БИР БҮРКҮМ
№668 21-август-27-август, 2015-ж
-


Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы төрагасы
Юруслан Тойчубековго Интерпол эл аралык издөө жарыялады.
-
«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтымында, сынак тапшырган мечиттердин имамдары ай сайын 5 миӊ сом стипендия алышат.
-
«Коррупция», «опузалап пара талап кылуу», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталган Жогорку Кеӊештин депутаты Хажимурат Коркмазов боюнча сот отуруму 1-сентябрга жылдырылды.
-
19-август күнү Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында 3 өспүрүм бала Чоӊ Чүй каналына чөгүп кетип, алардын сөөгү изделип жатат.
-
Орусиялык отелдерди онлайн брондоо боюнча Oktogo.ru сервисинин иликтөөсүнө ылайык, Ысык-Көл орусиялыктардын жакынкы чет өлкөлөрдөгү эӊ популярдуу болгон 5 курорттук аймагына кирди.
-
Алмазбек Атамбаев 17-августтан 21-августка чейин кыска мөөнөттүү эмгек өргүү алды.
-
20-августтан тартып Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу жокко чыкты. 1993-жылы жардам берүүнү жеӊилдетүү боюнча мындай документке кол коюлган болчу.
-
Өкмөт башчы Темир Сариев милиция кызматкерлерине 86 унаанын ачкычын тапшырды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0