«ЭЭНСИРЕГЕН ҮЙДҮН» АКТЁРЛОРУ КМШны БАГЫНДЫРАБЫ?
№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж

Жакынкы күндөрдө кыргыз-орус киножаратуучулары биргелешип «Простить нельзя расстаться» аттуу телесериалды тартууга киришишти. Бул долбоор Орусиянын Биринчи каналынын демилгеси менен ишке ашырылууда. Учурда сериалдын айрым бөлүктөрү Ош облусунун Алай районунда тартылып жатат. «Ээнсиреген үй» тасмасында баш каармандардын ролун жаратышкан
Асан Аманов менен
Атай Өмүрбеков да бул сериалда роль аткарышууда. Бул тууралуу Асан Аманов:
«Мени кантип таап алышканын билбейм. Тоодо мал кайтарып жүрсөм эле «кел, киного тартабыз» деп чалышты, келип тартылып жатам. Тасмада баӊгизатынан көз каранды болгон адамдын ролун ойнойм. Буюрса, фильм 2016-жылы Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлөт экен»,- деп билдирди.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
6
Биздин актерлерго ийгилик каалайм.Жалпы журттун башын бийик котортуп кубанып коро турган бололу.