Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ДОКТУРЛАР ЖАТЫНЫМДЫ ЖАРЫП САЛЫШЫПТЫР»

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж


Мындан 5-6 ай мурун жатын моюнчасындагы кенедей ыйлаакчаны алдырам деп ооруканага барган 33 жаштагы Насикат Кемелова учурда бөйрөгүнөн сыртка чыккан түтүк аркылуу заара кылып, баса албай төшөктө жаткан учуру. 3 кызына энелик мээримин төгүп тарбия берер маалында апасынын багуусунда калды. Кыздарынын чачын тарап, кийимдерин жууп үйдө отурган жолдошуна ичи ачышып, мындай абалга кантип туш болгонун айтып берди.

«МЕНДЕН ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ УРУП ТУРАТ»
– 6 ай мурун белим ооруп, менчик ооруканалардын бирине барсам, «жатындын моюнчасында полип (ред. катмарлап кебер же ыйлаакча басып кетүү) бар экен, 12 миӊ сом алып келсеӊ, алып таштайбыз» дешти. Кийин Бишкектеги №2-төрөт үйүнө бардым. Креслого чыгарып карап, «полип оӊой эле болот, 6000 сом берсеӊ, бат эле алып таштайбыз» деп айтышты. Эртеси менден эч кандай анализ албай туруп операция жасай башташты. Ошол боюнча эч нерсе эсимде жок, врачтар мага 7 жарым саат операция жасашыптыр. Эсиме келип, кайда экенимди сурасам, «Улуттук госпиталдын №1-урология бөлүмүндө жатасыӊ» дешти. Көрсө, ага чейин жатындын моюнчасын тазалайбыз деп заара түтүктөрүн бууп салышкан экен. Ошондо бөйрөктөн заара иштелип чыгып, табарсыкка жетпей кайра организмге тепкенде урология бөлүмүнө алып жөнөшүптүр. Ал жактан кандай операция кылышканын билбейм. Жакшынакай турган табарсыгым иштебей калып, ошондон кийин бөйрөктөн сыртка түтүк чыгарышып, азыр минтип 4-5 айдан бери түтүк аркылуу заара кылып калдым. Алдымдан жагымсыз жыт чыгып турат, азыр мени эч бир оорукана албай жатат...
Каарманым Насикат көзүнүн жашын агызып, кебин улай албай койду. Чындыгында бөлмөнүн ичи жагымсыз жыттанып турду. Окуянын чоо-жайын багып жаткан апасы, 63 жаштагы Калича Төлөкова баяндап берди:

«ЖАТЫНЫН КЕСИП КОЛУМА КАРМАТЫП КОЮШТУ»
– Насикат менин жалгыз кызым. Бир балам былтыр Орусиядан каза болуп, сөөгү келген. Дагы бир уулум ошол жакка кеткен боюнча дайыны чыкпай жатат. Кызым болсо минтип өлүм менен алпурушууда. Насикаттын болсо 3 кызы бар.
Мен кызымдын операцияга кирип кеткенин ооруканага барганда билдим. Врачтар «бат эле чыгат» дешкенинен эшикте күтүп турсам дайын жок. Кирип кеткенине 3-4 саат болуп кетти.
Ошентип 5 сааттан кийин баштыкка бир нерсе салып чыгып колума карматып, «муну онкологияга алып баргыла» дешти. Карасам жатынга окшогон орган экен. Дагы бир сааттан кийин ошондой баштыкты көтөрүп чыгып, «муну болсо гистологияга жеткиргиле» деди. Операция 7 саатка созулуп аяктады. Бүткөндөн кийин башкы врач бөлмөсүнө чакырып, «колго кармалар эч нерсеси калбаптыр, баары чирип кеткен, бөйрөгүндө да рактын белгилери бар экен. Ошол себептен заарасы чыкпай калды. Мындан аркы жашоосуна кепилдик бере албайбыз, урологияга баргыла» деди. Ал эми гистологияга кеткен жатынга окшош органдын анализинин жыйынтыгын операцияны туура эмес жасаган Чынара Иманова деген хирург алып кетип бербей койду. Ал азыркы учурга чейин Лондондо дедиртип, качып жүрөт.

