Мыкты долбоорлорду ишке ашырып, мегажылдыздарды таптаган продюсер Канат Култаев кимге издөө салат деп ойлонуп калдыӊызбы? Биз да кызыгып сурап көрсөк, көрсө жигиттерге издөө салат экен. Продюсер жигиттерден түзүлгөн топ ачуу максатында таланттуу, келишимдүү мырзаларга кастинг жарыялаптыр. Жаӊы ача турган бой-бэнд тууралуу: «Жигиттерден түзүлгөн топ ачуу менин эзелки кыялдарымдын бири. Буюрса, 21-сентябрда кастинг болот. Ошолордун арасынан 5 жигитти тандап «Мурас» деген жаӊы топ ачканы турабыз»,- деп билдирди продюсер.
star@super.kg