Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БИШКЕКТЕГИ АТЫШУУДАН КАЗА ТАПКАНДАР ТЕРРОРИСТ БЕЛЕ?

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж


Өткөн аптада эки кишинин бири эле «уктуӊбу, Бишкекте атышуу болуптур?» деп уу-дуу түшүп жатышты. Ал эмне болгон атышуу? Кылмышка шектүүлөр кимдер эле? Алардын максаты эмне болгон? Ушул суроолорго жооп табууга аракет кылдык.

«ЖАРДЫРУУ УЮШТУРУШМАК»
Быйыл 16-июль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын 2 жеринде террордук топторду жок кылуу операциясын жүргүзүштү. УКМКнын маалыматы боюнча, күндүзү Бишкектин четинде жайгашкан Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 аймагы тарапта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлерине баш ийбей, курал менен каршылык көрсөткөн 2 согушкердин көзү тазаланган. Ал эми Бишкектин борборунда жайгашкан Темиров көчөсүндөгү №14-үйдө куралданган согушкерлерди кармоо үчүн атайын операция жүргүзүлүп, 2 саатка созулган атышууда 2 согушкер өлтүрүлүп, 7 согушкер колго түшүрүлгөн. Алар менен кармашкан «Альфанын» атайын даярдыктагы 4 жоокери жаракат алып, ооруканага жеткирилди. УКМК өлтүрүлгөндөр менен кармалгандар «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрү, террорчулар экенин жана 17-июль – Орозо айт күнү Бишкекте эл көп чогулган жерлерде, Кант шаарында жайгашкан Орусиянын авиабазасында жардырууну пландашканын жарыялады.

«ТЕРРОРДУК УЮМДУН БАШЫНДА КАЗАК ЖАРАНЫ ТУРГАН»
17-июль күнү УКМКнын атайын тобу атышуу болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп, жардыруучу зат даярдоо үчүн керектүү жарым тонна аммиак селитрасын, көп суммадагы акча, Калашников жана АКСУ үлгүсүндөгү 7 автомат, Макаров үлгүсүндөгү 5 тапанча жана көптөгөн жардыруучу заттарды, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун желегин табышты.
УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов бул окуя тууралуу: «Террордук топтун башында издөөдө жүргөн казакстандык Жанболот Амиров аттуу жаран турары аныкталды жана ал чабуул учурунда атылып өлтүрүлдү. Учурда тергөө уланууда»,- деди.
Ушул эле күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук борбору Жанболот Амиров тууралуу билдирүү жасады. Билдирүүдө «Жанболот Амиров менен Альберт Абхин казак жарандары экендиги чын. Радикалдык үгүттүн таасири астында Сириядагы жана Ирактагы согуш аймактарына кетүүнү чечишкен» деп айтылат.
27 жаштагы казакстандык Жанболот Амиров «чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, бланктарды жасалма жол менен даярдоо» беренелери менен Чүй облустук соту тарабынан 2015-жылдын 22-январында 3 жылга кесилген. Ал 24 жаштагы Альберт Абхин аттуу казакстандык шериги менен жатак абактан качып кеткени үчүн аларга издөө жарыяланган. Ушул жылы 25-июнда алардын кайсы жерде экени маалым болгондо кылмышкерлерди кармоо иштери жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлери менен кылмышкерлердин ортосунда ок атышуу орун алып, кылмышкерлер качууга үлгүрүшкөн. Кийинки операция 1-июлда өтүп, анда Альберт Абхин өзүн-өзү жардырып салган.

СОГУШКЕРЛЕР КИМДЕР?
УКМК тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн каза болгондордун жана кармалгандардын аты-жөнүн айткан жок. Бирок 24.kg маалымат агенттиги өлгөндөрдүн жана колго түшүрүлгөндөрдүн айрымдарынын аты-жөнүн жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, каза тапкандар: Казакстандын жараны Орынбасар Нурпазилов, Кыргызстандын жараны Аман Арыстанов, Казакстандын жараны Жанболот Амиров, Кыргызстандын жараны Тариэл Жумагулов (кылмыш дүйнөсүндө Тоха деген ат менен таанымал). Атышуудан кийин Алтынбек Итибаев, Эркинбек Кадыров, Мирслан Бекмамат уулу, Адиманас Курбанбаев аттуу жарандар кармалган. Алардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары. Калгандарынын аты-жөнү тактала элек. Айта кетчү жагдай, кармалгандардын арасындагы Алтынбек Итибаев Жогорку Кеӊештин депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү катары кармалган жаран. Анын бир тууган агасы Медер Итибаевге байланышканыбызда: «Иним былтыр мунапыска илинип, жатак абагына чыгарылган. Аны окуя болгон күнү атышуу болгон жерден эмес, Сокулуктан кармап кетишиптир»,- деп билдирди.

СӨӨКТӨР БЕРИЛБЕЙТ
18-июлда каза болгон кыргыз жарандарынын жакындары УКМКнын алдына алардын сөөктөрүн берүүнү талап кылып чыгышты. Ал жерге келгендердин бири өзүн Аманкул Итибаев деп тааныштырып: «Өлгөндөрдүн бири 1978-жылы туулган Канатбек Усубалиев менин уулум. Уулум курулуш тармагында иштечү. Балам бирөөнү «сен» деп сүйлөгөн жан эмес эле. Бейкүнөө өлтүрүп салышты. Беш убак намаз окучу жана жылына 150 күн орозо кармачу»,- деди.
Тариэл Жумагуловдун бир тууган иниси Чыӊгыз Жумагулов агасы террордук топко аралашпаганын айтат:
«Беш убак намаз окуп, дин жолунда түз жүрчү жана дүкөн иштетчү. Бишкектеги өлүк сактоочу жайда сакталып турган сөөгүн көрүп чыктым. Денеси бөлүнүп кетиптир.
Жоокерлер аларды тирүүлөй кармоонун ордуна коркуп аткылай беришиптир»
.
Андан кийин каза болгондордун жакын туугандары маалымат жыйын өткөрүшүп, президентке, өкмөт башчыга кайрылышып, каза болгон балдардын сөөктөрүн берүүнү суранышты.
Тариэл Жумагуловдун апасы Анаркүл Жумагулова: «Уулумду террорист дегенге ишенбейм. Эгер сөөгүн беришпесе, балам үчүн казып койгон жайга өзүм жатам!»,- деди.
Бирок каза болгондордун сөөгү туугандарына берилген жок. УКМКнын басма сөз кызматы: «Баш мыйзамдын 36-беренесине ылайык, террордук иш-чара уюштурууну, өлкөнүн тынчтыгын бузууну, бийликти басып алууну көздөгөн же террордук иштерди уюштурган адамдар баш ийип бербестен курал менен каршылык көрсөтүп каза болушса, алардын сөөктөрү жакындарына берилбейт. Алардын сөөгүн өкмөт жерге берет жана кайсы жерге коюлганы да туугандарына айтылбайт»,- деп билдиришти.

МАКСАТ КУНАКУНОВ СОГУШКЕРЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН ДЕП КАРМАЛДЫ
20-июлда «Манас» аэропортунан таӊкы саат 04:00 чамасында «Бишкектеги согушчандарга жардам берген» деген шек менен Дубай шаарына учушмакчы болушкан Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Максат Кунакунов жана аны менен кошо Курманбек Бакиевдин тушунда Президенттик аппараттын юридикалык кызматынын башчысы болуп турган Бектур Зулпиев кармалганын айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Максат Кунакунов сурактан соӊ УКМКнын СИЗОсуна 2 айга убактылуу камалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутат Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго акча берип, террордук топту курал менен камсыздаган.

АТЫШУУНУН КЕСЕПЕТИ
22-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги антитеррордук операциядан улам келтирилген чыгым
6 жарым миллион сомду түзгөнүн билдирди. Атышуу болгон жайда согушчандар баш калкалаган үйдөн сырткары ага жакын турган 4 үй күйгөн. Үйү күйүп жабыр тарткан Раиса Василенко: «Ал күнү кечке маал 17 жаштагы сиӊдим жана эки балам менен үйдө болчубуз. Эч кандай эскертүүсү жок эле аскер кызматкерлери короо жактан тиги үйдү аткылап киришти. Эптеп көчөгө чуркап чыктык. Эки тараптуу атышуунун натыйжасында үйүбүз толугу менен күйүп кетти»,- деди.
Президент Алмазбек Атамбаев атышуудан үй-жайы күйүп кеткен жарандарга жардам көрсөтүү үчүн президенттик фонддон 5 миллион сом бөлдү. ӨКМнын маалыматы боюнча, 3 үй толугу менен күйүп, 2 үй капиталдык оӊдоп-түзөөгө муктаж. Үйлөр 2 айда курулуп бүтөт деп убада берилди.
Ошондой эле мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министр Темир Сариевге согушчандарды жок кылууга катышкан атайын даярдыктагы аскерлерге үй берүүнү тапшырды.
Мамлекет башчы террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү, өлкөгө жана анын жарандарына каршы багытталган ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачып, тамырын кыркуу боюнча УКМКнын ишмердигин мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

ОКУЯДАН КИЙИНКИ ОЙ-ПИКИРЛЕР
Жогорудагы атышуу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүгү УКМК кызматкерлеринин бул кылганына канааттанышса, айрымдары нааразы. Интернет булактарында «Кармалган балдар террорист экенине ишенбейбиз, бул атышуу жөн гана «чёрныйлардын разборкасы» же УКМКнын «сценарийи», «УКМК эми өлтүргөн балдардын террорист экенин далилдеп берсин», «10 баланы кармаш үчүн ушунча чыгымга учурадык, бул УКМКнын кызматкерлеринин шалаакылыгы», «Өлгөн балдардын сөөгү туугандарына кайтарылышы керек. Согуш маалында деле эки тараптуу атышуу токтоп, өлгөндөрдүн сөөгүн адамча көмүү үчүн чогултуп кетишет» деген сыяктуу сындар да айтылды.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Бишкектеги согушчандар менен атышуу болгон жерде 5 үй кыйраган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(67)
SUPER.KG видео
17.07.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгон согушчандар экен?
Медиа-портал
17.07.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми тиги жабыр тарткандардын уйун кайтарып берсе экен мамлекет
SUPER.KG видео
19.07.2015. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болгон экен эле?Билгендер толугураак маалымат жазып кетсениздер.
27.07.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
ИГИЛдин мучолору болсо, эч качан Айт намазда жардыруу уюштурбайт. Бул такталбаган маалымат. Мен ишенбейм. Анан да беш убак намаз окуп, 150 кун орозо кармаган адам, мусулман адамга каршы ок атбайт.
Бул жерде маалымат таза эмес.
Олгондордун автобиографиясын бергиле, туугандары менен биргеликте.
27.07.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Rifle,тууган игил 150 кун орозо камап дейт орозо бир жылда 30 кун кармалатго дин бузарлар булар акчага алданган болору болду соогун туугандарына бериш керек сактабай
28.07.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurchik05, мусулман бир тууганым орозонун туру коп, Чубак ажыдан сурасак санап берет: парз, нафил, кар(ы)з анан да жакында дагы 2 кун орозо (1 кун христиандар кармашат Ыйса пайгамбарга тиешелуу)
28.07.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурчик мумкун сен аябай акылдуусун . Бирок менин да кабарым бар учун жаздым . 30 кун орозо парз болуп берилсе , калган орозолор нафил орозо же суннот орозо сыяктуу болот.
27.07.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle,иракта,Турцияда иглдар эле жардырышты
28.07.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турция биз ойлогон мусулман олко болгону менен бузукулар толуп кеткен . ИГИЛ дегенибиз менен анын башында еврей турат экени качан эле белгилуу болбоду беле ..
28.07.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle, озунда иглдын мучосу эмессинби .алар момун мусулман адамдардын атын булгалашат калп эле намаз окумущ орозо тутумуш болуп корунушо берет да .150 кун орозо тутат эле десе эле ишене бериш керек эмес да 1 жыл орозо тутса да мындай жаман жолдон алс журуш керек болчу сенин оюнча булар эмне куурчак ойлон жатты дейсинби .канчалаган адамдарды олтуробуз деп даярданып жаткан да
29.07.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке созго отбой суйлошконубуз жакшы. Мен Кр гражданини, элимин денсоолугун караган жаранмын. ИГИЛдин мучосу болсом, ишене бер биринчи сени кармайм. Кудай буйруса тынч эле журом. 30 кун орозо кармоого анча мынчанын чамасы келбейт. 150кунго Алла ыраазы болсун.
Сенин оюнда мен айт намазга жардыруу пландаган деген созго ишенейинби?
Эч кимдин кудурети жетбейт, Алланын ыйык кунундо карапайым элди жардыруу.
Rifle түзөттү 2015-07-29 17:19:40
27.07.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жансыз дене сактап тура бербей ата энесине берип салбайбы . Олгон кишинин колунан эмне келмек . Эч ким билбеш керек мурзосун деп айтканына караганда чын эле уюштурулганго деп ойлойт экенсин
27.07.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
beben,чын эле эч ким билбеш керек деген жеринде бир нерсе бардайго экспертиза кылса билинип калат деп олукторду бербей аткандырда биром менго толук жакшы тушуно элекмин ким эмне болгонун кантсе да жаман окуя болду куноолулор ким экен Кудай билетда барыбир жазаланышат
27.07.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
beben,Мыззамда жазылган ошентип берилбет деп.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-07-27 12:25:23
27.07.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
игилдинби ХХХ же дагы бир жин урган сойрукторбу иши кылып рас эле болуптур дагы бир жерде ызы чуу сала элегинде баарын эле ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ деп туруп
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-07-27 11:17:05
27.07.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ACAH_AKA, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз! Оозеки эскертүү!
27.07.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ACAH_AKA,Туура айтасыз
28.07.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ACAH_AKA, бейкуноо адамдар олуп кетсе да отура бер рас болду деп . Мага ким олгону кызык болуп жатат .
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: