БИР БҮРКҮМ
№662 10-июль-16-июль, 2015-ж
2015-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча эмгек мигранттары которгон акчанын көлөмү былтыркы жылдын ушул эле маалындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 33 пайызга аз болду.
- Өлкө ичинде 278 күрөөкана бар, анын үчтөн бир бөлүгү Бишкекте жайгашкан.
- Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-июль күнү биометрикалык маалыматын тапшырды.
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жайкы мезгил аяктаганга чейин саат 9:00дөн 20:00гө дейре жүк ташуучу унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөө киргизди. Бул аба температурасынын жогору болуп жаткандыгына байланыштуу жана чектөө 28°Сден жогору болгондо күчүндө болот.
- Кыргызстанда интимдик мүнөздөгү маалыматты камтыган интернет-ресурстарына, анын ичинде порносайттарга да кирүү мүмкүнчүлүгүнө тыюу салынды.
- Өлкө ичинде жубайлардын 62 пайызы окшош жогорку билимге ээ, үй-бүлөлөрдүн 64 пайызында күйөө көбүрөөк акча тапса, ар бир онунчу үй-бүлөдө аялдар жолдошунан көбүрөөк акча табат. Мындай сурамжылоонун жыйынтыгын БУУнун фонду жарыялады.
- «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясынын акыркы тирөөчүнүн пайдубалына бетон куюу иштери 8-июль күнү аягына чыкты.
- Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов парламенттик шайлоону 1-ноябрга дайындоону өтүнүп президент Алмазбек Атамбаевге кат жиберди.
- 6-июлда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу чыгып, тажик тараптан бир жаран каза тапты. Окуя Кыргызстандын аймагында, шарттуу түрдө сызылган чек арадан 80 метр ичкери жакта болгон.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1