«ИЧИНДЕГИ ТАМПОН ЧИРИП КЕТИПТИР»
– Кызымды «Тез жардамга» салып алып, №1-урологияга бардык. Колу-буту шишип, заара тээп, денеси керсары боло баштады. Кушеткага салып алып ары-бери сүйрөп жүрүшүп, экинчи операцияга алып кирип кетишти. 1 жарым сааттан кийин «операция ийгиликтүү болду» деп чыгышты. Жүрөгүм ылдыйлап, өзүмө келе түштүм. Врач бөлмөсүнө чакырып, «организм калыптангыча кабатыр болбой тургула» деген. Эртеси күнү бир аз кан аралаш заара ушатып, жандандыруу бөлүмүнөн которулган соӊ таза заара кылып калды. Урологияда бир жумадан ашык дарыланып, үйгө чыгып келди. Бирок дене табы түшпөй койду. Ошондо биринчи операциясын жасаган №2-төрөт үйүнө алып бардык. Дамира Апышева деген врач креслого чыгарып карап эле, «Мынча эмне жыттанып кеткен?» деп таӊ калды. Көрсө, биринчи операцияда кызымдын жатынын жарып алышкан экен, анан тампон коюп туруп жаап салышыптыр. Кан токтогон соӊ алып салыш керек экенин айтып да коюшпаптыр. Ошол тампон 12 күн жүрүп чирип, сасып кетиптир. Өӊүн көрсөӊ капкара. Врач алып чыгып «ушунча сасып кеткиче жүрө бересиӊби?» дейт. Билсек кана ошону? Бул окуядан кийин онкологияда 20 күндөн ашык жатты. Нурга кактап дарылоону көтөрө албай начарлай баштаганда чыгам деп болбой чыгып кетти.

«ЭМИ ООРУКАНАЛАР АЛБАЙ ЖАТЫШАТ»
– Заара бир калыпта чыгып, организм жайына келгенде 3-операциясын жасашып, заара түтүктөрүн салып беришмек. Ошого даяр болуп калган экен, биротоло дарыланып чыксын деп кайра ооруканага бардык. Кызым барса креслого чыгарып, түтүк салып көрөбүз дешкенби, табарсыгына бир нерсе салып көрүшүп кайра сезгентип алышкан окшойт. «Заара чыкчу жериме бир нерсе салганда катуу ооруп, креслодон түшкүчө шаштым, көзүмө от чагылыша түшүп, ошондон бери чыдатпай ачышып ооруп жатат» деп келди. Андан кийин онкологиясына бир, урологиясына бир, операциясын жасаган төрөт бөлүмүнө бир барабыз. Айтор, үч оорукана бири-бирине түртө салып жатып кызым ортодо кала берди. Азыр абалы күндөн күнгө начарлап бара жатат.
Буга чейин ооруп, ооруканалап жүрсө бир жөн эле. Анализ албай туруп операция жасашып, соо кызымды майып кылып салышты.

