
«Cупер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу», тамашоучу
Азамат Исмаилов былтыр кеч күздө бир башы эки баш болуп, 16 жаштагы
Сымбат аттуу селкиге баш кошкон эле. Жыл айланбай минтип Азамат уулдуу болуп отурат. 24-августта жарык дүйнөгө келген наристе 3 килограмм 300 грамм салмакта төрөлүп, ымыркайга чоӊ атасы
Темирлан деген ысым ыйгарды.
«Келинчегим кош бойлуу учурунда талгак болуп, аны жейм, муну жейм деп мени кыйнаган жок. Баарынан да анын салмак кошуп, келбети бузулбаганы мени кубандырды. Баламды төрөт үйүнөн чыгарып келдик, учурда эне-баланын абалы жакшы. Мындан эки күн мурун эле кыялымдагы Lexus GS 300 үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болуп кубанган элем, кубанычыма кубаныч кошулду»,- дейт толкунданган Азамат.
star@super.kg
Баланыздын омуру узуун,ыймандуу балдардан
болуп чонойо берсин.
Жубайы жаш экен, аны жакшылап кароо керек. Баланыздар омурлуу болсун!
Далили жок маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
Кичинекейдин омуру узун болсун!