БИР БҮРКҮМ
№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж
-


Ырчы
Айпери Кулбаева Майрамбек Осмоновдун «Куда күтүү» аттуу ырын жаӊылап ырдап чыкты.
-
Акбар Сүйүнбаев зордук-зомбулукка каршы чакырык жасаган, тарбиялык мааниси тереӊ «Ак тилек» аттуу ыр жаздырды.
-
Ширин Сарыгулова «Урпагыбыз Манастын» аттуу ырына клип тарттырып бүттү.
-
Режиссёр Темир Бирназаров Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгына арналган даректүү фильм тартты.
-
Кыргызстандык режиссёр Дальмира Тилепбергенованын «Асман алдында» аттуу тасмасы 27-августтан 7-сентябрь аралыгында Монреалда өткөн «Дүйнө тасмаларынын фестивалы» (World Film Festival) кинофестивалынын лауреаты болду.
-
Актёр Назым Мендебаиров «Мунабия», «Жамгырдан кийин» аттуу тасмаларда роль жаратып жатат.
-
Ырчы Съездбек Искеналиев эми продюсер Арсен Мендебаевдин канаты астында иш алпарат. Чыгармачылыгынын мындан ары өсүшү үчүн ырчы продюсерге чогуу иштешүү сунушун киргизгендигин айтты.
-

Ырчылар
Динара Акулова менен
Нурлан Насип 10-сентябрда туулган күндөрүн чогуу белгилешти.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0