Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖАШ КЕЛИН КҮЙӨӨСҮН ӨЛТҮРҮП, ДЕНЕСИН ЖИЛИКТЕП САЛГАН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№668 21-август-27-август, 2015-ж


Өткөн аптада Бишкек шаарында үрөй учурган кандуу окуя катталды. Таштанды таштоочу челектин ичинен табылган адамдын дене мүчөлөрү шаар тургундарын дүрбөлөӊгө салып, өлтүрүлгөн адамдын, ага шектүү катары кармалган адамдын жаш экендиги бирөөлөрдү сестентип, бирөөлөрдү кейитти.

ҮРӨЙ УЧУРГАН ОКУЯ
14-август күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 5-кичи райондон таштанды таштоочу челектин ичинен полиэтилен баштыгына салынган адамдын кесилген колдору жана буттары табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарек боюнча барышкан ыкчам иликтөө кызматкерлери кесилген дене мүчөлөр эркек адамга таандык экенин аныкташкан. Бул факт боюнча «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун аты-жөнүн тактоо жана кылмышкерлерди табуу аракеттери көрүлө баштаган.
Эртеси, тагыраак айтканда, 15-август күнү Фучик көчөсүндөгү №18-үйдүн бет маӊдайында жайгашкан таштанды таштоочу челектен болжол менен 30-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын башы табылган. Ал эми 17-август күнү жиликтенген маркумдун денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынып, өрттөлгөн абалда табылып, жогорудагы дене мүчөлөр бир адамга тиешелүү экендиги аныкталган.
Көп узабай маркумдун аты-жөнү такталып, ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1981-жылы туулган Эрлан Оркошев экендиги белгилүү болгон. Бул окуя боюнча маркумдун тааныштары, туугандары жана кесиптештери суракка алынып, жыйынтыгында шектүү катары маркумдун аялы 1989-жылы Ош шаарында туулган Айдай Субанова кармалды.

«ТАМАКТЫН АЙЫНАН УРУШ ЧЫКТЫ»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү Айдай Субанова мындайча көрсөтмө берген:
– Акыркы күндөрү күйөөм экөөбүздүн ортобузда көп чыр-чатак орун алып жүргөн. Ошол күнү да кечинде күйөөм жумуштан келип, мен жасаган тамакты жактырбай, анын айынан ортодо уруш чыгып мага кол көтөрдү. Ал буга чейин да мага кол көтөрүп келген. Мен ачууга алдырып аны ашкана бычагы менен сайып өлтүрүп алдым. Ошол күнү үйдө балдар бар эле. Эртеси аларды апамдын үйүнө алып барып таштадым да, кайра үйгө келип кылмышымды жашыруу үчүн күйөөмдүн денесин жиликтеп, баштыктарга салып шаардын ар кайсы жактарына такси менен ташып таштап келгем.

«АГАМ МЕНЕН ЖЕӉЕМДИН УРУШКАНЫН ДЕЛЕ КӨРГӨН ЭМЕСМИН»
Мындай өлүмгө туш болгон маркум өзү ким болгон жана эмне жумуш менен алектенчү эле? Атын атагысы келбеген туугандарынын бири буларга токтолду:
– Эрлан байкемдин Бишкек жана Ош шаарларында бизнестери, бир жолу колдонулуучу идиштерди чыгарган заводу бар болчу. Милиция кызматкерлери агамды жеӊем өлтүргөнүн айтышууда. Билишибизче, экөө жакшынакай эле жашап жатышкан, ортолорунда 2 баласы бар болчу. Мурда деле экөөнүн урушканын көргөн эмес элек. Учурда туугандарыбыздын бардыгы бул окуяга ишене албай турабыз.

«ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА»
Бул окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Самат Курманкулов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бизге маркумдун иниси агасы бир күндөн бери дайынсыз жок болуп жаткандыгын айтып, арыз менен кайрылган эле. Таштандыдан табылган дене мүчөлөрдү көрүп, ал дене агасына тиешелүү экенин тааныган. Бул кылмышка шектүү катары маркумдун жубайы, 26 жаштагы Айдай Субанова кармалды. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алды жана убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Ал буга дейре сот жообуна тартылган эмес. Кылмышка шектүүнүн акыл-эси ордунда же ордунда эместигин билүү үчүн соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Маркум менен кылмышка шектүү 2011-жылы баш кошуп, 4 жыл бирге жашашкан экен. Ортолорунда 3 жана 2 жаштагы эки уулу бар. Балдарынын келечеги эмне болору азыр чечилүүдө. Аялы кылмышты өзү жасаганын айтууда. Ал эми аны ташыган таксисттер баштыкта жиликтенген адамдын дене мүчөлөрүн салып баратканын билишкен
эмес. Кылмышка шектүү 2013-жылы Медициналык академияны аяктаган.
Маркум жөнүндө айта турган болсок, ал Кара-Кулжа районунда төрөлүп, Бишкек шаарында көп жылдан бери батирде жашачу экен. Жакын арада үй салмакчы болуп жаткандыгы маалым болду. Ал кытай жана англис тилдеринде эркин сүйлөп, Англия жана Кытай өлкөлөрүндө иштеп келгенин туугандары айтышты.

