КУБАНЫЧ САТАЕВ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШ КУРУП АЛГАНБЫ?
№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж

8-сентябрь күнү Бишкек шаардык мэриянын расмий сайтында эстрада ырчысы
Кубаныч Сатаев өз алдынча жер тилкесин кеӊейтип алгандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Маалыматта ырчы жашаган үй жана анын кошуналарынын короолору мыйзамсыз тургузулгандыгына байланыштуу эскертүү алышкандыгы тууралуу жазылат. Кубаныч мырза чын эле мыйзамсыз жер тилкесин кеңейтип алдыбы деп ырчыга кайрылганыбызда, ал:
«Бул үйдү 5 жыл мурун сатып алганбыз. Короо жай ошол учурдан бери өзгөрүлө элек. Мэриянын кызматкерлери бул жерден жол өтөт деп айтышкан соӊ короолорубузду өзүбүз буздурдук. Ал эми жаӊылыктардагы өз алдынча кеңейтип алды деген маалымат ката кетиптир, аны мэриянын басма сөз кызматы менен такташып алдык»,- деп билдирди.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0