ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА ЛЕЙЛЕК ТУУРАЛУУ КИНО ТАРТАТ
№668 21-август-27-август, 2015-ж

Атактуу актриса
Жамал Сейдакматова Лейлек жергеси тууралуу тасма тартууга ашыгып жүргөн кези. Дегенибиз, Жамал айым жакында ал жакка «Туӊгуч» театры менен чогуу спектакль коюп барган.
«Ошондо Баткендин кооз табияты, асман тиреген тоолору Голливуддун декоративдик тоолорун элестетти. Бир карасаӊ тоолор коркунучтуудай көрүнөт, бир карасаӊ сулуу көрүнөт, айтор, абдан табышмактуу жер экен. Ичимден кино тартса болчудай экен деп койгон элем. Эли меймандос, берешен, жөнөкөй экен. Кайтып келе жатканда Исхак Раззаковдун мекени тууралуу сөзсүз кино тартпасам болбойт деп ниет кылдым эле. Келип демөөрчү издедим. Буюрса, демөөрчү табылды, сүйлөшүүлөр бүтсө эле тартуу иштерин сентябрь айында баштаганы турабыз»,- деп билдирди.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Рахмат!