ПАРТИЯЛАРДЫН БИРИ ШАЙЛООГО 64 МИЛЛИОН КОРОТСО, БИРИНИН 200 СОМУ ГАНА КАЛДЫ
№670 4-сентябрь-10-сентябрь, 2015-ж
Байкоочулардын айтымында, 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында буга чейинки өткөн шайлоолордон партиялардын короткон каражаттары боюнча эӊ кымбаты болот.
Каражат коротуу боюнча алдыда Бакыт Төрөбаев баштаган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы баратат. Шайлоо фонду көп сумманы түзгөн партиялардын катарында кийинки болуп «Республика-Ата Журт» турат. Партиянын каражаттын көбүн сактап отурушканына караганда негизги чыгымдарды шайлоого жакын же шайлоо күнү жасайт. Өмүрбек Чиркешовичтин «Ата Мекени» да шайлоого көп каражат короткондордун катарында.
Партиялардын арасында эӊ эле жарды болуп турганы азыр Карганбек Самаковдун «Биримдик» партиясын кошуп алган Шамшыбек Медетбековдун «Кыргызстан элдер конгресси». 1-сентябрга карата партиялардын канча коротуп, канча каражаты калганын төмөндөгү таблицадан көрө аласыз.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Ташиевдин кылган ишин Ош окуясында байкагам.
Жашоо озгоргон. Унут Бакиевди.
акча берем десе ала бер, шайлоого келгенде терен ойлонуп добуш бер. Коррупция менен баштаган партия элге иштеп берет беле. Бергенин алып жей бер.