Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БАКТАМЕДге ЭЧ КИМДИН АЛЫ ЖЕТПЕЙБИ?

№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж


Чоӊ кишиден жаш балдарга чейин кайсы оору менен оорубасын акыркы учурларда дарыгердин белгилөөсү менен бактамед деген укол алып калышкан. Жаш балдар бутун сүйрөп басып калышса, чоӊ кишилердин бели ооруп калган фактылар кездешти. «Бактамеддин айынан жыйырмадан ашуун баланын буту баспай калды» деген Жогорку Кеӊештин депутаты Ширин Айтматова аталган дарыны колдонуудан алып салуу керектигин үстүбүздөгү жылдын апрель айында айтып чыккан. Дары дагы деле дарыканаларда сатылып жатат. Мындан 1 ай мурун Ошто дагы бир бала ушул препараттан улам баспай калган.

«БАЛАМДЫН БУТУ ӨТӨ ИЧКЕРИП КЕТТИ»
Эки жаштан жаӊы ашкан Адилет Адиля Базарбекованын экинчи баласы. Адилет үстүбүздөгү жылдын февраль айында тамагы ооруп, апасы Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына алып келген.
– Балам тамагы ооруп калганда №3-балдар ооруканасына алып келдик. Кабылдамада отурган дарыгерге көрсөтсөк, күнүгө бир маалдан 5 күнгө бактамед деген укол жазып берди. Акчабыз жок болгондуктан ошол жердеги дарыканалардын биринен бир ампула сатып келсек, врач өзү сайып берди. Балам чаӊырып ыйлап ийди. «Ачуу дары беле?» десем, «ооба, өтүп кетет» деди. Ошентип үйгө бардык, дикилдеп чуркап жүргөн балам кечинде эле сол бутун сыртка кайрып сүйрөп басып калды. Баарыбыздын жүрөгүбүз түшүп, эртеси эле жеке менчик ооруканалардын бирине барсак, «өтүп кетет, булчуӊ эти чоюлуп калыптыр» деди. Биз жакшы болуп кетет деп күтө берип арадан 3 ай өтүп кетиптир. Анан жеке менчик балдар ооруканасына көрсөттүк. Кабыл алган дарыгер дароо эле «бактамед алдыӊар беле?» деди. «Ооба» десем, «Ушуга чейин жүрө бересиӊерби? Баланын сол буту оӊ бутунан 3 сантиметрге ичкерип кетиптир. Дарылабасаӊар таптакыр куурап калат, уколду кайдан алсаӊар ошол жерге баргыла» деп урушуп кетирип жиберди. Ошентип №3-балдар ооруканасына бардык, 10 күн дарылашты. «Эмне кыласыӊар билбейм, баламдын бутун айыктырып бергиле, силер сайган бактамедден ушинтип калды» дедим. Массаж, токко кактоо, парафин жабуу менен дарылашты. Врачтар «ай сайын 10 күндөн бир жылга чейин дарылоо курсунан өтөсүӊөр, бирок толук айыгып кетесиӊер деп кепилдик бере албайбыз» дешти. Азыр деле калыбына келе элек, сол буту оӊ бутуна караганда ичке, алсыз.
Мындан сырткары 34 жаштагы Венера деген окурманыбыз дагы мындан 3 жыл мурун 3 жарым жаштагы кызынын бактамедден улам сол буту баспай калганын айтып кайрылганы бар.

КИМДЕРГЕ БОЛОТ, КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Колдонууга болбойт: Сезгичтиги жогору адамдарга.
Колдонууга чектөө: Боору жана бөйрөгү ооругандарга.
Терс таасирлери: Ич өтүү, денени кычыштыруу, майда бүдүрлөр чыгуу. Кээде жүрөк айлануу, кусуу, уйкусуроо, алсыздануу, баш оору.
Колдонууга көрсөтмө: Дем алуу органдары (пневмония, өпкө абсцесси, бронхит, тонзиллит, синусит, орто отит), жыныс жана табарсык органдары (пиелонефрит, пиелит, цистит, уретрит, простатит, эндометрит), тери, муун, ичеги-карын (импетиго, дерматит) инфекциялары.
Холецистит, холангит, бактериалдык септицемия, менингит, перитонит.

«КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА САТЫКТАН АЛЫНБАЙТ»
Бактамеддин айланасындагы ызы-чуудан улам атайын комиссия түзүлүп, текшерип чыгышкан. Жыйынтыгы кандай болду жана башка суроолорго Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги медициналык жардам көрсөтүү сапаты жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Талант Арстанкуловдон жооп алдык.
– Бактамед дарысынын тегерегиндеги ызы-чуудан улам комиссия түзүлдү эле, жыйынтыгы кандай болду?
– Комиссиянын курамында жогорку деӊгээлдеги мыкты, тажрыйбалуу он чакты адис иштешти. Алар колдонулбасын деген жыйынтыкка келишкен жок. Эмнеге? Биринчиден, ушундай диагноз менен ооругандардын арасында аталган дарыны эмес, башка дарыны алгандар да бар экен. Экинчиден, бардык эле учурда билими бар адистер укол сайышпаганы аныкталган.
– Жаш балдардын ден соолугуна караганда дарыны ташып келген компаниянын акчасы артыкпы? Сурайын дегеним аталган дарынын тегерегинде коррупция барбы, ушунча талкууга алынып жатса да эмнеге эмдигиче сатыкта?
– Түзүлгөн комиссиянын алдына коррупция жөнүндө эч кандай суроо коюлган эмес, нейропатия болгон балдардын ден соолугуна бактамеддин тиешеси барбы-жокпу, ошол маселе гана каралды. Эгер коррупция жагын карай турган болсок, курамга медиктерден сырткары башка тармактын адамдарын да кошуш керек эле.
– Комиссия дарынын курамын, адамдын организмине таасирин текшерип чыгыштыбы же даяр, мурунку медициналык документтердин негизинде эле караштыбы?
– Качан, кимге, канча жаштагы балага канча доза сайылгандыгы тууралуу бардык документтерди карап чыктык. Дарынын курамындагы заттарды текшерүү боюнча бизге тапшырма берилген эмес. Бир гана нерсени айта алам, ар бир дары каттоо болордун алдында департамент тарабынан текшерилет.
– Канчалаган компаниялар чет өлкөдөн дары ташышат, ошонун баары дарыларды акча бербей, таза каттоодон өткөрөт деп айта аласызбы?
– Колумда факт болбогондон кийин «ооба акча берип каттоодон өткөндөр бар» деп айта албайм, ошол эле учурда жок деп айтуудан да алысмын. Дары биринчи жолу каттоодон өтүп жатса курамындагы заттарды, документтерди текшерип чыгышат. Эгер ага чейин ошондой эле курамдагы дары Кыргызстанда каттоодон өткөн болсо, биринчи дарыдай көп документтер чогултулуп, тыкыр изилденбейт. Мисалы бактамедге чейин бизде уназин деген дары каттоодон өткөн.
– Эмнеге врачтар бактамедди ооругандарга көп жазып жатышат?
– Жакшы суроо, бизде этикага жатпаган бир көрүнүш бар. Ооруканаларга, бейтапканаларга фирмалардын атайын өкүлдөрү барып дарыларын сунушташат. «Мынча дары өткөрсөӊөр баланча пайызы силердики» дегендей келишим менен барышат. Ошондуктан бактамед сайылчу учурда да, сайылбачу учурда да колдонулуп калган.

«ИСПАНИЯ АЛ ДАРЫНЫ ЭЧ КАЧАН ЧЫГАРГАН ЭМЕС»
Жогорку Кеӊештин депутаты Ширин Айтматова бактамеддин айынан айрым балдар таптакыр баспай калуу коркунучунда турат дейт:
– Бактамеддин балдарга тийгизип жаткан терс таасирин текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия үстүртөн чечим чыгарышты. Алар укол сайгандар туура эмес жасашкан деген бүтүмдү карманышкан. Укол жасагандардын баары менен сүйлөшүшкөн жок, айрымдары бир нече жылдык тажрыйбасы бар адамдар. Балдары жабыркаган ата-энелерде калган дарыларды чогултуп, бир жума мурун Женевадагы бүткүл дүйнөлүк лабораторияга жөнөттүм, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ал эми Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлигине «Бактамед деген дары чыгарылабы, колдонулабы?» деп официалдуу түрдө кат жөнөткөм. Испаниядагы дары-дармек жана медициналык продукция менен камсыздоо агенттигинин аткаруучу директору Белен Креспо Санчес Эзнарриага LDP Laboratorios Torlan, S.A. заводу бактамед эч качан чыгарган эмес деди. Бул дарыны ким, кайсы жерде чыгарганы белгисиз. Айрым дарыларда чыгарылган жери Испания деп, айрымдарында Англия деп жүрөт. Мисалы, Молдовада дарылардын сапатын текшерүү лабораториясы тарабынан бактамед препаратын колдонууга бөгөт коюлду. Препараттын каршы көрсөтмөлөрү болуп, сульбактам кошулмалары жана суюктуктун түстүүлүгү табылган.
Кыргызстанда жыйырмадан ашык бала ушул дарыдан улам жабыркады. Айрымдары таптакыр баспай калуу коркунучунда турат. Элдин ден соолугун ойлогондун ордуна Дары-дармек менен камсыздоо департаменти бул маселени эмнеге көтөрүп чыкты дегендей мени күнөөлөп жатат.

«ДАРЫНЫ ИСПАНИЯ ЧЫГАРЫП, АНГЛИЯГА САТАТ»
Дары-дармектер менен камсыздоо, Медициналык техникалар департаментинин маалымат борборунун жетекчиси Замир Акаевге да кайрылдык.
– Бактамед Кыргызстанда канчанчы жылы, кайсы компания тарабынан каттоодон өткөн?
– LDP Laboratoriоs Torlan (Испания) компаниясы тарабынан чыгарылган бактамед дарысы бизде алгачкы жолу World Medicine фирмасы тарабынан 2008-жылы каттоодон өткөрүлгөн. Каттоо беш жылга жарактуу болгондуктан, 2013-жылы дагы кайра жаӊыртылган. Каттоодон өтүп жатканда дарынын курамындагы заттар, ал гана эмес ар бир сериясы биздин лабораторияда текшерилет. Ызы-чуу болгондон кийин Алматыдагы экспертиза борборуна текшерүүгө жибергенбиз, нормадагы талаптарга жооп берген. Ошол себептен дарыканалардан алып салган жокпуз. Бирок аны ташыган компания каттоодон алуу туурасында арыз менен кайрылышты. Мындан ары сырттан алып келишпейт, бирок мурун алынып келинген дарылар дарыканаларда сатыкта боло берет.
– Жогорку Кеӊештин депутаты Ширин Айтматова «бул дары иштелип чыккан өлкөдө сатылбайт, коррупция өнүккөн, кедей өлкөлөрдө сатылат» деп айтып чыкты. Испанияда эмнеге колдонулбайт деп кызыгып көрдүӊөр беле?
– Каттоодон өткөрүп жаткан компания Испанияда чыгарууга, сатууга, экспорттоого болот деген тастыкталган кагазын алып келген. Ызы-чуудан кийин Испаниядагы Torlan компаниясына өзүбүз да кат жөнөткөнбүз. Алар ампициллин, сульбактам чыгарыларын айтышты. Аны сатып алган англиялык «Медрайк» фирмасы препаратты бактамед деген ат менен сатыкка чыгарары белгилүү болгон. Биз элге кантип сапатсыз дарыны сунуштайлы? Баарыбызда эле бала-бакыра, тууган-урук бар. Алар деле оорушу мүмкүн.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg



