Бишкек шаардык соту 3-август күнү Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду үй камагына чыгарды. Эске салсак, ал 15-июль күнү учурда абакта жаткан Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин туугандарынан 100 миң доллар пара алууга шектелип, УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн болчу. Ага карата «коррупция», «опузалап пара талап кылуу», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.
Ошол күндөн тарта Хажимурат Коркмазовдун адвокаттары менен жакындары депутаттын ден соолугу начар экендигин айтып келишкен. Башында жүрөк оорулуу деп жатышса, 4-август күнү партиялашы жана «коррупция» беренеси боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков «Коркмазов теринин рагы менен ооруйт» деп айтты. Ал мындай сөзүн өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча сот отурумунда билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
ошода, бизде ким камалса эле ооруп калат
Биздин соттор чондорго кээде ото эле гумандуу болуп кетишет да.
Жеп атканда оорушпайт да кармап камаганда ооруп калышат.
.ошолордун айынан Кыргызстан онукпой жатат,буларга соз жок айласыз жаканы кармайсын.