
Тырмакты боёп алып кир жууйбуз, идиш жууйбуз, анан дароо эле өчөт. Ошондуктан «Мария» сулуулук салонунун тырмак боюнча мастери Айнура Айтмамбетова шеллак коюуну сунуштайт. Шеллак жасатып алсаӊыз, бир айга чейин тырмагыӊыздын боёгу өчпөйт. Бул ыкманы үй шартында да жасасаӊыз болот.
- Тырмактын четиндеги эттерине (кутикула) тырмак үчүн атайын суюктук (ремувер) сүйкөӊүз. Жумшарганда ашыкча эттерди кесип, пушер менен ары түртүп тегиздеӊиз.

- Өгөө (пилочка) менен тырмакты формага келтирип, анан үстүнкү катмарын бир сыйра өгөөлөӊүз.

- Лактын алдына коюлуучу негиз (база) сүйкөӊүз.

- Жактырган түстөгү лак менен боёӊуз, эгер кааласаӊыз дизайн түшүрүӊүз (дизайнды өзүӊүз тартсаӊыз же даярын чаптасаӊыз болот).

- Лампага кургатылат, 2 мүнөт какталууга тийиш.

- Түссүз гель-лак (уф топ-кат) менен боёп, лампага дагы кактаӊыз. Ар бир катмар өтө жука сүртүлүшү кажет. Калыӊ болуп калса, агып кетип дизайн бузулат. Гель-лактын милдети – сүртүлгөн катмарлардын катарын бузбай кармап туруу.

- Спиртке малынган кебез менен тырмактын үстүнкү катмарын алып салыӊыз.

ШЕЛЛАКТЫ АЛУУ
Тырмакты атайын гель-лакты кетирүүчү суюктукка малынган кебез жана фольга менен тегерете ороп, 15 мүнөт коюп коюу керек. Шеллак жумшарып калганда тырмакты жабыркатпай, пушер менен акырын алып салыӊыз.

Шеллак (гель-лак) терминин укканыбызга аз гана убакыт болгону менен, аны ойлоп тапкан америкалык Creative Nail Design аттуу компания 1979-жылдан бери иштеп келет. Негиздөөчүсү Стюарт Нордстромдун кесиби стоматолог болгон. Бул компаниянын кызматынан Мадонна, Женнифер Лопес, Кейт Мосс, Женнифер Энистон өӊдүү дүйнөлүк атактуулар колдонуп келишет. Дайыма жаӊыланууда, өнүгүүдө болууну жактырган компания 2010-жылы гель менен лактын ортосундагы гибридди, тагыраагы, шеллакты ойлоп табышкан.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
Сүйүктүү күйөөңөргө, балдарыңарга, ата энеңерге таза, адал тамак жасап бергиле. Гусул жок жасалган тамак арам болуп калат.