"Бактамеддин" айынан балдардын буту баспай калып жатабы?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(30)
07.09.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын эми ушундайларды угуп укол алгандан да коркуп эч ким сайдырбайт. Кимге ишеништи да билбейсин.
07.09.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
"Биз элге кантип сапатсыз дарыны сунуштайлы?"депсинер-сунуштаганынар учун жабыркагандар чекеден чыгып жатышат да!!"Баарыбызда эле бала-бакыра, тууган-урук бар"-депсинер чын эле Алар деле(врачтар жакындарынар же озунор ооруп азабын тарткыла"!!
09.09.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
balzak, озун оруу Макулбу ээ
09.09.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
balzak, Врач менен даарынын эмне тиешеси бар? Врач элди дарылайт даары чыгырбайт.
13.09.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vrach, Врач менен дарынын эмнеге тиешеси жок? Гиппократтын антын берип врач болгондон кийин, озу жазып берип аткан дары дармектеринин кандай натыйжа берип атканына да кызыгып, байкаштырыш керек.
Жогоруда деле жазылыптыр, фарм фирмалардан биздин дарыларды канчалык коп сатсан, ушунча пайызы силердики дегени, акчасына кызыгып жазып аткан шалаакы врачтар да жок эместир, хотя ошол эле жазган дарысынын ордун баса алчу аналогдору толуп жатса да.
10.09.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balzak,бироого кор казсан,теренирээк каз деген бар,бироолордун оорусун тилегиче,озуно ден-соолук тиле...Аллахым кечиримдуу зат,балким сенин журогунду да кара ниеттерден тазартып,жакшылыктын нурун чачаар...
07.09.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай сактасын. мага ушул уколду жазып берген эле. мен алган эмес болчу
07.09.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактасын. Дары укол дегенге тиаптакыр ишенбей калдык го.
07.09.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа. Кош бойлуум кезимде мен да беш кун алгам ушул уколду. Анан баасычы кымбат башка антибиотиктерден.
07.09.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албай койгула да кадимки эле цифозалин , эч ким силерди кыйнап сая албайт, больницадан тем более анткени муну озунор сатып аласынар полюбому анткени ото кымбат дарыны силерге мамлекет бекер бербейт!
07.09.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо дагы ушундай даары дармектерге болгон маалыматтарды кобуроок жазып турсанар жакшы болмок , анткени айыл жерлеринде интернетти баары эле колдоно бербейт ( даарынын инструкциясын окуп билууго мумкунчулук жок ) а силерди элдин кеминде 80% окуйт
08.09.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kutucsha, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот, рахмат.
07.09.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызымда алганле кудай сактасын
07.09.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info superge chooooon rajmat. Uwunday jakwy nerselerdi jazip jatasinar.
07.09.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичтеги куртту тушургонго кайсы дарыларды ичсе болот? Билгендер барбы?
08.09.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки жыл мурун кайын синдим ушул дарыны алгандан кийин башым ооруп атат деп журуп бир куну кулап белгисиз себептен каза болгон кайненем ушул дарыныны алган деп ушул дарыдан эле коро берчу
08.09.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтту абал. Мындай сапатсыз даарылар толтура сатылат аптекада.
08.09.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корупся деген ото терен тамырлап кетиго бизде.
08.09.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы!Азыркы мезгилде эн эле койгойлуу маселелердин бири бул,катуу текшкрууго алыш керек,
09.09.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичтеги куртту тушургонго кайсы дарыларды ичсе болот? Билгендер барбы?

куртту биринчи текшертиш керек курттун турлору ото коп кайсы туру экенин анализ тапшырсаныз анан ошого карап дары сунушталат
Медиа-портал
09.09.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизда балама мурда алганбыз, кудай сактаптыр да !!!
09.09.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда эки жыл мурун укол алгам аябай ачуу экен ыйлап жибергем,брачтар отуп кетет ушундай ачу да бул дары деп койгон анан тууну мн укта ыйлап чыккам,эртеси барсак обезболивающая таблетка ичирип бакалашкага ысык суудан куйуп жамбашыма койуп койгон. Андан кийин албай койгом мага кереги жок деп. Уушу дарыны эстеп калыш керек экен.
SUPER.KG видео
10.09.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу педиатр туура эмес даарылаган,биринчиден антибиотикти таблеткасын бериш керек эле,Бактамедтен баштабай.
10.09.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai sakta sapatsyz daarylardy tygyz teksheruugo alyswa!!! Kaidaaaan akcha berip koiso seniki tuura bolup kete beretda
10.09.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кязым 8жашта ооруп калып ,врачка барсак Бактамед жазган 5кунго,бутум ооруп жатат деп ыйлап 3кун алып албай койгонбуз,кудай сактасын.
11.09.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен укол алып 1 жыл тарабай журуп жакында тарады. Кыямат кайындын белгилери билинип,кобоюп келетатго...
11.09.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта, эч ким эч качан оорубаса экен!!!
11.09.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга ыйман берсин кудай
13.09.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча десе эненерди дагы сатканга бара турган болдунарго кыргыздар
15.09.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызым стоматит болуп инфекционныйдан ушул даарыны жазды проба койдуруп чыгып интернеттен окуп калып уколду алдырбай чыгып келе бердим кандай антибиотик жакшы стоматитке айтып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: