп эле койсо гоо.
SUPER.KG видео
21.06.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанаттан болсун
22.06.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун.Сабыр кылыныздар.
А маи кызматкери эмне озу ичип алган эмес экенбеле токтобосо да атбаш керек окуп алып жаным чыгып кетти ХХХ ХХХ ит аткандай тушуп келип атып салганы акмакчылык,омур бою турмодо чиритиш керек.
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-22 18:03:29
22.06.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
балада куноо жок, себеби артынан андып келиптир ж.о.э кызматтык автоунаада эмес. Маи кызматкерлери копкон оздорун да текшериш керек балким ичип же чегип алган. Жаткан жери жайлуу болсун уй булосуно сабыр.
22.06.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Эгер ичимдик ичпесе токтомок болсо керек эле. Кандай болсо дагы ГАИ кызматкерине реакция берип токтош керек болчу. Айдоочунун озундо куноо. Качып кетип жатса унаанын ичинде коркунучтуу кылмышкер бардыр, ошентип бейбаштык жасаса, атканы туура.
22.06.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи жеке унаа менен тосконго болбойт тем болеее артынан кууганга эгер окуя так ушундай болгон болсо балада куноо жок
22.06.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне бул жерге МАИнин туугандары топтолгонбу?кайсы женилдик?адам олуп атат го бул жерде!ачуусу келсе атып салабы?менчик машинада кууса озу.атасынын куйутучу?жазасын алсын ГАИ сорой.
22.06.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГАИ камалсын!акыйкат болсун!
22.06.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"..Тилек Шабаев салонуна ичимдик ичкен адамдарды салып алып,.." Эмне ичимдик ичкендерди машинага салып алып айдаса болбойт бекен, кайсы мыйзамда бар экен???))))
22.06.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазасын алыш керек камалсын
22.06.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамда жеке машина менен тосконго болбойт. Буга эмне жин тийгенби машинанын донгологуно атса болмок. чын-чынында кандай болгонун Тилектер гана билет...
22.06.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менчик машина менен кубалаган болбойтда. Ким экенин билбейсин кечинде. Жанын чыгып кетип жатсада неге атат. Адамдын омуруго. Ит аткандай атып салбай.
22.06.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Менимче бала кызыл тусто гаини корбой айдап отушу мумкун. Балким шериктери айдай бер деген. ошол сыяктуу откон аны коргон гаи кууп жоногон машина кууганын сезген бала катуу ылдамдыкта журо баштаган акыры жетип келип токтотуп коркутуу учун айнегине аткан. Коркон бала айдап жоногонго аракет кылган качып кетет деп ойлоп гаи колуна аткан бирок олтуруп алам деп ойлогон эмес. Натыйжада бала олгон. Эми ким куноолуу а.?
22.06.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтоткондо ага каршылык корсотуп жатса атса жарашмак анан токтогон адамды атып салгыдай эмне асмандан тушту беле?
22.06.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маичилер копдуго не мыйзамды озунун жеке машинасы мн тосуп аз келгенсип атып салып эй наадан жапшаш баланын омурун кууратдынго жазасын алып камактан башын чыкпаса екен.тилек жаткан жери жайлуу болсун,
22.06.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныздар жакындары, эч жакшылык корбой кетип калды, ГАИшники виноваты 100%, машина не гос. почему он должен останавливаться при том случае они заметили что за ними преследуют он не уехал же когда его остановили ГАИ, жалко мальчика из за халатности сотрудников страдаем мы карапайым эл.
22.06.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балада эч кандай куноо жок деп ойлом.Менчик машина менен кубалаптырда тим боле андып келген деп атпайбы
22.06.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи акыркы куну Маи кызматкерлери кутуруп баратышат, Мында мурда эле Кара Балта шаарында да 2 Маи кызматкери бирин бир атыша кетти эле, эми минтип Маинин колунан бир адам кайтыш болуп кетти.
SUPER.KG видео
22.06.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучту окуя
22.06.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы саламат,арты кайрылу болсун!алардын жанында болбогондон кийин андай мындай деп айтуу кыйын!маинин шейшеби коктолот экен, 2.3ай куковать этип чыгып кетет.берки маркум балага жаман болуптур уйлоно да элек тура,мандайына жазган жашоосу 1ок менен токтоду.аттин!атасы, жакындары кайрат кылгыла!
22.06.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы айланайын,токтобосо эле кантип атып салсын!!!!!Донгологуно атсын,машинаны атсын,адамды кантип эле олтуруп таштасын!Айбанчылык да,болгондо да,менчик машинасы менен!!!!!!!!!!!!!
22.06.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzhta,kyrgyzqylykta.maxina menen kaqty dep adam omuru menen oyinoxuu kandayi kana ayibanqylyk!!!
25.06.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Латын тамгаларын да туура жазалбадынбы? козду ойкойт экен.
22.06.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МАИчилер чынында абдан кооп кетишкен,жон жерден деле токтотуп,тим эле кылмышкерди кармагандай док кылып суйлошот. "Кыргызга амал тийсе бир жерине шамал тийет" деген чын да. Кайран жигит,артында туяк да калбай,кайдагы бир ХХХХ МАИчинин колунан коз жумуптур. Апасы да жок экен,атасына кайрат айтабыз. Кылмышкер чын эле куноолуу болсо бул дойнодо болбосо да тиги дуйнодо созсуз Алланын жазасын алат.Жакындарына сабыр берсин.
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-22 18:03:51
22.06.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аны айтасынаар-муну айтасынаар КРде мыйзам карапайым эл учун эле иштейт.Тиги ХХХ ХХХ (МАИ кызматкери)актап салышат.Алар бири-биринин козун чукушпайт
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-22 18:04:15
22.06.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bars06, Stervochka, mirana9395,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болгула!
22.06.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз токтобой качсак эле ата беришеби?, анда бир дагы чиновник (акчасы коптор) калмак эмес, баарын ГАИлер атып туготмок! ГАИшники совсем обнаглели,чонтогундо акчасы жок калдыбы, бир бактын артына тура калышат,бир таякты кармап, аялынын машинасын айдай калып!!
22.06.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми маичини жеке автоунаада тосконун корсонор ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-23 11:37:24
23.06.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz,
Провокацияга жол берилбейт! Эскертүү!
Медиа-портал
22.06.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арты кайырлуу болсун! Топурагы торко болсун! Ата -энесиге конул айтам кайратуу болунуздар! Аллахым озу жазаласын! Сотту созбостон окумун тез чыгарсын соттор эми ойдон тоодон суйлобостон!
22.06.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
МАИ кызматкери колу менен кылган нерсени башы менен тартсын.кантин эле капыстан ок чыгып кетсин .анда пистолеттин жаны бар экенда а озунон ОЗУ ок чыгып кетсе.озунун жумуш абалынан пайдаланган да всегда органдагылар прав болот деп.качса эле атып салса анда олбодубу Баары олуп кырылып калмак жарымыбыз.
22.06.2015. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекеттик эмес жеке менчик машинасы менен кубалаганга эч акысы жок болчу МАИчилердин .Бала озу куноолуу депсинер копчулугунор жон эле МАИ деген жазуусу жок машина аткылап кубаласа мас эмес соо киши деле качат да андан эки кун мурун аялы менен уруша кеткен имиш МАИчи аялы менен урушкандын баары аткылап отурса киши калабы.Жазалаш керек копкон немени жапжаш баланын омурун кыйды коркоо.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: