
Белгилүү ырчы, обончу
Асанкалый Керимбаевдин уулу, «Большие люди» теледолбоорунун актёру
Канатбек Керимбаев жана анын бир тууганы
Саматбектин МАИ кызматкерлерине баш бербей, сөгүнүп жаткан видеосу интернетке тарап, учурда талкууга алынууда. Аларды милиция кызматкерлери эмне үчүн кармаганы тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди.
– 26-сентябрь күнү таӊкы саат беште 2 адам Бишкек шаарынын Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде турган жол-кайгуул кызматкерлерине барып орой мамиле жасап, бирөөсү инспектордун погонун жулуп алган. Алар кармалып, Бишкек шаарынын тургундары Канатбек жана Саматбек Керимбаевдер экендиги аныкталды. Экөөнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Биринчи Май райондук соту аларды үй камагына чыгарды.
Канатбек Керимбаев болсо
«МАИ кызматкерлеринин погонун жулган эмеспиз» дейт:
– Биз аларга
«силер жөө жүргүнчүлөрдү карабайсыӊар! Биз эреже буздук, эмнеге унчуккан жоксуӊар? Силер бул жерде акча алуу үчүн эле турасыӊар!» деген күнөө койдук. Алар бизди наркологиялык борборго алып келишти. Ооба, биз мас абалда болчубуз. Ошондуктан өзүмдү туура эмес алып жүргөнүм үчүн элден кечирим сурайм.

star@super.kg
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жиберип койдук. Рахмат!
Эми мудурулбогон туяк жок дейт,бул жигиттер туура эмес иш жасашыптыр,эми бротоло эле буларды бракка чыгаруу да туура эмес.Бардык адам адашат.