«АПАСЫ ВРАЧТАРДЫ САБАГАНГА ЧЕЙИН БАРДЫ»
Бул окуя боюнча заара түтүктөрүн зыянга учураткан, жатын моюнчасындагы полипке операция жасаган Бишкектеги №2-төрөт үйүнүн башкы врачы Азамат Алымбаевге кайрылдык:
– Насикат Кемелова бизге полип диагнозу менен жолдомо кагазын алып келди. Бул жактан врачтар полипти алып жатышып, жатынында залалдуу шишик бар экенин байкашкан экен. Биз онколог, хирургдарды чакырып, 6 саатка созулган операция жүргүздүк. Онкологдор анын жатынындагы дартты залалдуу шишиктин 4-стадиясы деп белгилеп беришти. Мындай онкологиялык кийлигишүүнү талап кылган операциялар абдан оор жасалат. Ошол себептен жатынга жакын жайгашкан табарсык, заара өтүүчү түтүктөр жана башка органдарга зыян келбеши үчүн бууп коюу, кесип алып салуу жүйөлүү нерсе. Муну онкологдор да тастыктайт. Андан сырткары шишик жаралган жердеги бездерди, бузулган бөлүктөрдүн баарын алууга туура келет. Заара сыртка чыкпай, бейтаптын абалы оорлой баштаганда урологияга алып бардык. Ал жактан заара сыртка чыккандай кылып бөйрөгүнөн түтүк чыгарып коюшту. Урология бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра заара өтүүчү пластикалык түтүктөрдү коюп, баарын калыбына келтирип бермек. Бирок онкологияга жолдомо жазып дарыланууга жөнөтсөк, Кемелова нурга кактануу курсунан качып кетип калыптыр. Туура эмес операция жасалгандыгын моюнубузга алып, пластикалык түтүктөрдү коюу үчүн урологдор жасай турган чыгымдын баарын биз тарталы дегенбиз. Бирок ага чейин бейтап организмин операцияга даярдап, күчтөнүп, ден соолугун чыӊдашы керек эле. Колдон келген жардамыбызды берип эле жаттык. Бир жолу апасы келип, менин врачтарыма да колу тийип, кабинетимди чачып, видеокөзөмөл жабдыктарымдын баарын талкалап кетти. Бул окуяга милиция кызматкерлери кийлигишип жатып араӊ бастык. Муну мен баласына жаны ачыган эненин реакциясы деп түшүндүм, бирок бул кылганы туура эмес.
Насикат Кемелова «ичер суум деле калган жок окшойт, өзүмдүн өлүм алдында жатканымды ойлогондон мурун кыздарыма боорум ачып жатат. Аларды кимге тапшырам, кандай күндү көрүшөт, билбейм» деп муӊканды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Доктурлар жатынымды жарып, тампон салып коюшкан"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(76)
28.07.2015. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озундо да куноо бар. Анализсиз операция жасаганы жатканда эле так секирип качыш керек болчу. Сабатсыздыгыбыз да. Мен деле паппилома алдырдым жакында, бирок мен Ташкентте 100 долларга частный клиникада алдырдым. Он минуттун ичинде бутту. Бир эки саат жатып эс алдым да анан эч нерсе болбогондой эле басып кеттим. Эки кун месячный келгенге окшош ощущениялар болду и все. Гистологияга жиберип туура кылган. Рак болгон учун бели ооруган да. Болгону жакшы даярданыш керек болчу. Операция куну 8-12 саат
28.07.2015. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
12саат мурун тамак суу ичкенди токтотуш керек. Папиломаны местный наркоз менен алат. Ал эми жети саат общий наркоз (уйкуда) болсо, демек ото серьезный операция жасалган. Анан ошол операцияны внепланово жасабаш керек эле. Мына ушул жерде врачтар шалаакы болошуптур. Эми эмне болсо да онкологиядан качпай дарыланыныз. Уретрага трубка салып беришет коркпон. Эн негизгиси ракты женууго аракет кылын. Кудай омур ден соолук, сабыр берсин. Сиз куйоонузго эмес, ал сизге боору ачып караш керек, энеге таштап
28.07.2015. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеге таштап салбай. Мумкун жатынды убагында алып салып туура кылгандыр. Антпесе рак орчуп отуруп дароо олумго алып келмек. Ошончун урматтуу торогон айымдар, коп жыл бала эмизген апалар, кечиктирбей "рак матки" жана "рак груди" оорусунан алдын ала текшерилгиле.
30.07.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein,сабатсыздык да. Ошого доктурларга ишенебиз. Чындап эле 7 саат жатса чон операция болгон го. Гистеректоминин жатындын алыштын озу эле канча кыйын.
SUPER.KG видео
28.07.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуяларга кубо болуп олтуруп, врач да болгум келбей кетет кээде. Аллах шыпаасын берсин!
28.07.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтайын десем соз жок. Шыпаасын берсин жараткан.
Медиа-портал
28.07.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео ачылбай жатат . Жатыны канап жатса , кан токтотуу максатында гемостатический тампон салган эмесби ? Мен кээ бир учурларда гемостическая губка колдонуп калам, анча мынча канаган жерлерге .
28.07.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туугандарынан уруксат сурабай жатынын алып салганы кандай...мындай врачтарды оздорун жатынан асып алып олтуруш керек...абдан ичим атышып атат дагы врачтар чарчады акча бергиле дегенин кара булардын
28.07.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анализ албай эле рак экенен кайдан билишиптир?
