
Борбор калаабызда 4-6-сентябрь күндөрү болуп өткөн 3-эл аралык «Дүйнө элдеринин эпостору» аталышындагы фестивалдын алкагында манас, дастан айтуучулар арасында сынак болуп өттү. Сынакта 15 өлкөдөн 45 катышуучу өз таланттарын тартуулашты. Мекендештерибиз дастан айтуу боюнча баш байгени башкаларга алдырган жок. Дастанчы
Өмүрзак Кайыпов 1-орунга татып 40 миң сом, ал эми
Мээрим Карыпова менен
Улукбек Токтоболот уулу 2-орунду ээлешип 25 миң сом, 3-орунду
Турдукан Сарбанова менен
Улукбек Кулжачаровдор алышып 15 миң сомдук акчалай сыйлык менен сыйланышты. Сынакта манас айтуу боюнча 1-орунга
Дөөлөт Сыдыков менен
Улан Исмаилов татып 40 миң сом,
Камил Мамадалиев, Нурбек Талантбековдор 2-орунга арзышып 30 миң сомдон байге алды. Ал эми 3-орунду
Азиз Биймырза уулу жана
Тилек Асан уулу алып 20 миң сомдук кош байгени бөктөрүп кетишти. Ал эми чет өлкөлөрдөн келген катышуучулар байгелүү орундарга илешпей калышты.
star@super.kg
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.