
Ушул жумада интернетте дагы бир жаңылык орун алды. Буга жаш ырчы
Аянанын инстаграмдагы жеке баракчасына
Амаль аттуу жигит менен кыналыша түшкөн бир нече сүрөтүн жүктөгөнү себеп. Ырчынын жанындагы жигит
Мирбек Атабековдун «Суранамын, кечир мени» аттуу ырынын клибинде баш каармандын ролун жараткан. Экөөнүн сүрөтүн көргөн ырчынын күйөрмандары эки жаатка бөлүнүп, бири
«Аяна, Амаль сени колдонуп жатат» десе, айрымдары
"Эч кимди укпагыла, силер жарашыктуу түгөй болупсуңар" деген билдирүүлөрдү калтырышууда. Кызуу талкууга алынган бул кабар тууралуу ырчы кызга байланышсак:
«Бул менин жеке жашоом» деген кыска жооп узатты. Эмнеси болсо да жаштарга тунук махабат каалайбыз.
Амаль байкесиндей эле болсо керек, бул жигитти далай кыздар айланчыктап журот го, менимче Аяна баео сезимге алдырбай, андан алыс эле жургону он.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Сиздин катталганыңызга 92 гана күн болду. Ал эми КОНОК тайпасындагылар "Саясат" рубрикасына билдирүү жаза алышпайт.