Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Нурзат Токтосунова, «Заманыбыздын супер алпаруучусу» : «ЖОЛДОШУМ 10 КҮН АРТЫМДАН ЖҮРҮП ТУРМУШКА ЧЫГУУГА КӨНДҮРДҮ»

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж


Бүгүнкү маектешим сөзгө чечен. Маек учурунда берилип сүйлөгөнүн көрсөң, өзүң кошо анын жан дүйнөсүнө кирип кетесиң. «Заманыбыздын супер алпаруучусу» Нурзат Токтосунованын калың эл менен бөлүшө турчу кубанычтуу жаңылыгы бар.

– Нурзат, саламатсызбы? Бүгүн өзгөчө кулпуруп турасыз, мындай өзгөрүүнүн сыры эмнеде?
– Кандайсыздар? Рахмат, комплиментиңизге. Эми билбейм, адам ар кандай убакта өзгөрүүнү каалап турат экен. Ошол өзгөрүүлөр жакшы тарапка эле болсун. Ал эми өзгөргөнүм өзүмө байкалбай эле, чачымды бир аз кыскартып, чач жасалгам башкача болуп калды. Менимче, өзгөрүүнүн сыры кубанычта го. Балким, ичтеги кубаныч менен гармония айкалышып жатса керек.

– Жашооңузда да өзгөрүү бар экенин билебиз...
– Ооба, баары жакшы. Турмушка чыктым. Жолдошумдун аты Максат, Нарындан болот, үйдүн кичүүсү. Учурда жолдошумдун ата-энеси менен жашап жатабыз. Мен көпкө чейин турмушка чыкпайм го, ушинтип эле иштеп жүрө берсем керек деп ойлогом. Бирок тагдыр буюрса болот экен.

– Кыз кишинин колун суроо нике шакек салгандай эле салтанат эмеспи, сиздин колуңузду кантип сурады?
– Максат менен эки жылдан бери таанышмын. Ал мен түптөгөн «Нур» мектебинин бүтүрүүчүсү, кийинчерээк менин алпаруучулар мектебимде окуучуларыма сабак берип, чоң жардамчыма айланган эле. Максат сүйүүсүн билдиргенде эле дароо колумду сурады. Баары мынчалык тез болуп кетерин күткөн эмесмин. Чынында, биринчи күлкүм келди. «Мен сени сүйөм, мен сага үйлөнгүм келет. Ооба дебе, жок да дебе, жөн гана ойлонуп көр» деди, болду. Буга чейин аны болочок жолдошум катары такыр карап көрбөптүрмүн. Ушундай күтүүсүз жагдай өмүрүмдө биринчи жолу болду. Көрсө, тегерек-четти карап жүргөн деле жакшы экен. Неля айткандай, Бакыт, Таалайлар жаныңда эле жүрөт тура.

– Анан кантип макулдугуңузду бердиңиз?
– Эми мен жаш эмесмин, баарын анализдеп, ар тараптуу ойлонуп жыйынтык чыгардым. Колумду сураганда эле «ата-энең эмне дейт, эл эмне дейт, сен менден кичүүсүң, бойдоксуң» деп бир топ акыл айттым. Жок, Максат өзүнүкүн берген жок. Он күн артымдан жүрдү, он күнү тең «жок болбойт, мүмкүн эмес» деп туруп алдым. Максат өзү да сөзгө чечен жигит, «менин бактылуу болгум келип жатса, ата-энем эмнеге каршы болсун? Эл сага күйөө болуп береби, бойдок болсом эмне кылайын, сени макул кылдырыш үчүн үйлөнүп, кайра ажырашайынбы?» деп көгөрөт. «Ойлонуп көрчү, эки жыл бою бир эркек жөн эле жаныңда жүрө бермек беле, мен сени сүйөм» деп жатып турмушка чыгууга көндүрдү.

– Жогоруда «эл эмне дейт?» деп айтып калдыңыз, туугандар да айтышса керек бул кепти?
– Ооба, Максаттын тааныштары «ал деген Нурзат Токтосунова да, кийин таштап кетет» дешиптир, меникилер «жаш болсо, кийин сени таштап жашыраагына үйлөнүп алсачы?» деп чочулашты. Айтор, экөөбүз тараптан тең «таштап кетсечи» деген сөздөр болуптур. Бирок Максат экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Максаттын жадакалса бою да көзүмө кичинекей көрүнчү, эми теңешип көрсөм, менден бир топ эле узун экен (күлүп). Ал экөөбүз көп иш-чараларды чогуу алпарып калдык, менин сыйыма татыктуу, ишенимдүү сонун жигит эле. Жасайм дегенин жасап, кылам дегенин кылчу. Ал менен чогуу иштеп ага жакканга деле аракет кылбаптырмын. Эгер Максатка турмушка чыгарымды билсем, бир аз назданып, жакшы жактарымды көрсөтүп жүрмөкмүн да. Максат менин бүт мүнөзүмдү көрдү.

– Ортобузда жаш айырмачылык бар деп калдыңыз, сыр болбосо жолдошуңуз сизден канча жаш кичүү?
– Менден алты жаш кичүү, бирок менден улуу көрүнөт. Көбү «ортодогу жаш айырмаңар билинбей деле калат экен» деп айтып жатышат. Максат бир күнү «жолдошум менден 9 жаш кичүү деп айтып койбойсуңбу, кийин 6 жаш дегенди укканда "аа, 6 эле жаш экен" деп калышат да» деп тамашалады. Абдан тамашакөй, «мен сенин артыңдан 2 жыл упай топтоп жүрүп сүйүүгө алмаштырып алдым» деп күлөт. Мен бир ыр окудум эле, ошондо «азыр мага ыйлаганга ийин керек, мени сооротпой эле койсун, сурабай эле койсун, жөн гана ийин болуп туруп берсин» деген сөздөр бар. Анын сыңары мен ийин таптым.

– Нурзат айым, буга чейин да турмуш курганыңызды билебиз, бул жолу да жаңылып калбасам экен деп чочуладыңызбы?
– Мен баарына даярмын, биз канча жашайбыз Кудай билет. Ушул кыска өмүрдө сүйүктүүңдүн жанында, анын жумуштан келишин күтүп, үй жумуштарын жасап, кайын журтуңа ысык чайыңды сунуп отургандан өткөн бакыт жок. Аялдык бакытка жетүү үчүн аз эле нерсе керек. Максат мурун колумду сураса чорт эле жок деп салмак болушум керек, анткени быша элек болчумун. Ал эми бул жолу чындап эле жалгызсырадым, турмуш кургум келди, ошону да билди окшойт. Үйлөнгөнүбүздү көп кишиге айткан жокпуз, жакын адамдарыбыз эле билет. Ушундай чечимди туура көрдүк.

– Заманбап той болобу?
– Жок, болбойт. Жолдошумдун ата-энеси кыргыздын салты менен сөйкө салып үйдөн алып кетишти. Кайын журтум карапайым, жөнөкөй, абдан түшүнүктүү адамдар. Мага мээрим көрсөтүп тосуп алышты. Чакан той бердик, ошол жетиштүү. Үйлөнгөндөн кийин эле Максат экөөбүз тоого эс алганы кетип, ал жакта бир ай жүрдүк. Кымыз ичтик, ышкын тердик, жолдошум мага күндө кучак толо тоо гүлдөрүн терип берип кубантты. Мындай эс алууда социалдык тармакка сүрөт да жүктөгүң, жадакалса телефон менен сүйлөшкүң келбей калат экен. Телефонумду өчүрүп койсом досторумдун көпчүлүгү түшүнбөй калды окшойт.

– Кеп нугун чыгармачылыкка бурсак, акыркы убакта «Нур» алпаруучулар мектеби кеңейип жатканын байкап жүрөбүз...
– Буюрса, «Нур» мектеби токтоосуз сабак өтчү жер болот. Учурда Ысык-Көлдө жума сайын 6 күндүк семинар өткөрүлүп жатат. Тилекке каршы, биз үч ай бою окуучуларды Ысык-Көлдө кармап турганга шартыбыз жок, ошондуктан кыска семинарларды өтүп эле, сертификаттарыбызды тапшырабыз. Бул өзүнчө эс алуу менен айкалышкан окуу десек болот. Күндө көл жээгине барып көнүгүү жасайбыз, келип тамактанабыз да, сабакка киришебиз. Кечинде болсо баары сахнага чыгып практика жүзүндө өзүн көрсөтүшөт. Жакында Ошто да «Нур» мектебин ачууну пландап жатам. Буюрса, мындан да кеңейебиз.