БУГА ЧЕЙИН ДА МЫНДАЙ ОКУЯЛАР КАТТАЛГАН

  • Эсиӊиздерге сала кетсек, буга окшогон окуялар мурда да катталган. Тагыраак айтканда, 2014-жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишинде жайгашкан таштанды салуучу челектердин ичинен 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн, башы жана ички органдары жок аял кишинин денеси табылган. Ал эми эртеси маркумдун башы ошол тараптагы жаӊы курулуп жаткан имараттардын биринин жер төлөсүнөн табылган. Иликтөөдө жиликтенген сөөк 17 жаштагы Карина Кыштыбаева аттуу Ысык-Көл облусунун тургунуна тиешелүү экендиги аныкталган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Наиль Надиров кармалган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан жана кылмышка шектүүнүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөөгө өкүм чыгарган.
  • Ошондой эле, 2012-жылдын 30-январында да Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Аламүдүн айылындагы ГЭС-1деги шлюзда 25-35 жаштардагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын башы жана буту табылган. Каза болгон жаран Уланбек Айтматов аттуу 31 жаштагы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну экени аныкталган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 40 жаштагы Таалайбек Жуманов аттуу маркумдун айылдашы кармалып, кылмышын моюнуна алган. Тергөөдө белгилүү болгондой, Таалайбек Жуманов айылдашы Уланбек Айтматовду өлтүргөн соӊ балта менен денесин бөлүктөргө бөлүп, капка салып Чоӊ Чүй каналына салып жиберген. Маркумдун башы менен колунан башка дене мүчөлөрү табылбай калган. Аламүдүн райондук соту Таалайбек Жумановду күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Уулунан айрылган эне: «КЕЛИНИМ УУЛУМДУН БАШЫН МУЗДАТКЫЧКА САЛЫП АНАН ЫРГЫТЫПТЫР»

Өткөн жумада Бишкекте төбө чачты тик тургузган окуя болуп өттү. 14-август күнү 5-кичирайонундагы таштанды таштоочу челектен эркек адамдын колдору жана буттары табылды. Кийинки күнү Фучик көчөсүндө таштанды челегинен адамдын башы жана жансыз дененин калган бөлүгү борбордогу чайханалардын жанынан табылган. Аз өтпөй жиликтенип борбордун ар кайсы бурчуна ташталган жарандын өздүгү такталып, ал ишкерлик менен алектенип жүргөн 1981-жылы туулган Эрлан Оркошев болуп чыкты. Ишкердин өлүмүнө шектүү катары анын жубайы кармалды. Биз Эрлан Оркошевдин жакындары менен жолугуп, алардын оюн угуп кайттык.

Гүлнар Байыскулова, каза тапкан Эрлан Оркошевдин апасы: «УУЛУМДУН ЖҮЗҮН КӨРӨМ ДЕП ЫЙЛАДЫМ, КӨРСӨТҮШКӨН ЖОК»
– Баламдын бир адамга да зыяны жок болчу. Жоготконума ишене албай турам. 7 жыл Кытайда, 3 жыл Англияда жашады. Англис тили менен кытай тилин кыргыз тилиндей сүйлөчү. 5 убак намаз окуп, колунан келсе кишиден жардамын аячу эмес. Бишкектин чет жагында кагаз идиш-аяктарын жасай турган заводду ишке киргизем деп чуркап жүргөн. Тез-тезден сүйлөшүп турчубуз.
13-август күнү телефон чалсам алган жок. Санаам тынчыбай келиниме чалсам ал да албай, кийин өзү чалды. «Айланайын, Эрлан каякта? Телефонун албай жатат го» десем, «Мен апамдыкына кеткем. Ал мончого барганда ошентип өчүрүп коёт» дейт. Эртеси чалсам дагы өчүк. Телефонун өчүрчү эмес. Эки телефону менен теӊ тынбай бирде Кытай менен, бирде бул жактагы жумушундагылар менен сүйлөшүп, дайыма байланышта болуп турчу. Келиниме эртеси чалсам, «Эрлан түндө үйгө келген жок» деди. «Мурда келбей калчу беле?»десем, «жок, антчү эмес» дейт. Балдарым менен издей баштадык, милицияга кайрылдык. Жанагы рэкет деген кармап алып кыйнап жатабы деп да чебелектеп жаттым. Аягында «Эрландын үйүн тоноп кетиптир» дегенинен Бишкекке учуп келдим. Түз эле ШИИББге бардым, барсам келиним Айдай бозоруп эле турат. «Эмне бозоруп калгансыӊ, Эрлан маӊдайыӊа келип калары бардыр» десем, «ооба, апа, келет» деп бири-бирибизди жубаткандай болдук.
Ошол мени менен калган түнү келиним уулум Кытайдан белекке алып келип берген кызыл чемоданга баламдын денесин салып ыргытып келген экен. Аягында келинимдин баламды өлтүрүп, денесин бөлүп салганы маалым болду. Аны же мага айтышпайт. Ортончу баламдан «Эрлан кыйналбай өлүптүрбү?» десем, «жок, апа, жүрөккө эле бир сайыптыр» деген. Кийин кепинге ороп алып келишкенде «көргө кетсе көрбөй калам, жүзүн көрөм» деп ыйладым. Көрсөтүшкөн жок.
Келинимдин кантип ушуга дити барганын азыр да түшүнө албай турам. Мурдараак Айдай мага кытайлыктардын киносун көрсөткөн эле. Анда да бир аял күйөөсүн жиликтеп салат. Ошону көрүп башынан ойлонгонбу деп түркүн ойлорго кептелем. Балдары жетим калды. Сыздап, кылар айламды таппай турам. Келиним «кайненемди аяйм, ал жакшы киши» деп айтыптыр. Аяса ушинтип баламды жиликтейби? Баламдын башын табышканда эмнегедир муздак экен. Кийин келинимден тергөөдө сураганда «башты кесип муздаткычка коюп анан ыргыткам» дептир. 29 жашында баламды шаштырып ак тоюн берип ушул кызга үйлөнткөм. Эми айламды таппай турам.

