
Шайлоонун астында саясатчылар бир партиядан экинчи партияга өтүп, айтор, кас болуп жүргөндөрү дос болуп, достору тескерисинче, кас болуп жаткан учур. Ал эми маданият кызматкерлерин кайсыл теке сүздү ким билет?
«Тынар-Борончу» тандеми тарап, экөө акчанын айынан эки айрылыш жолго түшкөнү жөнүндө маалымат тарады. Бул маалыматты тактоо максатында Борончу Кудайбергеновго кайрылдык:
«Мен кезинде Чубак Сатаев менен бирге иштешкен адаммын. Башталган иштин аягы болот дегендей Тынар экөөбүздүн тандемибиз акырына чыкты. Биз эч кандай акча талашкан жокпуз, болгону Тынар «мен өзүмчө иштейм» деди эле, мен макул болдум. Мен Бишкекте, Тынар Ошто концерт берүүнүн алдында турабыз. Мындан ары жаш куудулдардын башын бириктирип, ар бир эки айда жаӊы сатираларды тартуулай турган «Борончудан ыр күлкү» деген долбоор түзүп жатам»,- дейт куудул.
star@super.kg
Сунушуңузга рахмат. Бирок такталбаган маалымат жазып кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат деген эрежени эсиңизден чыгарбасаңыз.