СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ КАЗАК ЫРЧЫЛАРЫНА ОБОН ЖАЗДЫ
№666 7-август-13-август, 2015-ж
Ырчы Съездбек Искеналиев ырдап эле тим болбостон киного да тартылып актёрдук чеберчилигин көрсөткөн. Ал эле эмес "Карт бойдок", "Карт бойдок-2" тасмаларына продюсерлик кылганын да билебиз. Эми ырчы обончулук өнөрүн да өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. "Обондорум Кыргызстанда эле эмес, Казакстанда да оболоосуна аракет кылып жатам. Учурда казак эстрадасындагы тааныштар менен иш алып баруудамын. Буюрса, эки элдин эрке баласы болом деп талбай эмгектенип жаткан кезим",- деп билдирди ырчы.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0