Шерлан Оркошев, бир тууган иниси: «АГАМДЫН КУМУРСКАГА ДА ЗЫЯНЫ ЖОК БОЛЧУ»
– Тергөөнүн жүрүшүндө такси кызматына жасалган чалуулар аркылуу кылмыштын бети ачылды. Көрсө, жеӊем башка номур менен үйүнөн ары жактагы үйгө буйрутма кылып, ошол жактан түшүп кетип жүргөн экен. Бир таксист көрсөтмөсүндө «Жаш келин эки баласы менен отурду. Жанында оролгон чоӊ килем бар. Килемди унаа жуучу жайга алып барып таштады» дептир. Унаа жуучу жайдан сурасак, килем аябай кан болгон экен. Дагы бир таксист «Жаш кыз чоӊ кызыл чемодан менен келип отурду. Айткан жерине жеткен соӊ тура тур деп кайра чемоданы жок келди» деп жатат. Жеӊебиз кылмышын моюнуна алды.
«Тамак жасай албайсыӊ» дегенинен урушуп кетип, байкабай бычак сайып алдым дептир. Агам бою узун, спорт менен машыккан эркек, ал эми жеӊемдин салмагы ашып кетсе 45 килограмм болот. Байкабай сайып коё алмак эмес. Агам андай уруш болгон чакта да сайдырбайт болчу. Менимче, агам уктап жатканда кылмыш жасалса керек. Күйөөсү урчу экен деп айрым ММКлар жазып жатышат. Байкем антмек эмес, дайыма жеӊемдин көзүн карап турчу. Айрымдар «байкуш кызды күйөөсү ошого жеткирген экен» дешүүдө. Агамдын кумурскага да зыяны жок болчу. Логикага салып көргүлөчү, ошончо кордук көрсө ажырашып кетпейби? Мүлкүнүн жарымын алганга укугу бар болчу. Биз дагы жеӊебиздин ушул кылмышка барганына таӊ калып, ишене албай жаттык. Бирок анын көрсөтмөлөрүн көрүп ынандык. Агамдан ажырап кабыргабыз кайышып турат. Баарынан апама оор болду. Атабыз бир жарым жыл мурун каза болгон эле. Эми агамды жоготтук.

Асхат Субанбеков
Мирлан Өмүралиев

koom@super.kg



Жаш келин күйөөсүнүн денесин жиликтеп, башын муздаткычка сактаганбы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков, Мелис Маматкулов