28.07.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул жатынды алып салышыптыр. Эми минтип жарым жан боюнча таштап коюшканы эмнеси. Тиги врачты таптырышсын Лондон болсо да.
28.07.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаа жана ыйман берсин.
SUPER.KG видео
28.07.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтан коркбогон кандай адамсынар?жакшынакай кыздын тагдырын талкалап((
Медиа-портал
28.07.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Компютер менен видео наблюдениеден айлангыр Азамат кудай жазаанды берээр,эжеке сизге АЛЛАХЫМ шыпаасын берсин уул кыздарыныздын жолдошунуздун апаныздын кыргыз элибиздин мандайында бар болунуз сизге ден соолук каалайм аман эсен сакайып кетиниз.
28.07.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гинекологияда операция болгондорго тампон салынбайт. Шок болот же инфекция болот деп. Чыгарганда да больницадан тампон колдонбогула деп чыгарат. Врач билбейт го элементарный нерсени тообо.
29.07.2015. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, туура. Только прокладка. Тампон 4 саата да чирип кетиши мумкун.
Медиа-портал
28.07.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу журналистер!менде силерге суроо Кенеш тобунун жетекчиси ушул айымдын кызын коюп кеткен жок беле.жем абдан окшоштуруп ?атамбы.http://www.super.kg/media/stv/139553/
SUPER.KG видео
29.07.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарын корсон ичин ачышатко байкуштарым акча деген балакет болдуго акчан болсо карайт болбосо карабайт Адам тандап врачтар дагы
29.07.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарды эле айыптап жатып калдынарго,озудо да бардыр кун0о! Эмне болсо эле,шалаакы врачтар,сабатсыз врачтар,жинди врачтар деп эле отура бергиле. Дарылануучуну озундо да бар кун0о.
29.07.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин жакшы болуп кетсин
29.07.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин, Амиин! Бирок озунун да куноосу бар экен, срогу отуп кеткен дары берип коюптур дейт, ошону ичээрден мурда бул эмне, кандай жардам берет, срогу кандай, обочные ээфекты, ушуга окшогон нерселерин карап туруп анан ичпейби, врачка барганда акчаны аябаш керек. Азыр жакшы врачтарды частный ооруканалар сатып алып койгон, жакшы тологон жерге алар кете берет да. А частный ооруканалар на основании экзамена эн жакшы врачты алышат, ошондуктан ойлоп кое бергиле, поликлиникаларда отурга
SUPER.KG видео
29.07.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым тез аранын ичинде айыгып кетсин. Кыздарынын багына аман эле журсун.
SUPER.KG видео
29.07.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кантип болсун эми. Кудай сактаа.
Медиа-портал
30.07.2015. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Алымбаев чындыкты суйлонузда ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-30 10:13:14
Медиа-портал
30.07.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aseltay, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Медиа-портал
30.07.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин президент деги эле чондор мне кылып отурат ушундай шалаакы иштеген врач мугалимдер иштей береби же оздоруда чондор ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-30 09:56:57
Медиа-портал
30.07.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aseltay,
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
31.07.2015. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul ish myizamdyn cheginde karalyshy kerek. Bylgyrap biz gardam berebiz degenbiz deit. Siz gardam berbeisiz, ushul kyzdyn bolgon darylangan lecheniesin akyryna chein kotoryshynyz kerek mynk debei turup.Ushul kyzdy butuna turgushuzunuz kerek. Chyraktai bolgon 4Baldardyn ubaly kimge? Darylagandy bilbegendin kiin kalpele soio beresinerby koi soigondoi ele?
31.07.2015. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi kaiakka baryp darylanabyz, kudai saktai kooor. Ushul vrachtardyn baary diplom satyp algandar okushpai ele.
Медиа-портал
31.07.2015. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу admin_superstan, ушул видеокорсотуудогу ооруп жаткан айымдын же жолдошу Урматтын байланыш телефондору болсо берип коесуздарбы!
31.07.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин жакшы болуп кетсин
31.07.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаh шыпаасын берсин
Медиа-портал
31.07.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Материалды көргөн жокмун, бирок темаңарды окуп алып эле жүрөк түштү... Аябай оор экен...
SUPER.KG видео
01.08.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий козум апан жакшы болуп кетсин шыпаасын берип.Журогум жарылып кетейин деди кызынын ыйлаганын коруп.
Медиа-портал
31.10.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НАСЫЙКАТ жаткан жерин жайлуу болсун,калган омурунду балдарына берсин,Врачтардын шалаакылыгынан 4 бала жетим калды,Насыйкат Кемелова 24.10.2015.каза тапты
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: