Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алмазбек Атамбаев: «ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТҮМ БҮТКӨН СОҢ ӨЗҮМДҮ ПРЕМЬЕР ДА, СПИКЕР КАТАРЫ ДА КӨРБӨЙМ»

№665 31-июль-6-август, 2015-ж


Парламенттик шайлоо, партиялар, коррупция менен күрөш, Өмүрбек Текебаевдин учурдагы иш-аракеттери, Аида Салянова, Ак үйдүн жетинчи кабатынан түз эле УКМКнын абагына түшкөн Нарымбаев, Кудай жана Куран, Кыргызстан-АКШ, Конституция... Бул адамга бериле турган суроолор өтө көп эле. Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин журналисттер менен жолугушуусу дайыма кызуу талкуу, кескин сындар жана эч жерде айтыла элек билдирүүлөр менен коштолот. 27-июлда, Чолпон-Ата шаарында, керемет Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн жолугушуу да ушундай күүсүнөн жазган жок. Эки сааттан ашык убакытка созулган баарлашуунун урунттуу учурлары төмөнкүлөр болду.

АКШ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМИЛЕСИ БОЮНЧА
-Тышкы мамилелер боюнча мага өлкө башчысы катары бир гана вектор бар. Ал – Кыргызстан. Бардык иштер мамлекеттин кызыкчылыгында болушу керек. Азимжан Аскаровго берилген сыйлык жөн эмес. Ал өчүп бараткан отко май тамызуу. Бул иш Кыргызстанда улуттар аралык конфликтти жаратуу үчүн атайылап жасалган провокация деп ойлойм. Мени аябай ачуулантканы бул болду: Биз баарына, АКШнын өкүлдөрүнө, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө дагы бир нече ирет сунуштаганбыз, «эксперттериӊерди, юристтериӊерди жибергиле, Азимжан Аскаров боюнча материалдарды силер менен бирдикте дагы карап чыгууга даярбыз» деп. Кайсы бир бирикмелердин, бейөкмөт уюмдардын каттарына таянуу менен атайын ушундай чечим чыгаруу туура эмес. Бизде сот системи деген бар да?! Ошол эле бейөкмөт уюмдар, АКШнын мамлекеттик департаментинин чиновниктери «сот системи көз карандысыз болушу зарыл, президент кийлигишпеши керек» деп кыйкырып эле жүрүшөт. Ага карабай мына, үч жарым жылдан бери менин кандайдыр бир чечимим аркылуу соттун өкүмүнө кийлигишүүгө аргасыз кылууга аракет кылып келишти. Бул абсурд.

СӨЗ ЭРКИНДИГИ, СЫНДАР, КАРАЛООЛОР ТУУРАЛУУ
-Бир тууган агам инфаркттан көз жумду. ММКларга жарыяланып жаткан каралоолорду анын жүрөгү көтөрө алган жок. Бизде сөз эркиндиги эмес, оозго келгенди оттогондук өкүм сүрүп жатат.
«Вечерний Бишкек» гезитине келсек, Александр Ким өзү гезиттин 50 проценттик үлүшү Рябушкинге тиешелүү экендигин айткан материалдарды көрдүм, 2004-жылдын декабрындагы материал экен. Ал үч ай өтпөй бул тууралуу унутуп калып жатат. Эртеби-кечпи, чындык баары бир чыгат. Эгер бирөөлөр миллиондогон долларларды талашып урушуп жатышса, өз ара уруша беришсин да?! Президенттин агасын же башкаларды чатагына кошуп ууландыруунун кереги барбы? 1995-жылы КТРден «Атамбаев – элдин душманы» деп какшай башташкан. Ошонун айынан апам көз жумган.
Эгер сен бизнести чогуу баштаган өнөгүӊдү орто жолдон сатып кеткен болсоӊ, бир күнү жооп берчү күнүӊ келет. Ал айыбыӊды бирөөгө, болгондо да президентке жүктөөнүн кереги жок.

ҮРКҮН ТУУРАЛУУ
-Эгер мындай дата болбогондой түр кылсам, анда мен өзүмдү кечире алмак эмесмин, эл да мени кечирбесе керек эле. Ал окуяны геноцид же башкача деп атоону мен чечпейм. Бирок карапайым, эч кимге зыяны жок адамдарды массалык өлтүрүү фактысы болгон. Негизи, тарыхтын айрым барактарын жаап-жашыруунун кереги жок, жакшысы – ачык талкуулаш керек. Бул датаны белгилөө менен антиорустук маанай күчөйт деп чочулаган жокмун. 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 100 жылдыгын мамлекеттик деӊгээлде белгилөөнү туура кабыл алынган чечим деп эсептейм.