– Окуучуларыңыздын көбү массалык маалымат каражаттарында иштеп жүрүшөт, аларды көрүп сыймыктансаңыз керек?
– Кээде адам өзүн толук сулуу экенин билбейт. Ушундай адамдар бар «ал сулуу да, ага жарашат, анын атасы бай да, ага мүмкүн» деген шылтоолорду айтып, өзүнүн жалкоолугун актай беришет. Адам кааласа колунан келбеген жумуш болбойт. Мисалы, мен орусча концерт алып барбай туруп эле тарс эттирип «Жылдын тандоосу» деген концертти алып баргам. Алгач сунуштаганда «жинди болдуңарбы, мен кыргыз тилдүү алып баруучумун» десем, «орусча сүйлөп жатпайсызбы, демек, алып бара аласыз да» дейт. Мен орусча алып бара албайм го деп ойлочумун. Жок, сага бирөө ишеним артса, аны кылат экенсиң. Мен окуучуларыма ишеним артам. Менин мектебимди бүткөндөн кийин жумуш таап кетсе экен дейм. Радиодо, гезитте, телевидениеде көп окуучуларым иштешет, ошолордун тизмесин тактап койсомбу деп жаткам. Бир да окуучумду сүйлөшүп жумушка киргизген эмесмин, анткени өз күчү менен жеткен ийгиликтин даамы башкача болот.

– Бул мектептен кандай материалдык пайда табасыз?
– Сөзсүз пайдасын эле карабаш керек. «Маршруттук таксинин айдоочуларына унаасынын ичине адамдар кирбей эле, 10 сомдуктар кирип бараткандай сезилет» деп айтышат го, мен тескерисинче эч качан материалдык пайда табууну көздөгөн эмесмин.

– Маегиңизге чоң рахмат!

