НУРИЗА БУРХАНОВА ТАСМА АЯНТЫНА КАЙТТЫ
№668 21-август-27-август, 2015-ж
Турсунбай Бакир уулунун жубайы, жаш актриса
Нуриза Бурханова турмушка чыккандан кийин хиджаб кийип, удаасынан уул-кыздуу болуп, өзүн толук бойдон үй-бүлөлүк турмушка арнап салган эле. Сыягы анын турмушунда чоӊ бурулуштар болгон өӊдүү. Актриса социалдык тармактарга жылаӊбаш түшкөн сүрөттөрүн жүктөп, тасма аянтына кайтканы тууралуу жаӊылыктарды жаза баштады. Анын жашоосундагы мындай өзгөрүүлөрдү билүү максатында өзүнө кайрылганыбызда:
«Ооба, чыгармачылыкка кайтып келдим. Жакында «Жол» («Путь») деген тасмада баш каармандын ролун аткардым. Буюрса, сентябрь айында бет ачары болот. Кинодо каарманымдын сүйүктүүсүнүн ролун Руслан Ботобаев деген актёр аткарат. Өзүмдүн кесибим актриса болгондуктан тартуу учурунда кыйынчылыкты деле сезген жокмун. Ал эми жашоомдо болгон өзгөрүүлөр тууралуу маалымат тараткым келбейт. Жеке жашоо сыр бойдон калганы эле жакшы»,- дейт.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1
Кыргыздар качан хиджаб кийди ле, андан көрө өзүбүздүн жоогазындай болгон улуттук кийимдерибизди кийсе деле кыргызга жарашпайбы?
Нуриза, Алга, алга, алга!!! Элде айтат "Акырын бассаң -аксак, катуу бассаң - таскак", ошондуктан эч ойлонбой, чамдай гой.