Өкмөт 12-август күнү мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизип, мектеп формасынын кеӊейтилген стандартын кабыл алды. Былтыркы жылы милдеттүү кийилсин деп киргизилген мектеп формасынын бир түрү, тагыраагы, кочкул кызыл пиджагы бар комплект боюнча буйрук жоюлган. Жаӊы талаптарга ылайык, мектеп формасы бир эле фасон менен түстө эмес. Стандарттардын ичинде кочкул кызыл пиджактуу комплект да бар, бирок мектеп формасын окуу жайдын администрациясы менен ата-энелердин комитети кеӊешип, бир формага токтолгондон кийин сатып алуу керек болот.
«30-сентябрга чейин окуучуларга мектепке каалаган кийиминде барууга уруксат. Бул мөөнөт ата-энелерге кайсы бир форманын түрүнө токтолуу үчүн берилди. Эӊ оӊою ак көйнөк менен кара пиджак, юбка жана шымды калтырышса болмок. Ага чейин директорлор менен мугалимдерге форма үчүн акча чогултууга жана окуучуларды формасы жок болсо мектепке киргизбей коюуга тыюу салынат. Ушундай окуялар каттала турган болсо, министрлик тиешелүү чара көрөт»,- деди билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
1. Ак рубашка балдарга орточосу 600 сом.
2. шым- орточосу 400 сом.
3. ботинка 700 сом.
4. джемпер и костюм 600-1000 сом.
Форманы райондук билим беруу мекемелерине алып келиптир. Сапаты томон. Эртен бардык мектеп жетекчилерин зордуктап алдырат. Жетекчилер ата-энелерди зордуктап алдырат!
Бул форманын цехте тигилиш баасы:
Кыз жана эркек баланыкы юбка, шымды 30-35сомго
Кастюмду 75-100сомго тигет экен.
Ошондо майда чуйдосу менен 1 комплект форманын баардык чыгымы 500сомду тузот.
Калган 2500 сом 3000сомду каяктан алып кошуп атышат?!
Жел кирбеген материал,
эмки жылы да кийсин деп чон размер алсак кийгенде кебетеси огош бетер кетип калат экен...
Жооп берип койсоңуздар.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.