БИР БҮРКҮМ
№666 7-август-13-август, 2015-ж
ӨКТӨМ САПАР УУЛУ казак ырчысы ГАДИЛБЕК ЖАНАЙ менен биргеликте «Биздин жолдор» аттуу дуэт жаздырды.
- «WE'LL BE» бий тобу керектүү каражат чогулта албай калганына байланыштуу АКШнын Сан-Диего шаарында өтчү заманбап бий боюнча биринчиликке катышуудан баш тартты.
- Улуу Британияда Кыргыз Эл жазуучусу СУЛТАН РАЕВДИН «Кара» романы басылып чыгарылат. Чыгарманын бет ачары 6-9-ноябрда Лондондо өтчү 4-эл аралык адабият фестивалында жана китеп форумунда өтөт.
- Бир кездерде жанып турган ырчы ЖАНЫМ АЙЗАТ 6 айдан кийин Германиядан окуусун бүтүп келип, ырчылык карьерасын улантарын кабарлады.
- ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА «Күткүм келет» ырына клип тартып бүтүп, эми «Жан балам» аттуу ырын жаздырууга киришти.
- МИНЮРА РАХИМЖАНОВА 6-июлда Алматы шаарында өткөн казак элинин ассамблеясынын күнүнө карата уюштурулган концертке катышып кайтты.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0