Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого катышпай турган болду. БШК шайлоо эрежелерине таянуу менен жогорудагыдай чечим чыгаруу аркылуу сыртынан соттолгон экс-мэрди «Ата Мекен» партиясынан талапкер катары каттоодон баш тартты.
Буга чейин коомчулукта Мырзакматовдун шайлоого барар-барбасы талкуу жаратып жаткан. «Ата Мекендин» ана башчысы Өмүрбек Текебаев «Мырзакматов тизмеден чыкпайт» деп билдирип келген эле. БШКнын жогорудагыдай чечиминен соӊ партия «Мырзакматовду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алып, БШК мыйзамдуу укуктарынан аша чапты» деп билдирүү таратты.Эске салсак, Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга кескен, кийинчерээк облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
келечегин ким ойлоп ,ким ойлобой
байлык,бийлик учун иштеп
атканын коруп эле турушат.Эртен
шайлоодо ким акчаны кобуроок
чачып,кичине сыйлап койсо ошону шайлап койушат.Анан журобуз"
аай жеп койду,иштебей койду",
деп.Тушунгудой эле болдук
окшойт,кимди шайлашыбызды.Же
дагы деле тушуно
элекбизби.Кыргыздар качанга чейин чет жактарда тентип
иштейбиз,бул баары
убактынча.Коруп эле
турбайбызбы,Россия да бизди
кыйнай баштады,документ
кымбат,кундо депорт.Озубуздун келечегизбизди ойлоп,аз акчага
алданбай ,кыргыздын келечегин
ойлогон адамдарды шайлашыбыз
керек,Мелис Мырзакматовго
окшогондорду коросуздор жакында баары кымбаттайт!.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.