ЭКИ ТООНУН ЧӨБҮН ЭӉСӨӨ...
-Мен кээде таӊ калам. «Ата Мекен» бир буту менен бийликте, бир буту менен оппозицияда жүрөт. Менимче, адам деле талтайып көпкө чейин тура албайт. Негизи, ар бир саясатчы, ар бир партия жоопкерчиликти шайлоодо эл добуш бергенде алат. Ким түз баратат, ким ары-бери секирип ойноп жатат, эл көрүп турат. Менин Өмүрбек Чиркешовичке каалоом бар эле да, талтайбай эле түз жүргөн жакшы, адам болобу, партия болобу... Кыргыздын «эки тоонун чөбүн эӊсеген эчки ачкадан өлөт» деген макалы бар.

КОРРУПЦИЯГА ШЕКТЕЛИП КАМАККА АЛЫНГАН ДАНИЯР НАРЫМБАЕВ ТУУРАЛУУ
-Данияр Нарымбаев менен 3 жыл чогуу иштештик. Аппарат жетекчиси катары жакшы иштеди. Соттун жыйынтыгы чыкканга чейин бирдеме деп айтууга эрте. Данияр Ильич убагында сот системинде иштеген, арбитраждык соттун төрагасы да болгон. Албетте, Данияр Ильич менен сүйлөшүүлөрдө «мен баарын кечиришим мүмкүн, бирок уурулукту кечирбейм» деп айтып келгем. «Муктаждыктар болуп жатса, жакшысы – мага кайрылгыла» дечүмүн. Өткөндө «карызым бар» деп келгенинен акча да бергем.
Нарымбаев боюнча адаштым деп ойлобойм, аппарат башчысы катары жакшы иштеди. Бирок ар бир адамдын, өзгөчө мурунку режимдерде иштеп калган адамдын талуу жерлери болот экен. Данияр Ильич Жогорку Соттогулардын бир тобу менен чогуу иштеген. Албетте, башында эле бул ишти жаманатты болбоюн деп токтотуп койсом болмок. Чынын айтайын, атайын эле токтоткон жокмун. Билесиздер, убагында Акаев «коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти» деп айткан. Ак үйдү 7-кабатына чейин тазалаш керек. Нарымбаевдин окуясынан аппарат кызматкерлери жакшы эле тыянак чыгарышты деп ойлойм. Мен таза иштеп кетпесем, анда менден кийинкилер таза иштегенге көнбөйт. Ким уурдаса, кармаш керек. Ошондо баарына сабак болот. Мейли, мени сындагандар сындай беришсин, шыбай беришсин. Бирок мамлекет тазаланып жатат. Жок дегенде Ак үйдүн 7-кабаты, президент тарабы тазаланып жатат. Эгер буга чейин кимдир-бирөөлөр толук түшүнбөй келген болсо, эми уурулук боюнча эч кимди аёо болбосун билип калышты.

ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТ БҮТКӨНДӨН КИЙИН...
-Ордума бирөөнү коюп кетүү үчүн кандайдыр бир аракеттерди кылбайм. Мен жаӊы муундагы саясатчыларга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү көздөйм. Өзүмдүн алдыма коюп жаткан негизги милдетим – өлкөнү өнүгүү жолуна салуу. Эл кандай болсо, журт башы да ошондой болот. Андыктан өлкө башчысын эл өзү тандап алганы туура. Биз мүмкүнчүлүк түзүп берсек, элибиз татыктуу адамды тандап аларына көзүм жетет.
Ким келбесин, эл үчүн таза, так иштегенге аргасыз болот деп ойлойм. Анткени азыр бизде коом күчтүү. Президенттик мөөнөтүм бүткөн соӊ өзүмдү премьер катары да, спикер катары да көрбөйм. Жаӊы президентке тоскоол болгум келбейт. Тынч иштей берсин. Бир кездерде жазуучу болууну эӊсегем, бизнесмен болгум да келчү. Эми жөн гана эс алууну да эӊсей баштадым.

«КУДАЙ ЖОЛУНА КАНДАЙЧА КЕЛДИМ?»
-Жашоомдо баары сатып кетип, таптакыр жалгыз калган күндөрүм болгон. Бул боюнча тамашалап «мени сата албай тургандар эле сатышкан жок» деп калам. Балким, жалгыздыктан улам Кудай жолуна түштүм окшойт. Кудай – ааламдык аӊ-сезим, ааламдык энергия. Бүгүнкү диндердин башкы кемчилиги – алар динди Кудайдан өйдө коюп алышканында. Жер жүзүндө жашоо кайсы бир миллиард жылдан кийин жок болуп кетет, диндер дагы жок болуп кетет. Бирок Кудай кала берет.

ЭШЕКТИН ЭТИ ТУУРАЛУУ
-Евразиялык экономикалык биримдикке кирдик. Казакстандын чек арасын ачышын көпчүлүк күтүп жатат, аны билем. Казактар фито-санитардык, мал чарбалык коопсуздук боюнча тынчсызданып жатышат. Бир чети мен аларды да түшүнөм. Эшектин этине байланыштуу чуу менен биз атыбызды жакшы эле чыгарып алдык.

САЛЯНОВА «ШОК» КЫЛГАНДА...
-Кээ бир чиновниктер куйругунан алганда эле оппозиция болуп кетет. Аксакалдар келишет «Балам, коррупция менен күрөшкөнүӊ туура, абдан жакшы иштеп жатасыӊ, бирок бул биздин айылдын баласы эле. Ушуну жөн эле койбойсуӊбу» деп. Аларды түшүнөр элем, бирок Башкы прокурор «коррупция менен күрөшүү керек, бирок менин күйөөм менен эмес» деп чыкканда ачыгын айтыш керек, «шок» болгом.

КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ
-Эл коррупция менен күрөш жүрүп жатканына эми гана ишене баштады. Азыр деле ар кандай ушактарды таратып жатышат, «Күрөш тегиз жүрбөй жатат...» «Бул шайлоонун алдындагы оюндар...» жана башкаларды айтып. Андай эмес. Ким коррупцияга аралашкан болсо, анын иши далилденсе, демек, жоопко тартылат.
Мени сүйүнткөнү – эл ишене баштады. Эл ишенбесе, башкы прокуратуранын негизги башкармалык башчысынын үстүнөн арыз түшмөк эмес. «Нарымбаев коррупцияга шектелип жатат» деген арыз мага келмек эмес. Өзүӊөр деле элестетсеӊер, Акаев, Бакиевдерге минтип арызданып барышмак эмес.

ЖАШТАР ТУУРАЛУУ
-Адамды кызматка коюп жатканда бардык жагынан карап көрөм, адистигин, тазалыгын. Жаштар эле жакшы, улуулар жаман деп айта албайм. Ооба, улуу курактагы кадрлардын көпчүлүгү мурунку заманда иштеп калышкан. Ылай менен жүргөндөр ылайга жабышып калышат экен. Антейин десеӊ, Максим Бакиев деле жапжаш болчу да? Айдар Акаев дагы... Андыктан, менимче, кадрларды жашына карап тандабаш керек. Адам тазабы, ишин билеби? Мына ушул маанилүү.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(25)
03.08.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Аппак болуп жатып калдыбы. Экинчи моонотко призидент болбой дейби корот чыгаарбыз.
03.08.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иши кылып карапайым элге залакасы тийбесе болду.Эки пил урушса ортодо чымынга зыян болбой.
03.08.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кудайдын суйгон пендеси гана Падыша болот. Демек биздин президент биздин Кудай койгон падышабыз. Кемчилик болсо болуп жаткандыр, бирок копчулук жасалып жаткан жакшы жумуштары дагы коп, жанындагылар, эл жардам берсе, биздин президент акылдуу, ойчул, чарбачыл адам экендиги жасаган иштери корсотуп жатат.
03.08.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sayragul, Демек Бакиев дагы кудайдын сүйгөн пендеси экен да анда...
03.08.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
basyz-kaman.,Бакиевке кудай бир шанс берген.Пайдалана албады,оз кызыкчылыгын жогору койду,кудайды унутту,акыры талаада калды. Мындай адамды кудай суйгон деш озу куноо тууганым.
03.08.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атамбаев курошкон чыгар! Бирок Карба-балтанын РОВДсын да тазалаш керек ! Алар байларга гана иштешет!
03.08.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи бироону бироо менен салыштырып кереги жок, Ар бир адам озуно жооп бериш керек.... Тынчтык эле болсун, бизден карап айым элге кудай берээрин унутпасын. Байлык, бийлик энсегендерге кудай ыйман берсин....
03.08.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Карасан эми муну бир сууйлоп нары барып башканы суйлоп колунан келген иштеп айтпайбы.
03.08.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ажобузду жамандап коментарий жазгандарга айтаар элем, ким бироону жамандап ушак кылган болсо анын куноосу сага ото берет! Муну билбегендер билип алгыла, эмне майнап чыгат бироону жамандап шыбап эле жатып каласынар... Тообо
03.08.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баарынан да мага ТАЛТАЙЫП деген созу жакты)))Президент ото жонокой Адам.чындыкты балп эткизе эле айтып салат
03.08.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчиден Алмазбек Шаршенович мыкты политик. Анткени кооз суйлойт. Элдин тили менен суйлоп, элди арбап алууну билет. Бирок, озунон мурунку экс-коллегалары жонундо жаман-жакшы айтуу этикага жатпаган корунуш. Кооз гана эмес ойлонуп да суйлоо керек.
03.08.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LaraKroff, койсончу кантип ушул АША кооз суйлойт эл аралык жолугушууларда мен аябай кыжаалат боло берем качан АША Акаев волга мингенде мен мерседес айдачу элем деп айтып салат деп, же коррупционерлердин колун болгарка менен кесем деп
03.08.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
LaraKroff,экс-коллегаларынын кылыгы айттырып жатат да. Алмазбек Шаршенович мыкты политик дегениңе кошулам. Анан да чыныгы эл-жер үчүн күйгөн кыргыздын уулу деп айтаар элейм
05.08.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин президент чындыгында жонокой киши,эгерде экинчи моонотко койсо колдомокмун. Таза киши эч качан жасалма суйлобойт, болгонду болгондой суйлогону факт. Убакыт корсотот, башка президент соройлор(бывший)булгаган саясий иштерин ондош кыйын экенин билесинер да. АЛЛА биздин ниетибизге жараша падыша берет, максатыбыз таза болсун.
03.08.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акылмандуулук менен таамай айтылган создор. туура динге ишенбей Кудайга ишенуу керек. диндер жок болот. бирок Кудай эч качан жок болбойт.
03.08.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Талтайта койдуго бироолорду.))
03.08.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Akul-Kara-chach,Акыл кара чач экениң чын болсо ушундай сөздөрдү жазбайт элең гоо
04.08.2015. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага суйлогону аябай эле жагат. Жонокой, элдин созу менен суйлойт. Сыйлайм жана урматтайм!
04.08.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра эле ушул киши президент болсо экен,жонокой киши,болгонун болгондой айтат,кыргыз учун чын эле куйот.
06.08.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayazа,кооз,карапайын,жонокой падыша дегенинер туура бирок бир ишин до и конца бутурсо жакшы болмок
04.08.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ажобуз Акаев менен Бакиевди анын уй булосу,балдары туралуу айтуудан тажабады го.Анан менин бир тууганымы,апамы соз кылды дептир.Мурунку ажолор жонундо кеп козгосо эле кыжырым келет.Откон отту озум эмне жасадым Кыргызстанга деп суроо салчу мезгил келди..
04.08.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айттыңыз. Өзүм Кыргызстан үчүн эмне жасадым? Эмне жасап жатамын?- деп президент, депутаттан тарта ар бир Кыргыз жараны ойлонуп, аракет жасап баштаса Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө 100% кепилдик болмок!
06.08.2015. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн сонун. Темир Сариев келсе болот эле президенттике.
08.08.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Президенттик мөөнөтүм бүткөн соӊ өзүмдү премьер катары да, спикер катары да көрбөйм. Жаӊы президентке тоскоол болгум келбейт. Тынч иштей берсин.Эми жөн гана эс алууну да эӊсей баштадым.ДЕЙБИИИ апей ушу кунго чейин уже баарын камдап буттуда олооруно чейин жетсе керек кампадагы акчасы ошон учун кээнири суйлоп калдыда акетайыбыз эн алууну энсеп))Мына ушундайда кыргыздар бийлик мезгилинде элди жакшы соз мн алдап жеерин жеп алаарын алып алгандан кийин кыргызды отургузуп кете беретта ар кимиси ар.жака
09.08.2015. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алмазбек Шаршенович жакшы иштебей жатат дегенден алысмын. Куноонун баарын эле ага оодарган болбойт. Президент буйруйт, а буюрган кыла тургандар чиновник, министр, депутаттар болуп саналат. Президенттин канчалык даражада жакшы иштеп жаткандыгын билуу учун, алгач анын кол астында иштегендерди сын коздон откоруп, же кызматтан тушуруш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: