БИР БҮРКҮМ
№665 31-июль-6-август, 2015-ж
-

Быйыл Кыргызстандын 5 тасмасы дүйнөдөгү эӊ ири «А» тобундагы 5 фестивалга катышып,
КЫРГЫЗ КИНОСУНДА рекорд жаратышты.
-
«ТААЛАЙ ЭЛЕСИ» тобунун курамы жаӊыланып, сентябрь айынын башында борбордо концерт бермекчи.
-
«Ташчайнар» атыккан НУРЛАН АЛИШЕРОВ сентябрь айында Румынияда өтүүчү таланттар сынагына катышат.
-
Быйыл Австралияда өтө турган «Дүйнө сулуусу-2015» сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан ТАТТЫБҮБҮ САМИДИН КЫЗЫ катышат.
-
АСЕЛ КАСЫМОВА «Жаным» деген жаӊы ыр жаздырды.
-
РОЗА ШАКИРОВА Ысык-Көл облусунда гастролдоп жүрөт.
-
АЗИЗА, АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, РОЗА ШАКИРОВА «Сен» деген ырына клип тарттырышууда.
-
«Голосящий КиВин-2015» музыкалык фестивалында жеӊишке жеткен «АЗИЯ МИКС» командасы Орусиянын шаарларында гастролдоп жүрүшөт.
-
«ТУМАР» бий тобунун мүчөлөрү Стамбулда өткөн «Сиз Түркиянын талантысыз» шоусунун финалында өнөрүн көрсөтүшүп, жеңишке жете алышкан жок.
-
АЛИХАН «Сен үчүн» деген жаӊы ыр жаздырып, клип тартуу алдында турат.
-
ЖЕӊИШБЕК АЙТИЕВ күзүндө уул той, үй той берем деп даярдык көрүүдө.
-
АСКАТ СУЛАЙМАНОВ режиссёр Андрей Ершовдун «Шайлоо жайлоо» тасмасына тартылды.
-
АЙАР ырчы АЙГҮЛ ЧАЛОВА менен «Жаз» деген ырды дуэт ырдайт.
-
МЕРГЕН ТУРГАН 25-июль күнү 47 жашка чыгып, жакын санаалаштарынын курчоосунда өздүк майрамын белгиледи.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0