ТЫНЧТЫК УУЛДУУ, АЗАМАТ КЫЗДУУ БОЛДУ
№665 31-июль-6-август, 2015-ж


Сүйлөсө тилинен чаң чыккан экс-ди-джей, журналист
Тынчтыкбек Кожобеков да 25-июль күнү уулдуу болду. Сүйүнүчүндө чек жок Тынчтык жагымдуу кабары тууралуу:
«Бул менин үчүнчү уулум, андан улуу Байэл жана Санжар деген уулдарым бар. Жаӊы төрөлгөн балама Нуртай деген ысым ыйгардык. Кудайга миӊ мертебе шүгүр, алты саны аман, ден соолугу чыӊ төрөлдү»,- деп билдирди.
Ал эми 28-июль күнү кыздуу болгон төкмө акын
Азамат Болгонбаев: «Балалуу болгондун өзү сүйүнүч. Биринчи баламда кандай сүйүнсөм, мунусунда да ошондой эле кубанып жатам. Келинчегимдин жана кызыбыздын ден соолугу жакшы»,- деп сүйүнчүлөдү.
Бешик бооӊор бек болсун!
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1