"Күйөөсүнүн денесин жиликтеген" делген келин окуянын кандай болгонун айтты

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(135)
24.08.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын! Био нерсе деп айтууга дитим байрбайт! Туугандарынын айтканына караганда экоосу абдан жакшы жашоочу дейт. Менин бир тааныштарынды сырттан коргон адамдар алардын турмушуна абдан суктанчу! Чындыгында алардын турмушу "показуха" болчу. Булар да ошондой "Показуха" уй булоолордон болсо керек! Жаратканым бардыгыбызга ынсап берсин!
24.08.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишене албай турам. Кантип коркпой жиликтеди?! Менимче бул жерде башка нерсе бар.
24.08.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!Жакындарына кудайым сабыр берсин.
Медиа-портал
24.08.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мерезт таш боор келин экен
24.08.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда ишенбейм,келин озу жалгыз жасаганына.Милициялар терен изилдеши керек
24.08.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул окуянын арты кантип аяктаарын да жазып чыгарыныздарчы сот кандай чечим чыгарды экенин анан да мумкунчулук болсо кыздан да маек алыныздарчы коройлу
25.08.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
25.08.2015. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын кумурсканында башына салбасын мындай кунду! Оо Алла баардык пенделеринди шайтандын жолунан озун асра! Жаткан Жери жайлуу болсун!калган туугандарына кудайым сабыр берсин!
SUPER.KG видео
25.08.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келин алы жетпейт эле,бул жерде даагы бирөө болушу мүмкүн.
25.08.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KYRGYZJERI, aika2015,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сунуш, суроо, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Медиа-портал
25.08.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай эркек менен мен бутунан ооп жашамакмын!Байлыгы аялыны кутуртканго.
25.08.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамак үчүн эле минтип өлтүрүп койбосо керек деп ойлойм. Ортолорунда башка талаш нерсе болгон, балким акча, балким көзгө чөп салуу...
25.08.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер чын эле тамактан уруш чыкса анда жаман болуптур. Алдыбызга койгон тамак Алла Таалам жөнөткөн ошол күнкү биздин ырыскыбыз! Ырыскыбыз чанбасак! Айрым жерлерде чоң адамдар эмес жаш балдар ачкачылыктан каза болуп жатышат.
25.08.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келиндин ата апаларынан деле интервью алышса болмок.Алардын ойлору кандай экен.Мумкун башкача болуп чыгаттыр окуя.
01.09.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cyldyzka,сен кызык экенсиң, ушунча мыкаачылык кылган немени аяганыңбы? Өзү өлтүрүп, жиликтеп, өзү ар кай жакка таштаганын мойнуна алыптыр го, бул соо киши (аялды кой), кылаар иш эмес го, кантип дити барды?
25.08.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окунучтуу.Келинди табалагандан алысмын бирок аябай жаман иш болуптур.Байкуш топтоп журуп жарылды бекен же психикалык жактан кеткенби???Кудайым озун сактай кор.Эшек жегенден кийин аябай кылмыш кобоюп кетти
25.08.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуя чын эле ушундай болдубу Кудай билет
SUPER.KG видео
25.08.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolson.Ata enesine,tuugandarina sabir kaalaim.Erkekter medik kiz algim kelet dep kop aitishat,mina saga medik kizinar. Emi korkup kaliwat go med.kiz algandan soyup tashtabasin dep.
SUPER.KG видео
25.08.2015. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген шумдук. Билип билбей бирдемке деп айтышда кыйын экен.
25.08.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
26.08.2015. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор баарыбызга нысап берсин аллахым
26.08.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым.ушундай да болобу
SUPER.KG видео
27.08.2015. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын жини келгенде акыл кетет деп коет.ар дайым намаз окуп,келиме келтирип журсок шайтанда бизден алыс журот.бир туугандарына сабыр берсин кудайым.
27.08.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соокторун ыргытып жатканда бомждорду эске албаса керек, алар болбосо билинбей калмак да.
27.08.2015. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мед кыз издеген аялдар, жигиттер кандайсынааар? бул эле эмес дагы бир мед келин куйоосу алыска ишке кеткенде огой балдарыны кулагына кундо курт салып олтуруп койгон курт нервди жейт , баш катуу орууп тилден калат аны кыйын врачтар да текшерип диагнозун билбей коюшат, анан олот бир эмес эки бала олот жанакы келин качып кетет, балдарыны комот сотко барат, сотко далмл керек го мурзону кайра чукуп баланы башыны кескенде чооон чоон курттар чыгат курттар жей берип чоноюп кеттида анан тмги келинди издеп вокзалда чет олкого качып бараткан деринен кармап камашат, иши кылса мед, терден коркуш керек алардын журогу да журок да, колдору да баатыр
27.08.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызга озун инсап бер Аллахым!!!
27.08.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайтан аралап кеткен! Ачууга алдырган
27.08.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бай адамдар ото капризный болот! Аялынын жанын койбой журсо керекта! Анан ушунтип бир куну жарылып чыккан!Бу келинди ошого жеткирген
Медиа-портал
27.08.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасына журогум ооруп кетти.
27.08.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о кудай адам эмес кетип бараткан кумурсканы тебелеп албайын деп аларды аттап отобуз,эмне деген шумдук
27.08.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен мед академиянын жанынан откондон коркуп калдым
27.08.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
медтер адам органыны баарыны билет да кайсы жерде точкасы бар, точкага урса олот анан. кайсы жеринен болушду да билет, бокоор кой. союп. жиликтегендей жиликтептир , барекелле
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: