ДИНАРА АКУЛОВА 4-НЕБЕРЕСИН КҮТҮҮДӨ
№663 17-июль-23-июль, 2015-ж


Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлү
Динара Акулованын жолун кичүү кызы
Малика Дина улантып келе жатканын көпчүлүк билет. Мына ошол эрке кыз Малика жакында эне статусуна ээ болот. Бул туурасында ырчынын апасы Динара айым:
«Былтыр Маликага сөйкө салып кетишкен, андан кийин эле турмушка чыгып, жолдошу менен Америкага кеткен. Ошол учурда кызым Америкадагы Манхэттен шаарында музыкалык окуу жайлардын биринде вокал боюнча билим алып жаткан. Окуусунан калтырбайлы, алагды болбосун, аяктап келсин, анан той берели деп кеңешкенбиз. Окуусун ийгиликтүү бүтүп келген, андан да жагымдуусу – мени 2-3 айдан кийин неберелүү кылганы турат»,- деп билдирди. Малика Динанын аман-эсен көз жарып алуусун каалайбыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
9
Тойдун эртели кечи жок, негизгиси кыз баланын бактылуу болуусунда.
Кыздар карьера деп кечигип журо бербестен эрте турмуш куруп эрте торогону жакшы.
Оздук булактарында турмушка чыгып нике шакегин жана кийинчерээк кош бойлуу экенин коруп жургонбуз. Динара эжекебизди да куттуктайбыз,
бактылуу болушсун...
Төмөнкү шилтеме менен өтүп үй-бүлөсү тууралуу маалымат алсаңыз болот:
http://www.super.kg/article/show/32235
Бул жактан окуп көрүңүз:
http://www.super.kg/article/show/30095