«Жолдошомдун» жеңеси сөйкө салды

"Максат экөөбүздүн жумушубуз бир. "Каякта жүрдүң?" дебейт. Үйдөн чогуу чыгып, кайра кечинде чогуу келебиз".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(137)
29.06.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар. Кошогонор когорсун! Коп жыл мурда ушул гезитке жазган "алаканга салып бага турган бар" деп жазганым эске тушуп кетти.
29.06.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таласка турмушка чыканынызда эмнеге тез эле ажырашып кеттиниздер! Эми ушу турмушунуздан бактынызды ачылсын
29.06.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АльхамдулиЛлах! Кандай жакшы жанылык! АЛЛАХ ТААЛАМ никениздерге берекесин берсин! Эки дуйнодо кол кармашып бактылуу-таалайлуу болууну насип кылсын! Коп балалуу болунуздар! Оомин!
29.06.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат эжекеси Хуррем го озунчоле.:)))Бирок ар бир аял затынын бактылуу болууга акысы бар.Бактыныздар кемибесин.Кооп коп перзенттуу болгула.
29.06.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат Токтосунова али турмушка чыга элек беле?
29.06.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз. Сизди сыйлайм, урматтайм. Абдан жакшы кором
29.06.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула быжырап кооп балалуу болгула.
29.06.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
10кун эле артынан мага турмушка чык деп чуркап койсо макул десе,менделе аракет кылып корбопмунда тангору!
30.06.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamchatka, ха хааааа кулдурбочууу
29.06.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе дей албайм. Ото эле жаш эмесби жездебиз
29.06.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кеч болсо да бактысын тааптыр эми бактылуу жашоо каалайм, прическасы макияжы ар дайым эле жарашпагандай стилист, визажисттер менен иштешсе жакшы болмок кантсе да элдин козундогу адам го?
29.06.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу,кооп балалуу болсун! Ушул барган жеринде тынсын да эми кыргыздын кыздарын уят кылбай кайра-кайра турмушка чыга берип.Аял турмуштун ыссык-суугуна чыдап жашабаса,мурдагы эркин жашоосун,шаан-шокотун коксоп женил ойлуулук кылса анда 10 куйоого тийсе деле турмуш болбойт да. Эн башкысы жаш куйоосуно да Нурзатка да бакыт менен кошо сабыр берсин. Турмушта ар нерсе болот.Бакыт кушу ар бир адамдын оз колунда,багабы же учурабы жубайлар чечет.Эмнеси болсо да бактылуу-таалайлуу болгула.
29.06.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм,эми ушу Нурзаттын болду эми турмушка чыкбаим деп эле кайра кайра чыга бергени кызык. Эми ушусу туболук туптуу болсун.
29.06.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болушсун! Эми турмушка чыкпайм деп жан дүйнөсү ооруп турган учурда айтса керек да...
Медиа-портал
29.06.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман, мусулман бир тууганынын эски дартын чукубайт, жашыруун сырын элге жарыялабайт!!! Мусулман, бир тууганынын жакшылыгына суйунот, АЛЛАХ ТААЛАДАН ал инсанга жакшы тилектерди чын ниетинен тилек кылат!
Ал кандай, ал мындай деген арам ойлорду жазуудан мурун АЛЛАХ ТААЛАДАН корккула! Силердин да эже-карындашынар, балдарынар бар!!!
ROZI түзөттү 2015-06-29 13:53:40
29.06.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар бир адам бактылуу болууга татыктуу, уй-булолуулорду бузуп тийгенсип укмуш жазыпсынар, бактылуу болгула деп коюш да кыйын азыр элдерге...
29.06.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат Токтосунова 84 жылкы беле ошондо куйоосу 90 жылкыбы?
29.06.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар! Ильяз Абдразаков жонундо да маалымат жазыныздарчы?
Медиа-портал
29.06.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жоолук салдырбаса балким заманбап семьядыр,койгулачы эми ушунусунан бери чукулап.Нурзатга кайнене болуп кетесинерда.аны тергей турган кайын журту бар.Бакыт тилеп коелу андан коро....Кудайым бизге да жакшы нерселерди тартууласын
29.06.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун эми аябай суйунуп атат озу да
29.06.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болушсун!!! жашы кичуулор орустардан деп сын айткыча, омурдо бир келчу бакытка ээ болушсун, бул каалоо тилек ар бир эле адамга консун келип башына!!!!
29.06.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз Нурзат эже ар бир адам бактылуу болгонго акылуу.Бакыт бир кун болбосо бир кун албетте жылмаят,жашоо токтобойт улана берет ушул жылмаюуунуз туболук болсун!
29.06.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар. Барган жеринизден бакыт табыныз, башыныздан ак жоолук тушпогон, ийкемдуу келин болунуз...
29.06.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Он кун ээрчитип,ойлонуп жообун бердим деп......
29.06.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Z Nazlko Нурзат эже кочкорго турмушка чыккан таласка эмес Бактылуу болунуз
29.06.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз!
29.06.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эрге тийсе Нурзат тийди, аял алса Максат алыптыр да.Бактылуу болгула!Тилегинерге жеткиле!деп д.у.с. батанарды берип эле койбойсунарбы же болбосо унчукпай эле болок жанылыктарды барактап кете бергиле да,жогоруда бироосу Н84ж болсо анда М90жылкыбы дейт, жооооооок 99чу жылкы, тилди тырмайт да анан,озу айтыптыр го жаап жашырбай эле арабыз 6жаш деп. АКЫЛМАНДАРГА айтаарым ар кимибиз оз жашообузду эптеп алалычы, бироонуку менен ишин болбой.АР БИРИБИЗ бактылуу болгонго татыктуубуз.
29.06.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
29.06.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосу чыныгы эркек экен
29.06.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Gulnaz.GS,эжелери менен тен кызды аял кылып)))))ХХХ ХХХ.Бактылуу болгула да.Анан Максат жаштык кылыптыр"деп айтып журбой.
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-30 10:58:58
30.06.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kepka,
Эскертүү! Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
30.06.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нурзаттын казактарга келин болгонун уктум эле.анда бул учунчусу болобу?
30.06.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: